presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Мамлекетибиз эмнеге муктаж?
Укуругу узун бийлик төрүндөгүлөр гана эмес, чоң-кичине дебей аткаминерлердин дээрлик көпчүлүгүнүн ыйманы тазарып, ниети агармайынча, кадр даярдоо жана тандоо саясаты оңолмоюнча өлкөбүз илгерилей албай, экономикасы алга жылбай ар кандай кыйынчылыктар менен коштолгон азаптуу сыноолорго тушуга берет. Колдо бар байлыктардын кадырына жете албай, кудай берген бийиктигинде шаңшый албай, пас түшүп, "сазга" батып көз корлугу артып, эгемендигибизге шек келет. Мамлекетти алга сүрөп чыгаруу үчүн мыкты кадрлар от, жалындан кайра тартпаган жүрөгүндө жалы бар, көрүнгөндө сүрдөнткөн айбаты жана касиети бар көйкашка да, кеменгер да лидерлер керек. Ар кандай жол менен байлык жыйып алгандардын баары эле эл башкарам деп жутунуп бийликке аралашып келе бербеши керек. Ар ким дараметине жараша иш кылганы жакшы, бешенесине жазылганы дегендей. Бизнесменби, көпөспү ошол бойдон эле жүрө бергени жөн, байлыгын жыйып сүр кылып, андан өткөн ага башка бийиктик деле жок. Кызыкчылыгынын жеткен чеги да ушул эле, өңгөсү буйруган эмес. Бийликке суутуп коюптурбу. (Жеткендерин деле көрүп жүрөбүз, карамакөрлүктүн айынан ашмалтайын чыгарып бүлүндүргөндөн башка эмне кылышты. Күң тамактыгынан кесепетинен ашкере ичип-жеп, ыйманын кошо жеп эл ырыскысынан тоноп "сасыган" байлык жыйып алганы эле болбосо. Акыры алардын түбүнө да ушул байлыгы жетет).
Бийлик дегендин өзүнө табияты болот. Ошону ыйык тутуп сакташ керек. Көк Теңирдин сезилип сезилбей турган байкоосу, нускоосу астында турган бийликтин өзгөчө касиети жана кудурети бар. Ага көрүнгөндүн эле моюн созуп катыла бергени жарабайт. Элге эле эмес Кудайга жакпаган осолдугунан өзү да жайрап, өңгөнү да кыйратат. Мамлекетти азапка салганы аз келгенип, элдин убалына калат. Ушуну ойлогон пенде Шодокондун бүркүтүндөй болуп бийликке жутунбайт. Ал байлык менен мансаптын ширендисинен бүткөн жөн эле бир нерсе эмес. Анын өзгөчө табияты жана кудурети бар. Анткеним, бийлик деген башкаруу тизгини колго тийген жөн эле бир мансапкердик иш эмес. Кудай жаратан дүйнөдөгү чоң жоопкерчиликтин бири ушунда турат. Ага шек келтиргендерди кусур уруп кетип турганы ушундан. Бул дүйнөдө былк эткендин баары жакшылыгы жана жамандыгы дебей жараткандын байкоосу астында турганы ушул. Кудайдын мыйзамы жүрүп турат.
Ал эми бизде бийликке кудай өзгөчө касиет бербеген жөн эле бир сүткорлук, көпөстүк деңгээлден жогору көтөрүлө албаган аксым пенделердин, ал турсун кылмыш чөйрөсүнө катыштыгы бар, анын эн тамгасы басылып калган айрым бир ылаңкалуу жарандардын аралашып кетип бийлик абийирне доо кетирип, ичтен иритип турганы жакшылыктын жышааны эмес. Бийлик касиетине шек келтирип ичкериден бузуп турган дөлөңгүттөр менен шүдүңгүттөрдү кайда болбосун, качан болбосун акыры бир күнү кусур уруп кетерин турмуш өзү көрсөтүп келе жатпайбы.
Жогорку Кеңештин өткөн жумадагы өткөн жыйынында кылмыш кылып соттолгон, абийирине доо кеткен, кесепеттүү чыр-чатакка аралашып калган, ыйманына шек түшүп калган пенделердин, ошондой эле билим көрөңгөсү жок, акыл дарамети тайыз жарандардын жетекчи кызматтарда иштешине жол берилбесин деген тейдеги, маанидеги мыйзам долбоорун экинчи окууда кабыл албай коюшту. Бул мамлекетибизге азыркы учурда абдан керек өзгөчө мыйзам эле да. Караңызчы эмне болуп турганын… Эмне болуп баратабыз, кай жакка бара жатабыз, эл-журт! Мамлекеттик бийликтин жогорку бутагы болгон парламенттеги төбө чачты тик тургузган бул бүтүм үрөйдү учуруп койду. Демек, кылмышка тиешеси бар пенделер мамлекеттик кызматта иштеп, ээн-эркин эле бийликке аралашып жүрө берсе болот экен да! Ушундай мыйзам, а бирок, ата-бабаларыбыз эзелтен эле элге жек көрүнчү болгон суук тумшуктарды бийликке жакын жолотпогонун, жосунсуз жоруктарды кечирбей, келишпей күрөш ачып келгенин эч качан унутпашыбыз керек.
