Бакыт Бакетаев, саясат таануучу:
"Коррупцияга болгон күрөштү "Камасутрага" айлантып алышты"
- Бакыт мырза, саясат таануучу катары Кыргызстан бажы биримдигине кирсе эмнеден утат, эмнеден утулат деп өз алдынча иликтөө жүргүзүп көрсөңүз керек. Мына ушул маселени коомчулукка жалпак тил менен айтып берсеңиз?
- Жакшы болот. Мен мисалдатып кыска айтайын. Биринчи геосаясатты алалы. Биздин мамлекет деңиз жээгинде жайгашкан эмес. Бир нече мамлекеттердин ортосунда турган чакан республикабыз. Башка өлкөлөргө, айрыкча Европага Казакстан, Россия аркылуу чыгабыз. Мына ушул маселени ачык чечип алуу үчүн бажы биримдигине кирүүгө мажбурбуз. Башка жол жок. Эгер кирбей койсок, коңшу жана Европа мамлекеттерине өз продукцияларыбызды экспортто маселеси өтө кыйын болуп, кымбатка туруп калат. Биз негизинен ар кандай товарларды алып сатар мамлекетпиз. Өзүбүз дээрлик өндүрбөйбүз. Бирок бажы биримдигине киргенден соң, башка мамлекеттерден ташып келип жаткан товарлардын баасы кымбат болуп калат. Себеби бажы төлөмү көтөрүлөт. Мисалы, азыр кытайдын жасалма алмасы арзан. Бажы биримдиги ишке киришкенде ал биздин алмадан кымбат болуп калат. Ушул маселеден улам бизде кайра иштетүү маселеси жанданып, чоң ишкерлерибиз Бабанов, Абдыкеримов, Салымбековго окшогон бизнесмендерибиз өздөрүнө пайда алып келе турган ар кандай ишканаларды куруп башташат. Айрымдары азыр эле куруп баштады го. Майда ишкерлер да ошол багытка умтулушат. Ошентип бара-бара классикалык мамлекетке айланабыз. Болбосо азыр биз чоң Дордойстан мамлекети болуп калбадыкпы. Ошон үчүн Кулов: "Кыргыз эл республикасы" дебей эле, Дордойстан мамлекети болсун деп сунуш кылса жарашып калмак. Кыскасы, бажы биримдигине киргенден кийин көп нерсе өзөгөрөт. Кыйынчылыктар болору турган иш. Бир сөз менен айтканда, бажы биримдиги биз үчүн мончодогу жакшы "парилкадай" эле болот. "Парилкага" баары эле чыдабайт, бирине жагат, бирине жакпайт дегендей. Анан муздак сууга секирсең кандай сергип каласың. Демек, бул бажы биримдиги бизге экономикалык, жакшы саясий "парилка" деп койсок туура болчудай. Мончого барбай, "парилкага" кирбей жүрө берсек эмне болуп кетебиз, аны окурмандар менден жакшы билет болуш керек. Жыйынтыгында жогоруда келтирген мисалдар баары биригип келип бизге чоң сабак болот. Ушундай тепкичтерди татыктуу басып өтсөк, буюрса 10 жылдын тегерегинде өнөр жайыбыз бутка туруп, оңоло баштайбыз Биз орустарга кошулуп жатканыбыздан улам бажы биримдигин "Орус мончосу" деп койсок жарашат. Негизи эле биз Орусия менен бир болушубуз керек. Анткени, стратегиялык өнөктөш мамлекет катары биз буга чейин көп нерсени уттук, ортодо айрым уттурууларыбьз да болду. Келечекте дагы утабыз..
- 10 жылда оңолобуз, өнүгөбүз деген кепилдик барбы? Мамлекет бул боюнча толук жоопкерчиликти алабы?
- Кепилдик бар. Анкени, биздин жашоо-турмушубуз акырындык менен ошол багытка бет алып баратат. Мамлекет болсо, бул маселеде өзүнө тиешелүү иштерди өз убагында талапка ылайык аткарууга тийиш.
- Бажы биримдигине кирип кетсек, Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан улам, ага чоң айып төлөп калабыз деген кептер да айтылып келет…
- Бул маселенин өз эрежелери бар. Акырындан Орусияга жана башка мамлекеттерге ар кандай санкцияларды берип баштады. Бизге да кандайдыр бир санкцияларды бериши мүкүн. Биз бажы биримдигине киргенден кийин да ДСУдан чыкпайбыз. Бирок эрежелерди бузабыз, ошондуктан ДСУ бизге кандайдыр бир чараларды колдонот. Ошондой болсо да Дүйнөлүк сода уюму өтө абройлуу уюм гумандуу, ар кандай саясаттан бийик турат. Бул маселе боюнча өкмөт жана элчилерибиз иштеши керек. Кээ бир элчилерибиз иштебей эле саякаттаганы баргансышып, чандайып чай, коньяк ичип жыргап жүрүшөт. Мен аларды билем да. Бир нерсе айтып кетейинчи. Өкмөт бажы биримдигине киргенден кийин бардык маселе боюнча эшектей гана иштеши зарыл. Бирок эшек такалабаш керек.
- Кышка даярдык маселесине кандай баа бересиз? Артыкбаев акыры кызматтан алынды…
- Дароо эле 2 деген бааны берет элем. Артыкбаев кызматтан кеткиче командасы менен элди аралап түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жүрдү. Анын жакшы жана терс жактары бар. Менин байкашымча, бир каржылык топ 20 жылдан кийин Кыргызстандын энергетика системасын "Кыргызгазга" окшоп банкрот кылып, акыры 1 долларга сатып алганга даярдап, ошол багытта саясат жүргүзүп жүрөт. Көптөгөн мамлекеттерде энергетика сектору менчик экени белгилүү. Алар энергетика тарифин өздөрү каалгандай коюшат. Эмне дейсиң, эч нерсе дей албайсың? Мисалы, Пифагордун формуласы баарына болбосо да, көпчүлүккө малым. Бирок аны өзгөртүүгө мүмкүн эмес. Кандай болбосун, канча аракет кылышпасын ал баары бир баштапкы формасында кала берет.
