presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Токсондогу токтогулдук карыянын кайрылуусу
Урматтуу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, кылымдарды карыткан кыргыз калкым!
Улутубуздун "убагында айтылбаса сөз өлөт" деген улуу кеби бар эмеспи. Албетте, учурда улуу атабыз Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси зор салтанат менен белгиленгени турат. Ушул жыл "ТЮРКСОЙ" уюму тарабынан "Токтогул Сатылгановдун жылы" деп жарыялангандан бери анын алкагында адам кубантарлык абдан көп иштер жасалды, ал үчүн өкмөтүбүзгө алкыш гана айтышыбыз керек. Учурдан пайдаланып, ушул жылы өткөрүлгөн иш-чараларга салым кошкон бардык мекендештериме ырахмат айтып, ыраазычылыгымды билдирем. Кебимди кестире чапсам же ток этер жерин айтсам, менин неберем, азыркы күндө абакта акыйкаттык күтүп жаткан кыргыз элинин мыкты жигиттеринин бири Нурлан Турсункуловдун тагдырына таянат. Арийне, учурда уулум кудум Токтогул атасындай ак жеринен абакта азап чегип отурат. Анын актыгын, кызматында болгон тактыгын массалык маалымат каражаттарына чыккан макалалардан, кайрылуулардан, калыс пикирлерден угуп-окуп ушунча ыраазы болуп отурабыз. Неберемдин ак жеринен айыпталып жатканын мурдагы башкы прокурорлор, министрлер, депутаттар, а тургай "апрель революциясынын баатырлары" айтып чыгышкандан кийин, эртеби-кечпи акыйкаттык келерине ишенип отурам. Мен, токсон жаштагы токтогулдук карыя ушул неберемдин тагдырына үн кошуп, анын акталышына ак тилегин айткан бардык мекендештериме, өзгөчө токтогулдук жердештериме баш ийип таазим кылып, карыялык батамды берем. "Ак ийилет бирок сынбайт" демекчи, чындыкка силер менен бирге жетем.

Эмгектин жана согуштун ардагери Нургазиев Мухтар




Алсызды алсыз алыстан таанып...
ЖК депутаты Сайдулла Нышанов айрым учурда мурдуна карабай ышкырып алмайы бар. Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматовдун мажүрөөлүгүн айтып, парламенттен аны "Бишкектин эң алсыз мэри" - деп атады. Айтканында чындык бар деңизчи. Ордо калаабызды оңдой албай жатканын айтып эле келатабыз. Бирок Нышановуң деле кыйын депутат деп айтууга ооз барбайт. Кулматов алсыз мэр болсо, мыкты мыйзам жазууга мээси жетпеген парламенттин эң алсыз депутаттарынын бири дал ушул Сайдулла Нышанов. Балыкчы балыкчыны алыстан тааныды окшойт.


Эми "Эркин - Тоо" эркин "дем алабы"?
Кыргыз журналистикасында кыргызча да, орусча да жаза алган, болгондо да таамай, таасын кебин айта алгандар аз эле. Ошолордун бири, "Акипресстин" кыргыз кызматы "Баракелденин" баркын көтөргөн, жаңыча ойлонуп, жаңыча иш алып барган кесиптешибиз Наргиза Мансурова өкмөткө караштуу "Эркин-Тоо" гезитинин башкы редакторлугуна дайындалды. Жазмакерлердин арасында кадыры бийик Наргиза айым "Эркин-Тоону" алдыңкы басылмага айлантаарына ишеним чоң. Анткени бул кыз эптеп-септемейди жактырбаган, жаңычылдыкка качырган мыкты менеджерлик сапаты бар.


Курултайдын айынан!
УОКтун балакайлары "Жаңы муун" кыймылы өгүнү Таласта курултай өткөрмөкчүбүз деп бир сыйра чаң салышпады беле. Пикет-митингдерден жедеп тажаган карапайым калк "жаңы муунчуларды" колдошкон эмес. Баарынан аянычтуусу мындай "спектаклдин" кесепетинен таластык туугандар ири керешеден куру жалак калганы турушат. Тактап айтканда, ошол окуядан кийин инвесторлор үркүп, жыйынтыгында төө бурчактын баасы 120 сомдон 60 сомго чейин төмөндөп кетти. Төө буурчак баасынын төмөндөшүнө бул бир себеп болсо, облустук администрациядан ортомчулар пайда болуп, ортодо оңой эмес акча айланып жатканы айтыла баштады.


