Академик акматалиев Президенттик комитеттин мүчөсү
Түштүк Кореянын Президенттинин Указы менен Азия элдеринин маданий шаары 2004-жылдан баштап курула баштаган эле. Жердешибиз академик Абдылдажан Акматалиев Түштүк Кореянын Президентинин Указы менен уюштуруу комитетинин беш чет элдик мүчөнүн (Автралия, Япония, Кытай, Камбоджа) бири болуп бекилген. Жакында А.Акматалиев Президенттик комитеттин мүчөсү катары Кванджу шаарында 29-30-сентябрда өткөн кезектеги жыйынына барып келди жана маданий шаардын толук курулуп бүткөндүгүн, 2015-жылы анын ачылышы күтүлүп жаткандыгын белгиледи. Биздин акын-жазуучуларыбыз, композиторлорубуз, режиссерлорубуз, сүрөтчүлөрүбүз өздөрүнүн чыгармачылыктарын дүйнөгө көрсөтүүгө шарт түзүлүп, толук мүмкүнчүлүк аларын, ошондой кыргыз элинин каада-салттары, үрп-адаттары да чагыларын А.Акматалиев билдирди.
Бул барышында окумуштуу Түштүк Кореянын Кванджу шаарында 1-2-октябрда өткөн "Азия маданий форумуна" да катышып, маданий карым-катыштын бүгүнкү ал-абалы жана келечеги жөнүндө баяндама жасады. "Айтуучулук өнөрү" проектиси беш өлкөнү - Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түштүк Корея жана Кыргызстанды камтыйт. Алты жылдан бери "Айтуучулук өнөр" комитетинин мүчөсү катары да академик Абдылдажан Акматалиев активдүү жана демилгелүү иш алып барууда. "Айтуучулук өнөр" проектисинин максаты - Азия элдеринин жомокторун, легендаларын бүгүнкү күнгө кайрадан байланыштырып профессионалдык жанрларында (аңгеме, повесть, кино, мультфильм, спектакль ж.б.) иштеп чыгып, жаштарды тарбиялоо, элдердин маданиятын бири-бири менен тааныштыруу болуп саналат. Проектинин негизинде конкурс уюштурулуп келет. Академик А.Акматалиев жетекчилик кылган "Айтуучулук өнөрдүн" конкурсунда "Манас", "Жаңыл Мырза", "Эр Төштүк" ж.б. чыгармалардын негизинде жаңы ойлорду чагылдырган драматург Б.Жакиев, режиссер Жалил Сооданбек, жазуучу Бактыбек Максүтов, театр сынчысы Жаныш Кулманбетов 1000 доллардан 18000 долларга чейин байгелүү орундарга ээ болушкан. 2014-жылкы конкурста филология илимдеринин кандидаты Асел Исаеванын "Манас жана кырк чилтен" деген чыгармасы биринчи орунду алган. Кыргыз эл сүрөтчүсү Марат Шарафидинов, балдар акыны Каныбек Жунушов, жумушчу топтун мүчөлөрү филология илимдеринин кандидаты Нурзина Ыйсаева жана Маданият министринин кызматкери Ринат Бакаев чакырылган.