presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Агенттер менен гейлердин эмес, улутубуздун укугун коргойлук!

АКШ "адам укугу" дегендин артына жашынып алып, башкалардын башын айлантып, ашмалтайын чыгарганды жакшы билет. Өзгөчө Кыргызстанга окшогон өнүгө албай өнтөлөп жаткандарды жардан алыс түрткөндөн кайра тартчудай эмес.
Кыргыздын тилинде да, дилинде да жок жанагы адам сымал гей деген айбандарды жарнамалоого тыюу салган жана НПОлорду чет элдик агент катары тааныган мыйзам долбоорлоруна АКШнын биздеги элчилиги аябай тынчсызданып жатканын айтып, адам укугун чектеген мындай демилгелерди колдобоого чакырыптыр. Кыргыз улуту менен мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирээри алардын башын дагы ооруткан жок. Ал эми АКШнын өзүндө аталган мыйзамдар канча жылдан бери иштеп келет. Жанагы салттуу эмес сексуалдык карым-катнаштарды жарнамалаган маалыматтарга тыюу салган мыйзам АКШнын 8 штатында бар. АКШ элчилиги адам укугун алгач ошолорго айтса болмок. Ал эми бейөкмөт уюмдарды чет элдик агент катары АКШ эчак эле тааныган. Биздеги акча дегенде ата-энесин саткан НПОчуларыбыз зар какшап каршы чыгып жаткан бул мыйзам АКШда 1938-жылдан бери күчүндө. "Чет элдик агенттер тууралуу" (Foreign Agents Registration Act - FARA) - деген мыйзамынын катаалдыгы безилдеп жатышкан биздеги бейөкмөтчүлөрдүн кабыргасын чындап кайыштырмак. Ал мыйзамга ылайык АКШдагы бейөкмөтчүлөр кайсы мамлекет менен кандай мамиледе экенин, кайсы жаатта кандайча кызматташып жатканын, канча каражат алганын, аларды кайда жумшаганын центине чейин эсептеп чыгышат. Бир эле кынтык табышса катыгыңды катыра беришет. НПОлор мамлекеттүүлүгүбүзгө сокку берчүлөрдүн алдыңкы сабында. Аны АКШ эң жакшы билет. Ошондуктан өздөрүндө өзгөчө көзөмөлгө алышат. А бизге болсо "адам укугу" деп зордук менен таңуулоодо. Алардын акчасын алган айрымдар "демократия коркунучта" деп келжиреп жатышат. Өткөндө "Freedom House" бейөкмөт уюму июнь окуясындагы жараны кайра тырмап жатканын жаздык элек, аз күн мурун бул уюмдун Оштогу өкүлчүлүгү убактылуу жабылганы маалым болду. Мына булар коргоп, колдоп жатышкан НПОлордун жүзү. Эки улутту элдештирбей, эрегиштирип жаткан бул бейөкмөтчүлөр кайсы бети менен адам укугу тууралуу кеп кылышат.

Эрнис Балбаков




Үлгү алып, таза иштеп бериңиз
Мелис Турганбаев өзүнүн эски ордуна, тактап айтканда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчылыгына Кашкар Жунушалиевди дайындады. Буга чейин бул орунга Бакыт Жусубалиевдин барары айтылып жатты эле, демек Бакыт мырза азырынча өз ордунда калса керек. Кашкар мырза 4 жылдан бери Ички иштер министринин орун басары болуп иштеп келет. 1981-жылдан бери милиция кызматында. Бакиевдин учурунда БИИШБинин жетекчисинин орун басары да болуп иштеп кеткен. Өтө кыйындыгы, курчтугу деле анча байкалбайт. Дээрлик тынч, өзү менен өзү болуп жүргөн адам. Бирок жооштон жоон чыгат дегендей, ага 2012-жылы "Кызматынан кыянат пайдаланган" деп кылмыш ишин козголгон. Кашкар мырзага кызына мыйзамсыз бизнес ачууга жардамдашкан деген айып коюлган. Бирок соттор жөн жерден козголбогон кылмышты жокко чыгарып, негедир актап салган. Эмне демекчибиз, эмнеси болсо да, түйшүктүү ишине ийгилик каалап коелу. БШИИБнин жетекчиси болуу ИИМдеги кабинеттен көп чыкпаган орун басардын жумушу эмес экенин жакшы билерсиз. Андыктан шаардыктарды нааразы кылбай, мурунку жетекчи, азыркы министр Турганбаевден үлгү алып, ак жана таза иштеп бериңиз.


