Чек ара атасы - Байзак баатыр мамлекеттен өз баасын ала элек...
11-октябрь күнү Жумгал районунун борбору Чаектин Жаман-Талаа деген суу боюндагы кеңири түз тааласында өз ысымын кыргыз тарыхына ташка тамга баскандай калтырып кеткен Тооке уулу Байзак баатырдын 185 жылдык мааракесине арналган чоң той болуп өттү. Ал эми быйыл Байзактын көзү өткөнүнө туура 100 жыл болду. Эң кызыгы буга чейин 4-5 күндөп тынбай көнөктөп жааган жаан тойго эки-үч күн калганда "тып" басылып, күн жаркырап тийип берди.
Күндүн чайыттай ачылганын жалпы эл баатырдын ниетине, касиетине жорушту. Өз кезегинде атабыздын даңкы Кыргызстан, Казакстан, Кытай, Орусия мамлекеттерине чейин белгилүү болуп турганы тарых барактарында, санжыргалуу санжырада айтылат. Ал бир өрөөндүн гана болушу болбостон, мамлекеттик саясатчы, жогорку деңгээлдеги дипломат, алыс - жакынды көрө билген даанышман, кара кылды как жарган калыс адам болгон. Жаштайынан эл-журтка аралашып кыраакылыгын, тыңдыгын көрсөтүп, кыргыз-кытай чек арасын өтө билгичтик менен бөлгөн. Байзактын эрдиктерин санай келсек башкасы бир тең, чек ара бөлүүдөгү билгичтиги бир тең болот. Анын ата-бабалары да кыргыз мамлекетинин түптөлүшүнө чоң салым кошкон, эл башкарган, кыргыз жеринен калмак-жуңгарларды кубалап чыгууда чоң орду бар айтылуу баатырлар болгонун баса белгилеп айта кетели. Кулжыгач, андан баатырдыгы биринен-бири ашкан, жоону оңой, жолборстун жолун торой чабышкан эгиздер Сүтэмген (мындан чаап алсаң түгөнгүс Чапкынчы деген чоң уруу Жумгалдан түштүккө чейин тараган), Итэмген, Итэмгенден Айт, Айттан Түлкү баатыр, Түлкү баатырдан 6 уул болот. Алардын улуусун өз кезегинде Санчы сынчы: "Эки жакка жортпогон, эч нерседен коркпогон" деп сындаган, айтылуу Качыке (бу баатырдын атасы Түлкү менен баласы Эраалы да жолборс чабышканын айта кетели) баатыр. Качыкенин бир бир тууганы Кедей, Кедейден Тооке, Тоокеден биз сөз кылып жаткан Байзак.
Байзактын мааракелүү тоюна алыс-жакындан чакырылган адамдардын саны болжол менен 6-7 миңге жетти. Кадырлуу коноктор жана жергиликтүү эл үчүн кыдырата 30 боз үй жана бир нече чоң чатырлар тигилген экен. Алгач Байзак айылына жакын жол боюндагы баатырдын эстелигине куран окутулду. Андан соң, Жаман -Талаада тойдун ачылышында Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов, Жогорку Кеңештин депутаттары Дамира Ниязалиева, Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев, Чолпон Султанбекова, Курманбек Дыйканбаевдер сөз сүйлөшүп, Байзак айылында жаңы ачылып жаткан музыкалык мектепке 50 миң сомго музыкалык аспаптарды алып берүүгө убада кылышты. Ачык айтыш керек, депутаттардын баскан жолуна басым жасап сүйлөгөн сөздөрү топ элди анчалык ынандыра албады, бирок кантсе да чыгармачыл адам эмеспи, былтыр Шабдан баатыр тууралуу китеп жазган Каныбек мырза Байзактын баатырдыгын, акылмандыгын, көрөгөчтүгүн мыкты айтып берди. Биз кыргыздар ушундай тойлордо улууларды унутуп, ар дайым кызматтагы адамдарга сөз берип жатып калабыз. Дегеним, бул тойдо Байзакты депутаттарга караганда мыкты билген, жердиги кайырмалык, илимдин доктору, профессор Советбек Байгазиевге сөз берилсе болмок. Байзактын баласы Ажымүдүндүн жалгыз кызы Кадиса апа учурда Байзак айылында жашайт экен. Жашы 78ге келиптир. Мына ошол апабызды той башталарда эл көзүнө сүйлөтүп койсо жарашмак. Тойго маани берген, баарын байкаган адамдарга ушундай аздыр-көптүр чекиликке жол берилди. Калганы Кудайга шүгүр, уюшкандыкта, тынч жана жакшы болду.