Элдин кызыкчылыгы, мамлекетибиздин түпкү таламдары үчүн бул мыйзам сөзсүз түрдө адегенде эле кабыл алынышы керек болчу. Деги бул өзү эмнени каңкуулайт. Жакшылыкка эмес, жамандыгына тартып турат. Өлчөөсү өздөрү менен кетип, кара баштарына көрүнсүн. Кудай берген дөөлөттөрүбүзгө көзүн чычаладай кызартып, мамлекетибизге тымызын тузагын тартып жулукка тепкиси келгендердин айбалтасын көтөрүшкүсү келип жатабы.
Тийиштүү мыйзам долбоорун кабыл алууга каршы добуш бергендердин арасында (үчүнчү чакырылыштагы парламенттин экс-спикери)Ата Журт партиясынан Марат Султанов да жүрөт. Марат Абдыразаковичке мурда соттолгондордун, же кандайдыр бир кылмышка тиешеси бар адамдардын мамлекеттик кызматта иштебесин деген мыйзамды кабыл алууга каршы чыгып жатканына жол болсун. Дегиси эле мурда соттолуп, анысынан алиге актала элек жана чыр-чатактуу, кылмыштуу иштерге аралашып жүргөн адамдар мамлекеттик кызматка алынбасын, парламентке шайланып келбесин деген мыйзам долбоорунун кабыл алынышына каршы чыккан эл өкүлдөрүн кандай тымызын кызыкчылыктар азгырып турат, кандай капсалаң максаттары бар деген күдүк ой келет экен. Кандай жагынан алганда да бул каршылыктан элге, мамлекетке жакшылыктын жышааны жок. Элдин, мамлекеттин түпкү таламдарына каршыккандык болуп турбайбы. Же мыйзам долбооруна каршы добуш берген эл өкүлдөрү анын кесепети кандай болорун байкабай калды дейсизби. Мына ушул жерден акыл чаптырып, жыйынтык чыгара бериңиз.
…Калыс бүтүм деген болуш керек. Мурда соттолгонбу, же кандайдыр бир кылмыш ишине тиешеси болгонбу, шектүү мандеми барбы бүттү, мамлекеттик кызматка алынбайт деген так кесер мыйзам иштеп турушу зарыл. Эл арасынан мыкты кадрлар өзү эле ыргалып чыгып турат. Эл оозуна алынгандар мамлекеттик кызматка кабыл алынып турса калыстыгы да болуп, келечегибизге да жакшылыгы тийип турбайт беле. Ошондо коомубуздагы былыңгыр терс аяктарды турмуш өзү эле четке сүрүп чыгара баштайт. Тазалануу деген, тандамал кадрларды иргеп алуу деген ушинтип башталат.
Мурдатан бийликте жүрүп жаза тайып кылган күнөөсүн жашырууга далбастап мансап айласын издеп ыйманын жеп жүргөндөрдүн, же жемкорлугу башынан ашынганын жашырып, ар түркүн айла амал менен түлкүдөй кылтылдап кубулуп жүргөндөрдүн, терең тамырлап алгандарынын деле кызмат тепкичтеринен четтетилип турганы жакшы. Антпесек кантип тазарабыз. Бул мудаага жетпесек тазалануу деген дегеле жүрбөйт. Азыр баары чалкеш, аралаш болуп турганы да ошондон.
Кантсе да эл өкүлдөрү калк мүдөөсүнүн ишке ашышы үчүн, мамлекетибиздин келечеги үчүн бул мыйзам долбоорун сөзсүз кабыл алыш керек. Антпесе болбойт. Бул мамлекетибиздин жана элибиздин түпкү таламдары үчүн абдан керек. Сөзсүз түрдө мамлекеттин жана элдин башкы мүдөөлөрүн орундоо зарыл. Мамлекеттин тагдыры жана келечеги менен ойноого болбойт. Ал үчүн бул дүйнөдө эле эмес акыретте да жоопкерчилик бар. Кудайдын мыйзамы эки дүйнөдө бирдей жүрөт. Ошондуктан, ар кимдин дараметине, чама-чаркына жараша кызматта иштегени эле жакшы. Парламентке да көп тараптуу билимге эгедер, акылгөй, намыскөй азаматтар келип иштеши керек.
