Нуркыздын өмүрүн өчүргөн айбан жазасын алсын!
Үстүбүздөгү жылдын 7-июнь күнү саат 12-30да Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө Челпек айлынын түндүк тарабынан 18-20 жаштагы белгисиз кыздын өлтүрүлгөн денеси табылганы жөнүндө маалымат түшкөн.
Бул кыз 1997-жылы туулган Жети-Өгүз районунун Балтабай айылынын тургуну Нурдинова Нуркыз болчу. Ал Каракол шаарындагы медициналык окуу жайынын 2- курсунун студенти болгондуктан, бул күнү таңкы саат 7лер чамасында Караколго бара жаткан. Ошол каргашалуу күнү ал окуусуна шашып баратып айбан сындуу бирөөгө жолугуп калам деп ойлобосо да керек. Денесинде көптөгөн жаракаты бар, кыйнап өлтүрүлгөн 16 жаштагы кыздын тагдыры жалпы көлдүктөрдүн үшүн алып, жаш кыздын кырчындай өмүрүн кыйган адамга наалат айтпаган киши калган эмес. Айтылган факты боюнча Ысык-Көл облустук, Ак Суу райондук ички иштер бөлүмүнөн иликтөө группасы түзүлүп, ишин баштаган. Анын жүрүшүндө бир нече версия түзүлгөн.
Ысык-Көл облустук ИИБнын башчысынын биринчи орун басары Нурлан Сарчиевдин маалыматына таянсак, оперативдүү маалымат боюнча, Бишкек шаарына көлдөн курулуш ишин жүргүзүүгө бир жигит келет. Ал кандайдыр бир кылмыш жасап качып келгени жөнүндө жанындагыларга айткан. Ушул маалыматты иликтөө үчүн Бишкек шаарындагы Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы областтык ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмү менен бирге Бишкек шаарында бир группа түзүлгөн. Мындан сырткары, областта дагы бир группа иш алып барган. Бишкектеги группа ал киши ким экенин аныктап, ким менен сүйлөшүп турат, туугандык байланыштары, эмнеге Бишкекке келгенин иликтеген. Бул иш-чараларда ал адам 1991-жылы туулган Ысык-Көл облусунун Дархан айлынын тургуну Асылбек уулу Элдияр экени аныкталган.
Күбөлүк база көрсөткөндөй, Нуркызды таң эрте салып кеткен машина "Гольф" же "СRV" машинасы болушу керек эле. Жаан жаагандыктан, анын түсү так аныкталган эмес. Көрсө, күмүш түстө "СRV" машинасы Асылбек уулу Элдиярдын атасына катталган экен.
Кылмышка шектүүнүн жашаган жеринде иликтөө ишин жүргүзгөн группа анын спирт ичимдигин иче калып жүргөн адам экенин, кылмышка барышы мүмкүндүгүн билдиришет. Себеби, бул жигитти билгендердин айтуусунда, ал ичкиликке тоюп алып рулга олтурган күндөрү көп эле болгон. Айдоочулук күбөлүгүн алдырган да учуру катталган. Милицияга бир нече жолу түшкөн. Асылбек уулу Элдиярды кармоо чечими кабыл алынгандан кийин ал Ысык-Көлгө алынып келинген. Иликтөө ишинин жүрүшүндө анын үйүн тинтүүдө Нуркыздын кол чатыры алынган. Бул буюм Нуркызга тиешелүү экенин ата-энеси да тастыктаган. Мындан сырткары, "Самсунг" үлгүсүндөгү чөнтөк телефону да табылды.
Мурдагы күнү коңшу айылдыктар менен футбол ойноп, ал катышкан команда утуп алганын "белгилеп", түнү бою аракка тойгон эргул ошол күнү Каракол шаарына Ринат деген досуна келе жатып, жол тозуп машинасына олтурган кызды салып, Караколго жетпей, трассадан 50 метр чыгып, Челпек айлына кетчү жолдогу эски май куюучу бекет жакка машинасын токтоткон. Кызды сабап, кордоп өлтүрүп, денесин ыргытып жибергенден кийин келе жатып машинасы бузулуп калган. Ал Каракол шаарындагы машина оңдоочу жайдын бирине аны токтотуп, оңдотуп алып кетүүгө акча каражаты болбогондуктан, ошол жерде калтырган. Машина ошол боюнча токтогон ордунда турган, аны тинтүүдө салонунун ичинде, чехолдо набыт болгон жаш кызга тиешелүү кандын тамчылары, чачы, чачка тагылган заколкасы табылган.
Асылбек уулу Элдияр өз күнөөсүн мойнуна алып, окуя кандайча болгонун толук айтып берген. Албетте, ал учурдагы каргашалуу окуядагы ар бир кыймылды, ал окуяны толук жазсак, окурмандын жүрөгүн оорутарбыз. Өзгөчө Нуркыздын жакын туугандарынын, дал ошол күнү аны Караколго кетчү машинага өз колу менен узатып сала албай, ошол учур арман болуп, кан жутуп какшап ыйлап турган эне байкуш үчүн оор болор. Андыктан, ал окуяны сүрөттөөдөн баш тарттык. Бул бир сөз менен айтканда, тозоктун отунда күйчү адамдын жасаган иш-аракети. Учурда Элдияр оор кылмыш жасаган деген шек менен жаза аткаруу мамлекеттик жайында.
Нуркыз болсо мектепти ийгиликтүү аяктаган, медициналык окуу жайында дагы артыкчылык стипендиясын алган татынакай кыз эле. Үй-бүлөөсүндө эң улуусу, андан кийин бир эркек, бир кыз бир туугандары бар. Ошол каргашалуу күнү ал 80 жаштагы чоң апасына "700 сом стипендия алдым. Сизге эмне сатып ала келейин?" деп тамашалап кеткен. Эч бир жаман ою жок, келечекте адам өмүрү, ден-соолугу үчүн кам көрүү кесибин тандаган Нуркыздын өлүмү жөн жеринен көл жеринде чоң резанансты жараткан жок. Жаткан жери жайлуу болсун!
Ал эми баардыгын аракка шылтаган Элдияр ушул убакытка чейин кантип жашап келгенин ким билсин. Ал ошол күнү чын эле жалгыз болду бекен деген дагы суроо туулат. Азырынча ал кылмышты өзү жалгыз жазаганын айтууда. Эмоцияга берилгендер ачууга алдырып, "анын үйүн өрттөш керек", "бул жигитти ташбараңга алуу керек" деген пикирди да айтып жиберишти. Ал тургай ал чоңоюп-өскөн үйгө да барышкан. Бирок, анын ата-энесинин, бир эркек, бир кыз- эки бир тууганынын бул жерде күнөөсү канчалык? Кылмыш жасаган адам мыйзам чегинде өз башы менен жооп берсин. Ал эми ушундай чолпондой өмүрлөрдү кыйган, кичинекей наристелерге кол салган айбандар үчүн мыйзамдар катуу болуш керек. Аларга өлүм жазасын кийирүү зарыл болуп турат!
Жумагүл БАРКТАБАСОВА