Жалпы эл ушул баатырдын урматына ушундай чоң тойду уюштуруп, ат оюндарынын баш байгелерине үч "Жип" машинесин коюп жаткан Байзактын урпагы Жыргал Турускуловго ыраазычылык иретинде бата беришти. Байге куржуну жалпысынан 1,5 млн. сомду түздү. Бул тойду өткөзүүдө Жыргал мырзага достору жакындан колдоо көрсөткөнү да айтылды. Ошентип, узакка созулган сөздөн кийин ат оюндарына кезек жетип, алгач республиканын булуң-бурчунан келген 40ка чукул кунан 12,5 чакырымга айдалды. Арасынан биринчи болуп Жумгалдын Түгөл-Сай айылынан Шайдинов Төрөбайдын "Карлыгач" деген кунаны келди. Ички иштер министри, генерал Мелис Турганбаевдин "Карал" деген кунаны экинчи орунду ээледи. Үчүнчү орунга Таш-Дөбө айылынан Эркин Тезекбаевдин "Франция" деген кунаны татыктуу болду. Жыргал мырзанын досу, бир чети партиялашы Өмүрбек Бабанов бул тойго келбегени менен "Аккан досу", коомчулукка "кооз иштери" менен аты угулуп калган казак Кайсар досун жиберген окшойт. Ал кунан чабыштын баш байгесин көтөргөнбү ким билсин, айтор кунандын баш байгесине 100 миң сом тапшырды. Кууша келип, өпкөлөрү көөп калган кунандардан кийин кезек жорголорго берилди. Жалпысынан 27 жорго 15 чакырымга күч сынашып, жыйынтыгында Жумгал районунун мурунку акими Бердибек Самудиновдун "Алабашы" баш байге "Субару Форестер" (2002 жылкы баасы 350 миң сом) үлгүсүндөгү машинени ээсине тартуулады. "Алабаш" деген илгери 1958-жылы Кыргызстандын атынан Москвадагы мелдешке барып, 10догон жорголордун ичинен биринчиликти алган айтылуу жорго болгон. Кыязы, бул жолу Баш-Куугандынын "Алабашын" ошол илгерки "Алабаштын" арбагы колдоду окшойт. Чоң саяпкер Аманкул Токтомамбетовдун бир тууганы Токтомамбетов Муханбеттин "Регистр" аттуу күлүгү экинчи келди. "Регистрдин" (бул жоргонун аты эмне себептен мындай аталат эч ким билбеди, кыязы, анын ээси "Госрегистрге" эмгеги сиңген адам болсо керек) кожоюну Мухамбет мырзага Салык кызматынын төрагасы Замир Осмонов 50 миң сом ыйгарды. Үчүнчү орунга коюлган байгени Чүй облусунун губернаторунун орун басары болуп бир кезде иштеген Маткеримов Султандын "Вулкан" аттуу жоргосу илип кетти.
Жорголордон кийинки кезек аламанга берилип, 16 чакырым аралыкка 42 күлүк күч сынашты. Күлүктөрдүн баш байгесине коюлган баасы 500 миң сом турган "Инфинити" кунаны 3-орунду ээлеп, 20 миң сом байге алган Эркин Тезекбаевдин "Чагылган" аттуу күлүгүнө буюрду. Экинчи болуп Чаектин "Ак ниет" деген күлүгү келип, 100 миң сом байгени ээси Аязбек алды. Ат оюндары кызуу жүрүп жаткан кезде тойдун көркүнө көрк кошуп Токтобек Асаналиев, алып баруучулук милдетти аркалаган Айбек Саралаев, Иса Өмүркулов баштаган бир топ ырчылар кулактын кужурун ала ырдап турушту. Бирок мындай тойдо төкмөлөр төгүп, аларды эл көрүп турса мыкты болмок. Жалпы элге сый тамак тартуулангандан кийин, райондук деңгээлде деп чектөө киргизилген көкбөрү оюну күүгүмгө чейин созулду. Жалпысынан 10го жакын команда ойноп, жыйынтыгында финалга чыгышкан Байзак айылынан "Тенти аке", Жаңы-Арык айылынан "Кызарт" командалары беттешип, CRV ( 2002-жылкы, баасы 300 миң сом) үлгүсүндөгү машинени жаңы-арыктык улакчылар "бөктөрүп" кетишти.
(Башы 11-бетте)
Өткөндө малчылардын тоюнда топ байгенин баарын утушкан Байзак айылына бул жолу бир да байге буюрбады. Кыязы, алар бул жолу өздөрүнө өтө эле ишенип, кыйын сезип алышкан окшойт.
