presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Курманжан датка тасмасы Оскарга талапкер
"Курманжан Датка" тасмасы чет тилдеги мыкты тасма номинациясы боюнча Оскар сыйлыгына талапкер болууда. "Чет тилдеги эң мыкты тасма" номинациясына талапкер болгон тасмалардын толук тизмеси ушул жуманын ичинде айтылат. "Оскар" - АКШнын эң негизги кино сыйлыгы жана дүйнөнүн эң белгилүү киномотографиялык сыйлыгы. Metro-Goldwyn-Mayer студиясынын башчысы Луис Майер ойлоп чыгарган сыйлык Америка киноискусство академиясы тарабынан жыл сайын берилип келет. Көпчүлүк кинофестивалдардан айырмаланып, "Оскар" сыйлыгы калыстардын тандоосу боюнча эмес, академиянын мүчөлөрүнүн жалпы добуш берүүсүнүн жыйынтыгы боюнча ыйгарылат. Сыйлыктарды салтанаттуу тапшыруу аземи ондогон өлкөлөрдө түз эфир аркылуу көрсөтүлөт. Ошондой эле, "Курманжан Датка" тасмасы аталган номинацияга окшош Golden Globes номинациясына да талапкер катары көрсөтүлөт.

"Тумар КРдин" дагы бир ийгилиги
Атай менен биргеликте немис элин таңдандырган Кыргызстандын таланттуу бийчи жигиттеринен куралган "Тумар КР" тобу дагы бир сынакка катышып, ийгилик жаратты. Тактап айтсак, орусиялык канал тарабынан уюштурулган "Танцы" долбооруна финалга өттү. Аталган сынактын биринчи турунда "Тумар КР" тобунун аткаруусундагы номурдан кийин калыстар тобунун мүчөлөрү бир добуштан "макул" деген добуштарын беришти. Эмне дейбиз, азаматсыңар жигиттер, ийгилик каалайбыз.

"Кыргыз эл бий" сынагы жыйынтыкталды
Кыргыздын мекенчил уулу Рустам Маманов уюштурган "Кыргыз эл бий" сынагы жыйынтыкталды. Тактап айтканда, 12-октябрда Бишкек шаарында жалпысынан 70тен ашуун чыгармачыл жамааттар менен жеке бийчилер катышкан сынактын жеңүүчүлөрү аныкталды. Жарым финалдан финалга өткөн 7 бий тобунун баары акчалай сыйлык менен сыйланышты. "Назик" бий тобунун "Кыргыз бийи" 200 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду. Ал эми Тургунаалы Жусуп Мамайдын "Жалын бий" чыгармасы 180 миң сомго, "Жаз" бий тобу "Бий мерген" менен 160 миң сомго, "Санжыра" бий тобу "Жигиттер бийи" менен 150 миң сомго, "Дилгир" бий тобу "Куштун бийи" чыгармасы 100 миң сомго, 6-орунга "Кара жорго, нукура кыргыз бийлери" чыгармасы менен жеке бийчи Анэль 80 миң сомго, 7-орунга "We next" бий тобу "Оп майда" бийи менен 80 миң сомго ээ болду.

Алина Жетигенова жеке концертине даярданууда
Кыргыз эстрадасында өз орду бар, кыргыз элине белгилүү болгон эстрада ырчысы Алина Жетигенова учурда ноябрь айында бере турган концертине кызуу даярдык көрүүдө. Ырчы айым азыркы кезде жаңы ырларды жаздырып, концертинде жаңыра турган репертуарына кызуу камылга көрүүдө.

Жаңы тасма
"Аят" тасмасы менен эл оозуна алына баштаган кино ышкыбозчу Азамат Арыков учурда дагы бир жаңы тасманын үстүнөн иштеп жатат. "Бул тасмам документалдуу тасма. "Карышкырлар" жөнүндө болмокчу. Азыр тартуу иштери башталганы турат. Менимче, кино абдан кызыктуу болсо керек дейм. Анткени карышкырга кызыкпаган кыргыз жок болсо керек. Бирок тасманын тарбиялык мааниси абдан жакшы" дейт Азамат Арыков

"Кыз-Бурак" тобунан жаңы клип
"Кыз-Бурак" тобу жакында эле "Апакем" деген ырына жаңы клип тарттырышты. Клип учурда телекөрсөтүүдөн көрсөтүлүп, элдин сынына коюлууда. Ал эми аталган топтун суйкайган сулуу кыздары жаңы ыр жаздыруу менен алек болушууда.

Жаркынай Кадыркулова









??.??