Ой тобоо
Ой тобоо, Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драм театрынын документи жок экен. 1997-жылы жоголгон бойдон дайынсыз кетиптир. Бул жөнүндө ушул театрдын директору Кулинский НБТ каналында айтып олтурбайбы. Жөн эле жоголбойт да. Бул заңгыраган тарыхый имаратка дагы бир сайпана шүдүңгүттүн көзү түшүп, жең ичинен менчиктеп алайын деп ач көздүгү менен арамзаалыгы артып кетип, бирок арам ниетин ишке ашыра албай калса керек деген күдүк ой кетет экен.


Айырма 13 миллиард 300 миллион доллар
Эл өкүлдөрүнүн айтымында Кытайдын бажысы Кыргызстанга 14 миллиард долларлык товар жөнөтүлгөнүн расмий билдирген. Ал эми Кыргызстандын бажысы Кытайдан Кыргызстанга 700 миллион доллар товар жөнөтүлгөнүн билдирди. Бул чынында 15 эсе аз. Демек, Кыргызстандын бажысында коррупция күч дегенди билдерет. Башкача айтканда, көмүскө айланган акчалар чиновниктердин чөнтөгүн толтуруп жатат десек жарашат.


Кубалаганыбызга кубаныптыр
Орустардын дөө-мушкери, Мамдуманын депутаты Николай Валуев Кыргызстанга келип чыгармачылык кечесин өткөрдү. Журналисттерге өткөн-кеткенден кеп кылып отуруп, "АКШ баш болгон НАТОчулардын "Манастан" кубаланганына кубанычтамын" - деди. Анан дагы Орусияга Евро Биримдик менен АКШ артын салып, санкция киргизгенден кийин алар Кыргызстанга окшогон өнөктөштөр менен бир болууга милдеттүү экенин кошумчалады.


Ээ балээ, Эбола дейби!
Төрт миңден ашык адамдын өмүрүн алган Эбола вирусу Африканын азабын берип, эми Европаны дүрбөлөңгө салып турган учуру. ЖК депутаты Эсенгул Исаковдун айтымында бул жугуштуу оору ушул айдын акырына чейин Орусияга жетээрин маалымдады. Орусияда болсо ого эле көп мекендештерибиз бар эмеспи. Бул балээге каршы кыргыз бийлигинин даярдыгы боюнча Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Марат Калиев жооп берип, чек араларда 5 санитардык-көзөмөл пункттары ачылганын, жакында алардын саны 12ге жетээрин айтты.


Канжар "каракчылык" кылабы?
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы, Ош шаардык прокуратуранын кызматкери Канжар Кадыралиев Сактан Келдибаев аттуу ишкерди коркутуп, бир жылдан ашуун убакыттан бери акча алып жүргөнү боюнча аты аталган ишкердин ата-энеси, бир туугандары 10-октябрда Бишкекте маалымат жыйын өткөрдү. Ишкер Сактан Келдибаевдин атасы Ашыралы Келдибаевдин айтымында, карактоо ушул жылы 31-августта таңкы саат төрт чамасында болгон. Беткап кийген куралчан төрт адам Сактан Келдибаевди уруп, ата-энесине да күч колдонуп, 12 миң долларын алып кеткен. Алар ишкерден үч күндөн калбай Орусияга көчүп кетишин, бизнесин өткөрүп беришин талап кылышкан. Ашырали Келдибаев бул окуянын артында депутат Ыргал Кадыралиеванын бир тууганы Канжар Кадыралиев турарын, ал бир жылдан бери опузалап уулунан акча өндүрүп жүргөнүн айтууда. Сактан Келдибаевдин атасы бул окуяга байланыштуу өлкө жетекчилерине, прокуратурага жана милицияга арыз жазган. Ишкердин бир тууган эжеси Уулкан Келдибаеванын билдиришинче, бул окуядан кийин да Канжар Кадыралиев инисин опузалаган:
- Канжар Сактанга чалып "Арыз жазыпсың, менин бир тууган карындашым Ыргал Жогорку Кеңеште депутат, Алмазбек Атамбаев менен түз сүйлөшөт, арызыңардан жыйынтык чыкпайт. Эгер чыга турган болсо мен кызматтан кетем, мен бандиттиктен кетпейм, бандит боюнча калам, дагы сүйлөшөбүз, сен жашай турганыңды ойло" деп коркутуптур.
Сактан Келдибаевдин Өзгөндө Жалпак-Таш деген жерде мрамор чыгарган ишканасы бар экен. Анын туугандары Канжар Кадыралиев ушул бизнесин тартып алууну каалаган деп айтууда.
Канжар Кадыралиевге байланыштуу окуялар боюнча ички иштер органдары жана прокуратура расмий комментарий бере элек. Кадырлиев болсо ага айтылган жалаа боюнча сотко арызданганы жатат.











??.??