Биринчи маселени колго алуу зарыл
Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартылган, не бир күлүктөрдүн буттарын тыбыраткан той тойлорго улана берсин, той бергендер ток курсак болуп кубана берсин! Бирок менин жеке оюмда Байзак баатырдай улуу инсандарга берилген ушундай тойлор биринчи маселе эмес, экинчи маселе болушу керек. Себеби, канча дүңгүрөтүп той берсек да, баары бир-эки күндө өтүп кетет. Эртең эсте калганы калат, калбагандары унутулат дегендей. Биринчи маселе дегеним, кыргыздын ар бир тарыхый инсанын өз ордуна татыктуу коюш керек. Алар жөнүндө: терең изилдеп, көркөм, документалдуу, тарыхый китептерди чыгарып, кинолорду тарттырып, мектептерде, жогорку окуу жайларда окутуп, керектүү жерге музейин ачтырып, эстелигин тургузуп, ысымын чоң көчөлөргө, айыл, район ж.б. ыйгарып. Мына ушундай урпактардан урпакка мурас катары кала турган ушундай уңгулуу иштер Байзак баатырга да түздөн-түз тиешелүү. Байзактын өмүрү, баскан жолу, баатырдык, көрөгөчтүк иштери али толук изилдөөгө алына элек. Бир кезде Абдыхалил Молдалы улуу жазган "Байзак баатыр" деген кичинекей китептен башка китеп жок. Байзактын жасап кеткен баалуу иштерин анык далилдеген фактылар Россиянын, Өзбекстандын, Казакстандын, Кытайдын мамлекеттик архивдеринде бизге кол жеткис болуп сакталып турат. Жолун таап, каражатты сарптап мына ошол архивдерди аңтарып, баалуу маалыматтарды алып келиш керек. Байзак Шабдан баатыр менен Курманжан даткадан ашса ашкан, асты кем эмес инсан. Аттары аталган эки инсандын учурда жылдызы жанып, мамлекет тарабынан толук бааланып турат. Китептер жазылып, кинолору тартылып... Турускулов Жыргалга окшогон баатырдын колу ачык урпактары ушул маселени эске алышы зарыл. Айрымдар Шабданды Шабдан кылган Байзак деп айтсак, абдан чычалашат. Туура, кыргыз тарыхында Шабдандын орду өтө чоң. Тарыхый инсан катары өзү калыптанган адам. Бирок "Шабданды Шабдан кылган" деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Байзактын Шабданды Алайдан өлтүрүп кое жаздаганда аман алып калганын айтсак жетиштүү болоор. Андан тышкары, Шабдан өз кезегинде чоң топту, чоң курултайды Байзаксыз баштаган эмес. Себеби, Байзак анын акылына акыл кошуп, туура сунуш, пикирди айтып турган.
Акырында Жыргал байкебизге кичинекей сунуш. 7-8 жылдан бери Байзак баатырды райондук деңгээлде даңазалап келесиз. Бакыйтып, арбын акча сарптап, жол боюна эстелигин тургуздуңуз. Жумгал эли ал ишиңизге ыраазы! Бирок эстелик тургузуудагы, балким учурунда эске алынбаган аздыр-көптүр кемчиликти гезит аркылуу кайрылып айткым келди. Эстеликке Байзак деп бакыйтып жаздырдыңыз. Бирок эмне үчүн Байзактын атасынын атын жаздырбадыңыз? Мусулманчылыкта өлгөн адамдын атына эмес, атасынын аты кошо аталып куран окутуларын жакшы билесиз. Байзак кимдин баласы болгонун баары эле биле беришпейт да. Байзакка багыштадык деп окулган куран өз дарегине жетеби? Өз атын, атасынын атын туура атабаса, куран арбактар арасында талашка түшүп калат деген сөз бар. Ошон үчүн бул сунушту эске алып, эстеликтин чоку жагында Байзак деп жазылып турган кызыл мрамор ташка Байзак Тооке уулу деп жаздырып, түзөтүү киргизип коюшуңузду көптөн-көп өтүнөм! Бул сунуш жалгыз меники эмес, башка адамдар да байма-бай айтып жүрүшөт. Ар бирибизге ата-бабаларыбыздын арбагы ыраазы болуп, Кудай колдосун деген ак тилек менен сөзүмдү жыйынтыктайын!
PS: Окурмандардын эсине, гезиттин кийинки санында Байзактын баласы Ажымүдүндүн кызы Кадиса апабыздын маегине орун бермекчибиз.
Айбек Шамшыкеев