presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Микрокаржылоо карапайым калк үчүн
Микрокаржылоочу мекемелердин өлкөбүздүн каржы рыногунда өзүнүн орду бар. 1995-жылдары биринчилерден болуп, чет элдик инвесторлордун жардамы менен "Финка" Микрокаржылоочу мекемеси биздин рынокко кирип, кулачын кенен жаят. Бул мекеме алгач өз кызматын Чүй облусунан баштайт. Алгач жашоосу ортодон төмөн болгон адамдарга өз кызматын көрсөтө баштайт. Кыска аралыктын ичинде бүт Кыргызстанды кучагына алып өзүнүн ордун бат эле табат. Андан кийин "Бай түшүм" Микрокаржылоочу мекемеси рынокко аралашып эл оозуна алына баштайт. 2000-2005-жылдары мындай Микрокаржылоочу мекемелер өлкөбүзгө кулачын кенен жайып, тез өнүккөнүн баамдасак болот. Мындай деңгээлге жетүүдө Улуттук банктын салымы чоң десек жаңылышпайбыз. Анткени Улуттук банк 2002-жылы "микро каржылоо уюмдары тууралуу" мыйзамын кабыл алат. Бул мыйзам Микрокаржылоочу мекемелерди түзүүдө жеңилдетилип, алардын бат өнүгүүсүнө шарт түзгөн.
Улуттук банк мындан тышкары 2006-2010-жылдарга микро каржылоо тармагын өнүктүрүү багытында чет элдик донорлордун жардамы менен иш алып барып, ал өз жыйынтыгын берди. Мисалга алсак 2010-жылы карапайым калктын 2-4 пайызы же 220000 кардар, кредит портфелинин жалпы көлөмү 6-7 млрд. болсо, ушул эле жылдын 31-декабрында кардарлардын саны 391210го жетип, калктын 7 пайызын камтып, кредиттик портфелдин көлөмү 11,1 млрд. сомду чапчыган. Бул салыштыруу менен эмнени айткым келди бул деген биздеги микро каржылоо мекемелеринин активдешип, калктын калың катмарына жеткени.
Микрокаржылоочу мекемелер азыркы заманда карапайым элибиз үчүн аябай керек. Анын бирден-бир себеби аны алуу жеңилирээк. Алар:

1.Чогулта турган документтердин саны аз
2.Кыска мөөнөттүн ичинде алууга болот
3. Каалаган мөөнөткө алсаң болот
4. Күрөөсүз.
Бул Микрокаржылоочу мекемелердин дагы бир жакшы жагы, алыскы аймактарга чейин барып, карапайым калкка кызмат көрсөтүүсү. Анткени биздин алыскы тоолуу региондорубузда банктардын филиалдары жоккко эсе.
Кыргызстанда микро каржылоо уюмдарынын саны 2005-жылы 134тү түзүп, кардарларынын саны 52125ке жетип, насыянын орточо көлөмү 28,5 миң болсо, 2010-жылы 396 мекеме, кардарлар 371913, насыянын орточо көлөмү 26,7 миңди камтыган. Ал эми кредиттик союздардын саны 2005-жылы 320 болсо,2010-жылы 217ге азайган. Биз муну менен нени айткыбыз келди? Микро каржылоо уюмдарынын өнүгүшү менен кредиттик союздардын саны азайган.
Улуттук банк микро каржылоону андан ары өнүктүрүү багытында 2010-2015-жылдарга өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыкты. Бул стратегиянын бирден-бир максаты - аз камсыз болгон калктын катмарын жакырлыктан чыгаруу, аларды дайыма пайызы төмөн насыялар менен камсыздоо, узак мөөнөткө берүү болуп эсептелет. Алсак 2015-жылга калктын 10-11 пайызын камтып, кардардын санын 550-600 миңге, кредиттик портфелдин көлөмүн 20-22 млрд сомго жеткирүү. 2014-жылдын 30-июнунда эле кардарлардын саны 448065 түзүп, калкты камсыздоо 8-9 пайызга жеткен. Бул көрсөткүч алдыдагы бир жылдан ашык убакытта дагы өсүп, көрсөтүлгөн пландарды аткарууга мүмкүн экенин айгинелейт. Микрокаржылоочу мекемелердин башкы максаты - алыскы региондорго чейин жетип, карапайым элге жеткиликтүү деңгээлде финансылык кызматтарды көрсөтүү аркылуу жакырчылыкты жоюу болуп эсептелет. Бул мүмкүнчүлүктөр аркылуу карапайым элибиз өзүн жакырчылыктан алып чыгат деп ойлойбуз.