- Үч фазаларды кыркуу, баа көтөрүү саясаты боюнча кандай пикирдесиз?
- Биринчиден мен баа көтөрүүгө каршы эмесмин. Бирок 70 тыйындык бааны революциянын символу катары калтырыш керек. Ал эми үч фазага бааны көтөрсүн, бирок азыркыдай кылып кыркып салбасын. Себеби, азыр канча деген фазалар кыркылды. Натыйжада, бюджетке миллиондогон сомдор түшпөй калды. Муну ойлогон киши жок. Үнөмдөйбүз деп ойлошкону менен олчойгон каражаттардан кур калып жатышпайбы. Карапайым адамдар электр энергияны ашып кетсе 500дөн 1000 киловатка чейин жагат. Болду, ушул жетет. Байлар болсо каалаганча жагышсын, бирок өз убагында ошончо акча төлөшсүн.
Бир мисал айтайын. Теодор Рузвельт АКшда кыйынчылык болуп согуш жүрүп жаткан кезде "прогрессивный" салыкты киргизген. Ошондо калктын 1 пайызын түзүшкөн миллиардерлер бүтүндөй бир мамлекеттин 30 пайыз салыгын төлөшкөн. Натыйжада мамлекет кыйынчылыктан чыгып, өнүгүүгө бет алган. Мына ушундай ишти биз да жасашыбыз керек. Текебаевдин партиясы социалистик эмеспи. Демек Өмүрбек мырза ошондой сунуш киргизиши керек. Байларды кыдырып көрүшсүн. Бир айга 10 миң сом төлөш керекпи, ал акчаны кыйналбай эле төлөшөт.
- Бирок биздин байлардын көбү сараңбайлар эмеспи. Салык төлөмөк тургай жашырып, качып, электр энергияны уурдап жатышпайбы…
- Ал үчүн катуу көзөмөл керек. Атайы мыйзам кабыл алып, салык төлөбөгөндөрдүн үй-мүлкүн конфискация кылып коюшсун, анан көрөлү салыктан качканын…
- Өкмөттөгү кадрдык туруксуз алмашуулар боюнча эмне айтасыз?
- Бул маселе боюнча эмне болуп жатканын көрүп жатпайбызбы. Негизи, министр, премьер-министр, мейли президент болом деген адамдардын баары тең бир-эки жыл мурун коомчулукка талапкер болуп даярданып жатканын, ал кызматтарга барып калса иш боюнча аткара турган өз программасын ачык айтыш керек. Коомчулуктун пикирин, сынын угушу абзел. Элдин сынынан өтүп, купулуна толгондон кийин талапкер болуп тартынбай чыга бер. Ошондо программасына сунуштар түшүп алымча-кошумча болот. Тилекке каршы, бизде андай көрүнүш жок. Мына Москвадагы доктор Апас деген 20 жылдан бери президент болом деп айтып келатат. Бирок аны эл колдобой жатат. Ошон үчүн кандай чоң кызматка баратсаң да элдин алдынан, сынан өтүшүң керек. Жогорку жакта кандай болуп жатат? Кадардык маселелердин баары көшөгө артында чечилип, айрым убакта кайсы министр качан кызматтан кеткенин, анын ордуна ким келгенин билбей калып жатпайбызбы. Бул таптакыр тура эмес көрүнүш.
- Соңку суроо болсун. Коррупцияга каршы жүрүп жаткан күрөш алдыга жылбай эле тургансыйт…
- Коррупцияга каршы иш жүргүзгөндөрдүн көбү кымбат баалуу "ЖИП" машиналарын минип, хан сарайларда жашагандар болуп жатат. Алар кантип күрөшөт. Себеби өздөрү таза эмес, эчак булганып калган болсо. Канча айтпайлы, "карга карганын көзүн чокубайт" да. Жакшылап байкаган адамга коррупцияга каршы күрөштү булар кадимки "Камасутрага" айлантып алышты. Ал эмне экенин ачык айтпай эле коелу, себеби, баары билет да. Демек, "Камасутрага" салыштырганыбыз мындай, эки жаш үчүн эмне болсо да ар дайым, күн-түн тынбай бир гана рахатка батуу, кумарлануу керек. Кумарлануунун да жыйынтыгы болуш керек да. Мисалы бала төрөтүп, артыңда тукум калтыруу дегендей... Коррупцияга болгон күрөш мына ушундай жыйынтыгы жок, "Камасутра" болуп калды. Чынын айтканда саясатыбыз деле ушундай болуп жаткансыйт. Анткени эл күткөн жыйынтык аз болуп жатпайбы.
Бирок ошондой болсо да былтыр бийлик мээнин "оң" жагы менен жакшы иштеп коюшту. Түлеев, Келдибековго окшогон "киттерге" коркпой-үркпөй эле кол салышпадыбы.
- Бирок анын баары бошоп кетти го…
- Бошосо да, кандайдыр бир жамандыр-жакшыдыр жыйынтык бергенсиди. Бир топ аткаминерлер чочуп сактанып калышпадыбы, абайлап иштеп. Себеби кылмыш жасадыңбы баары бир камаласың. Мейли он жыл, жыйырма жыл өтсүн. Мына ушул мыйзамга көзөмөлдү катуулатуу зарыл.
Маектешкен Айбек Шамшыкеев