Турсунбай Бакир уулун Жаныш Бакиев өлтүрмөк болгонбу?
Бул тууралуу Турсунбай мырза өзү социалдык тармактан маалым кылды. Анда 2007-жылы Кара-Суу районунан депутаттыкка коюп, анан Курманбек Бакиев чакырып "Каалаган кызматыңды берейин, талапкерлигиңди алып кой" деп суранганын, макул болбой койсо "Жаныштын өзү менен сүйлөшчү" дегенин, анан "Санта-Мария" кафесинде Жанышка жолугуп 3 саат сүйлөшүп, анын дагы "Каалаган кызматты сура, биз чечип беребиз" - дегенин, макул болбой койсо 200 миң доллар сунуштап, ага да көнбөй койгондо, элиталык квартилардан бирди берейин десе да макул болбой ачуусуна тийгенин айтат. Андан ары Турсунбай мырза: "2009-жылы Малайзияга мени К.Бакиев элчи кылып жөнөтүп жибергенде аргасыз отуруп калдым. 2010-жылы болсо, апрель "ыңкылаптан" кийин Куала-Лумпурга анын бир жээндери келип калды. Чай ичип отурганыбызда ал мага "Сиз Курманбек Салиевичке таарынбаңыз. Ал сиздин өмүрүңүздү сактап калды" - деди. "Кантип? Ишенбейм" десем. Жээни: "Мен Бакиевдердин үй-бүлөлүк чогулуштарына дайым катышып жүргөнмүн. Ошолордун биринде Жаныш Салиевич агасына айтты эле: "Курманбек Салиевич, я убью Турсунбая Бакир уулу", - деп. Курманбек Салиевич ага: "Сейчас не время, Жаныш!"- деп жооп берген. "Ошол үчүн Сиз Курманбек Салиевичке ыраазы болушуңуз керек" деди - деп жазды.


"Этиң тургай табагыңды таап ал" болбойбузбу?
Иштин баарын иритип, кыргыз элин кыш мезгилинин алдында кыйын абалга кептеп коюп баса берген Осмонбек Артыкбаевдин ордуна анын бир жума мурун арыз жазып баса берген орун басары Кубанычбек Турдубаев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул мырза деле Осмон мырзадан айырмасы жок өңдөнөт. Дегенибиз, министрдин орун басарлык кызматынан баш тартып арыз жазып кеткен киши болуп, анан министр бол десе чуркап келип жатканына караганда. Анын үстүнө Турдубаев Ширшовдун схемаларын жакшы иштетишти билген адам деп жатышат. Эгер бул сөздөр чын болсо, ансыз да оор абалда турган тармак такыр кыйрайт го. Деги "этиң тургай табагыңды таап ал" деген абалга кириптер болбосок экен.


Шакинин атынын башы "Гиннеске" кирем дейт
Ат-Башыдагы айтылуу суу ичип жаткан аттын башын элестеткен эстелик айтылуу Гиннестер китебине киргизилмекчи болуп жатыптыр. Бул тууралуу райондун акими айтып берди. Жакыпбек Субакожоевдун айтымында бул эстелик акыркы убактарда Ат-Башынын визиттик карточкасы катары кабылданып, көпчүлүк көрүүгө ашыгып жатыптыр. Азыркы убакта бул аттын башынын тагдыры Лондондо чечилип жаткан экен. Баса, бул эстеликти көпчүлүк айтылуу олигарх Шаршенбек Абдыкеримов койдурганын жакшы билет.










??.??