Тилек Рыскулов





Карыз алам деп капканга түшүп калбаш үчүн...
Бажы уюмуна киребиз деген маселе башталгандан бери баарыбыздын санаабыз санга бөлүнүп жатат. "Кымбатчылык каптайт экен, азык-түлүктүн баасы асманга чыгат экен" - деген сыяктуу кооптуу кептер кайра-кайра айтылчу болду. Өзгөчө Орусияга көз карашы оң эмес, АКШ баш болгон батыштын бардарчылык жашоосуна суктангандар, ошолорго ыктагандар Бажы уюму тууралуу уккусу да келген жок. Айтор Кыргызстанда азыр кымгууттук өкүм сүрүп, "киребиз менен кирбейбиздердин" маалыматтык кайым айтышуусу күч алууда. Бирок ал жагына дагы, бул жагына дагы тартпай калыс карасак, элибиздин эртеңкиси үчүн коңшуларыбыз, тагыраагы Орусия жана Казакстан менен бирге болгонубуз көөбүрөөк пайда берчүдөй. Анткени ал уюмдун аркасы менен биз үчүн ири рынок ачылганы турат. Алып сатарлык менен алектенген Кыргызстан бир нерсени өндүрүүгө өзү аракет кыла баштайт. Ошондо анан өнүгүү башталат.
Эми бул жалпы көрүнүш. А негизи байгерчиликте жашоо ар кимдин өз колунда. Ошондуктан элибиз кымбатчылыкта кыйналабыз деп эчкирбей, эмитеден чыйралып, Бажы уюмунун балын татып калууга өз аракетин кыла башташы керек. Айрым аракетчилдер берекетин да көрүп баштады. Кыргызстанда Кудайга шүгүр микрофинансылык уюмдардан көп неме жок. Акча алып, бизнестин битин сыгам десең жолуң ачык. Болгону башты иштетип, алдыга куру кыял менен эмес, так жана даана эсеп менен ишти баштасаң, бакубатчылыктын эшиги анчалык деле алыс эместей. Баарыбыз коркуп жаткан Бажы уюму бизге айрым саясатчыларыбыз айтканындай толгон-токой балээден башка, 200 миллионго жакын калкы бар эбегейсиз ири рынокту ачып бергени турат. Эл катары жакшы жашагысы келгендер бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбай, эбин табышы керек. 200 миллион адам деген оңой эмес. Акылы бар айрымдарыбыз азыртадан тартып күнүмдүк көр тириликти эле эмес, келечекке да кеңири карай баштады. Дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерди, мал багууга жарай турган сарайларды сатып алууга ашыккандар аз эмес. Жер - жемиш көчөттөрүн тиккендер да көбөйдү. Мунун баары өз кезегинде сөзсүз түрдө жемишин берет. Албетте алдыга жылам, бизнес кылам дегендер үчүн булар ишкерликтин эң эле примитивдүү ыкмалары. Эзелтеден мал багып, багбанчылык, дыйканчылык кылып келген элибиз үчүн булар анчалык деле оор иш эмес. Азык-түлүк, кайра иштетүү, жеңил өнөр өнөр жайы жана башка өндүрүштү айтпаганда да, жок дегенде жогоруда саналган чарбачылыкты чанбай, алдыга жылдырып кетсек, эртең кыргыз айылдары кадимкидей көтөрүлөт. Азыр деле жаман эмес, Кудайга шүгүр. Тээ Ат-Башынын тоолорунда өздөрүнө кычыраган хан сарай, малына терезе - эшиктери пластикалык айнек менен жылууланган сарай салып, короосуна кымбат баалуу жипти токтотуп коюп оокатын кылып жаткан мекендештерибиз бар. Же Ысык-Көлдүн тескейинде гектарлап алма, өрүктүн көчөтүн тигип, түшүмү менен оокатын оңдоп жаткандар да толуп жатат. Эгер Бажы союзу бапыраган базарын ачып берсе, айылды көтөрүүгө көп мүмкүнчүлүк ачылганы турат. Муну азыртадан аңдап-түшүнгөндөр аракетти баштады. Албетте ишти баштоодо элибиз акчаны асмандан