presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Тоңбой калсак жыргайбыз

Түшмөк эле түштү, кетмек эле кетти. Кимди айтмак элек, Энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди айтып жатабыз. Биз Осмонбек мырзанын керт башына айта турган жаман кебибиз жок, ал дагы мен деген жигиттердин бири, сыпаа жүргөн, кичи пейил мүнөзү бар. Бирок, анын Энергетика министри болуп тургандагы иши курсакты тойгузган жок, курсакты тойгузганды кой, кышында суукка тоңдуруп таштачы абалга алып келип туруп баса берди. Бул анын жаман кылыгы деп билели. Жаман адам болбойт, жаман кылык болот дегенге дагы да ишенип турбуз…Эгерде Алмазбек Атамбаев Осмонбек тарапка катуу кебин айтпаганда иштей бермек болчу го?!

Ошентип, министр кетти. Ал кетери менен жакшылык туш-туштан каптап кирет деген үмүтүбүз алоолонуп турат да. Ал үмүт гана, быйылкы кышта бир топ кыйынчылыктарды тартарыбыз эмитеден эле көрүнүп жатат, жон терибиз менен сезип жатабыз. Ал абалга жетпеш үчүн министрдик эмне кылыш керек эле? Жеке мен эмне кылыш керек дегенге так жооп бере албайм, анткени, мен энергетик эмесмин. Бирок, жалпысынан иштин ишпалдасы чыгып жатканынын себебин билем, ал-коррупциялык схемалардан кутула албай турганыбыз, анын менен бирге министрдиктин башында тургандардын жөнсүз аракеттери, накта профессионал эмес болуп жаткандыгы. Башкасын кой, даяр турган акчага көмүр сатып алалбаган немелер эмнени кыйратмак?! Мына, Бишкектеги жылуулук станциясында саналуу күнгө жетчү эле көмүр калды дейт. Аны сатып алууга эмдигиче тендер өтө элек. Ооба, быйыл кургакчылык болду, анын айынан Токтогул суу сактагычында суу кем болуп жатат. Мына ошону көрө билип, жайында сууну өзбек, казак тарапка агызганды азайтып алдын алып турганда бүгүнкүдөй коркунучтуу абал болмок эмес.

Мээси бар адам кышкыга жайында кам көрөт, өкмөт тарапта отурган адамдарды мээси бар деп эсептесек, анда эмне үчүн бүгүнкү күнгө чейин көмүрдү кайдан алабыз деген маселе турат?! Ии, өкмөт тарап ошондой…

Бажы биримдигинен кача албаспыз

Ушул азыр бажы биримдигине киребиз деп турган убагыбыз. Эми ал биримдиктен эч жакка кача албай калдык окшойт. Ага киргенден кийин товардын баары кымбаттайт, анын аркасында жашообуз ого бетер начарлайт дегендер дагы көп. Аларды туура эмес деп таккесе айтканга болбойт. Анткени, бажы союзуна киргенден кийин сөзсүз түрдө кымбатчылык кошо келет. Бирок, ал убактылуу көрүнүш деп билишибиз керек. Анан телчигүү процессин басып өтүп Бажы биримдигиндеги мамлекеттер менен теңата абалга келгенде абалыбыз кескин жакшырат. Казактар "ал эле, бул эле" деп кычаштык кылбай калат. Далайдан бери жүздөгөн цистерна күйүүчү майды өткөрбөй жаткан казактарың, Бажы биримдигине кошулгандан кийин "кың-мың" дебей калат. Жакшыбы, жакшы.

Биз- Кыргызстан төбөбүз Айга жетсе да Россияга көз каранды болгонубуз калбайт. Анткени, күйүүчү майды да, келечегинде газды да, жыгач-ташты да жана башка ондогон заттарды, нерселерди Россиядан алып турабыз. Аны менен бирге аскердик куралдар жагынан камсыз кылчу бирден бир мамлекет да Россия. Бизге окшогон өнүгүп бараткан мамлекет эч кандай жаратылыш байлыгы жок же аз Сингапур, Малайзия, Швецария, Люксембург, Израиль, Дания сыяктуу мамлекетер сыяктуу көз карандысыз жашай албайбыз. Алар деле жашоонун өздөрү түзгөн формуласын асмандан алган эмес. Турмуш практикасындагы көрүнүштөрдүн жакшыларын тандап жүрүп олтуруп мына бүгүнкү мыкты турмушка жетишкен да. Айталы, Швейцариядагы банктар менен туризм тармагы мыкты иштеп бүтүндөй элин багып жатат. Биз деле ошондой деңгээлге жетип, а турсун озуп кетип жашаганга мүмкүнчүлүгүбүз бар. Бирок, антүүгө бир тоскоолдук-элибиздин дилине терең сиңип калган "…чылыктар" менен эл аралык маанидеги коркунуч-коррупция дегендер бура бастырбай салган. Жакынкы жылдарда азыркы пейилибиз менен жогорудагы мамлекеттердин жанына жакын бара албаспыз!

Кызмат бөлүштүргөндү таштабайбызбы, ыя?!

Башкаруу системабыз эталон деңгээлине жетет деп парламенттик башкарууну тандап алып, аны кай жеринен кармарды билбей, кай тетигин бурарды билбей күлала болуп жаткандагыбыз. Парламентке го кимдер чогулганын, кимдер көпчүлүктү түзгөндүгүн элибиз айныгыс билип алды. Ал тарапка дурус баа берилбес болгону турмуштун казанында, парламенттин казанында кайнап бүттү! Мына ошолор өкмөт курамын түзүп жатпайбы. Анан жарашып жатып калыбатпайбы! Кызматты бөлүшүп алган фракциялар, анын ичинде жеке депутаттар өз адамын издейт экен, өзүнө пайда түшүрчүсүн издейт экен. "Бул ошол ишке жарап берер беле, бизди уят кылбайбы, талапка жооп бере иштеп кетеби?" - сыяктуу суроолор ойго да келбей, жанагы айткандай пайдасына гана карап кызматка коюу баарын талкалап жатпайбы. Мейли, кызматтарды бөлүшүп алсын, бирок ошол кызматтын башында турган адам татыктуу болсун да. Андайлар жокпу? Толтура. Тек гана андай профессионалдардын колдоочулары жок.

Баратбай Аракеев









??.??