Мурда соттолгон, же кылмышка кымындай эле тиешеси бар болсо да мамлекеттик кызматка жолотпоо зарыл. Гений болуп кетсе да таклип ушундай деп талап катуу коюлушу керек. (Бийликтеги тазалык деген мына ушундан башталат). Ал эми бизде эмне кээде мурда жакшы кызматкер эле, тажрыйбалуу эле, (достук жана тууганчылык жагдайларын айтпай эле коелу) жаза тайып кылмышка кириптер болуп калыптыр, анын эмнеси бар экен, мүдүрүлбөс туяк… болбойт деген сыяктуу себептерди жүйөө тартып жылмакай жол менен жибектей сыйпалатып кызматка коюп коюшат. Эл арасында ишмер десе ишмер, талантуу десе талантуу, иш билги тандамал кадрлар жүрөт кызматка жетпей арманын ичине катып. Жаштарга кезек бериш керек.
Мугалимдер бар, ар тараптуу билимге каныккан акылгөй инсандар бар чечкиндүү десе чечкиндүү, кара кылды как жарган калыс, таза десе таза, алар эл өкүлү болуп шайланса, же бир мамлекеттик кызматка дайындалса болбойбу. Же парламентке, бийликке ал ким гана болбосун караөзгөй жана жегич экендигине карабастан сөзсүз эле капчыктуу бай адамдар келиши керек бекен, элди башкарууну ошолордун эле энчисине басып бериптирби. (Эл айтып турбайбы алар эмнени жыргатып жиберишти деп). Жок, бул коомду ичинен ирите турган жарабаган адат, коркунучтуу ишарат.
Социалдык жагын да караштырып кызмат орундарын теңдеп бөлүштүрүш керек, партиялык жагын эле таразалап ташы оогон тарапка тартып турбастан. Ошондо калыстык болот. Эл ичи алтын бешик дегендей эл арасында эч бир партияда турбай, көшөкөрлөнбөй, ээлеген кызмат орду да жок туруп ага деле жутунбай опол тоодой иш аткарып жаткан мекенчил мыкты азаматтарыбыз четтен табылат. Аларды мамлекеттик кызматка тартса болбойбу. Ушундай жолго түшүү зарылчылыгы бышып жетти окшойт.
Бийлик деген, башкаруу айлампасы деген колунда күчү жана байлыгы бар бир ууч эле адамдардын энчисине берилген эмес да. Капчыктуулар менен колдоосу күчтүүлөрдүн эле энчисине басылып берилген эмес. (Кудайдын көзү бар дүйнөдө жараткан мыйзамы да жанаша жүрөрүн унутуп койбошубуз керек). Ошондуктан, менин байлыгым бар, капиталга ээмин деп жулунгандарды эле эмес, эл сунуштап турган азаматтардан да бийлик мунарасына тартуу зарылчылыгы күчөп турат. Антпесе өзүнөн өзү эле ылайланып жыты ылжып бараткан айлампадан оңой менен жакынкы мезгилде чыга албайбыз…
…Кыргыз мамлекети кылымдан кылымдарга өз жүзү менен түбөлүккө кутман доорун сүрүп, келечекте даңазасы артып турсун. Кудайдын ыкыбал каалоосу жана колдоосу менен чексиз дүйнөдө түбөлүккө тура берсин. Калганынын баары убактылуу, утурумдук келип кетер көч.( Өз бүтүмүн чыгарып, ар кандай эскертүүлөрүн тымызын сездирип турган табият мыйзамы өзү ушундай. Жараткандын мыйзамы да ушуну ырастайт. Чексиз дүйнөдөн кудай өзү ыроолоп турган мамлекетиңдин кадырына жет, канжыгага башыңды байлап анын кызыкчылыктарын корго, анткени ал түбөлүгүңөрдүн, эгемендүүлүгүңөрдүн белгиси, ага шек келтирбегиле, урматтап күтүп алгыла деп өз шоокумун салып турат). Алардын баары мамлекетибиздин бакыбаттанып түбөлүккө турушу үчүн өз ара ынтымакка келип жан оту менен берилип Ата Журту үчүн башын сайып кызмат өтөшү керек. Алардын баарынын бир гана ушундай максаты болууга тийиш.
Меңдибек Асылбеков











??.??