албайт, банктардан, микрофинансылык уюмдардан алат. Алдым-жуттумдар менен сүткорлордун заманы күчөп турганда бул жагынан да жаза тайып жаңылбай, жакшылап ойлонгонубуз дурус. Негизи микрофинансылык уюмдар дал ушул орто жана ортодон төмөнкү катмардагы калкты камкордукка алуу, оокатын оңдоп алуусуна шарт түзүү максатында уюшулган. Муну ойлоп тапкан Муххаммед Юнус деген профессор өтө жакыр жашаган бангладештик мекендештеринин жашоо-шартын оңдоону көздөгөнүн көпчүлүк биле бербейт. Азыркы биздеги микрофинансылык уюмдарды түптөгөндөрдүн көбү баштапкы максатынан тайып, аз убакытта көп акча табууну көздөп, сүткорлук менен шугулданып жатканы жашыруун эмес. Ошондуктан далай мекендештерибиз жакырчылыктан чыгарууга эмес, жакырчылыктын сазына тумчуктурууга багытталган микрофинансылык уюмдардын туткунунда калып карызга батып, айласы кеткенде муунуп өлүп же качууга аргасыз болууда. Мындай мисалдар өлкөбүздө өтө эле көп. Микрокредиттик уюмдардын саны Кыргызстанда 200гө жакын. Анын баары эле ак ниеттүүлүк менен иш алып барат деп айтууга ооз барбайт. Арасындагы айрым акмактарынын айынан нааразычылык акциялары катуу барып, кайра тынчыганын билебиз. А негизи таза иштеген микро креддиттик уюмдар - иш баштоого өтө ыңгайлуу. Алардын ири банктардан айырмачылыгы эмнеде? Бул кредиттик сунуштарды кароонун ийкемдүүлүгү жана эң башкысы кыска мөөнөттө сиз каалаган сумма колуңузга тийгендиги. Адатта банктардан кредит алууну каалагандар толгон токой документ чогултушу керек, иштеген жеринен тастыктама кат алышы керек, алган айылыгы тууралуу так отчетун бериши керек. Анан дагы аларың барымтага деп үй-мүлкүңдү алып коет эмеспи. Ошондуктан бул жагынан микрофинансылык каржылоо мыкты жардамчы десек ашыкча болбос. Анан дагы микрофинансылык уюмдардын дагы бир артыкчылыгы алардын өлкөбүздүн бардык бурчунда кенен жайылгандыгы. Алыскы аймактардагылар Бишкекке келип убара тартпай, өз жеринде эле ишин бүтүрсө болот. Колдон келсе кредити жок эле иш баштап, ар ким өз акчасы менен бутуна турса эң жакшы болмок. Бирок андай мүмкүнчүлүк көптүн биринде эле бар. Арга жок, алдыга жылуу үчүн кредит алууга туура келет. Экономикалык карым-катнаш жаатында көпчүлүгүнүн сабаты ойдогудай эмес. Карыз алам деп капканга түшүп калбаш үчүн кредит алып жаткан жарандарыбыз жети өлчөп бир кесип, терең ойлонушу керек. Алдын ала эсеп-кысабын жүргүзүп, "төлөй аламбы" деп бир сыйра каржы булактарын пландап көрүшү керек. Кредиттик уюмду тандоодо дагы өтө кылдаттык талап кылынат. Эринбей туруп ал уюмдан буга чейин акча алгандарды сураштырып, өткөн тарых-таржымалын иликтеп чыккан ашыктык кылбайт. Эң башкысы кол коердун алдында келишимдин шарттарын жакшылап окуп, түшүнбөгөн жерлерин адистерден сурап алганыңыз оң. Кредиттик келишимдин долбоорун үйүңүзгө алып кетип 3 күн окуп, толук түшүнүп чыкканга Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Сизге уруксаат берет. Ошондуктан эч шашпаңыз. Баса, тобокелчиликке барбай, кредитти өзүбүздүн эле сомубуз менен алганыңыз оң. Күндөн-күнгө баасы өскөн доллардын наркы мындан кийин кымбаттоонун гана үстүндө жүрөөрүн эксперттер эскертип келишет.
Эрнис Балбаков










??.??