"Алия" - табигый жактан таза, сапаттуу ун деп ишенимдүү түрдө айта алам

Курманбеков Данишбек- өзүнүн билим деңгээли менен өзгөчөлөнгөн, сүрдүү келбети менен таасир калтырган бул мырзаны көргөндө, "мына жетекчи ушундай болушу керек" деген ой кетет. Ар нерседен аз-аздан алынып куралган төмөндөгүдөй кызыктуу маегибиз, өлкөбүзгө ун жана макарон кесмеси менен таанылып келе жаткан, "Алия" соода маркасы, тактап айтканда, Токмок шаарында жайгашкан "Казгрейн" ун заводунун аткаруучу директору Курманбеков Данишбек Муратович менен болмокчу.


- Данишбек мырза, ар бир маектин башында, "кай жердин кулуну, кандай ата-эненин уулу болду экен" деген суроо жаралат экен?
- Мен кыргыз жеринин бермети болгон Ысык-Көлдүн Ак-Суу өрөөнүнүн кулуну болом. Өлкөбүздүн билим берүү системасына чоң салымын кошкон мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлүп, татыктуу тарбия алып чоңойдум деп айтсам жаңылышпайм.
- Билимге чоң маани берет экенсиз, муну ата-энеңиздин салымы деп түшүнсөк болот турбайбы?
- Ооба, билим мен үчүн эң маанилүү нерсе. Студенттик күндөрүм өлкөбүздөгү оор кырдаалга туш келип, (1995-96-жылдар) сессияга уруксаат алып кириш үчүн контракт төлөй албай кыйналганымда да, окуумду таштап кетүү деген ой болгон эмес. Ал убакта мен Кыргызстандын Эл аралык университетинде окуйт элем, сабактан маанайым жок чыгып үйгө кетип баратып, капыстан эле, жолдон өзүмө керектүү акчаны таап алдым. Мына ошондо, мени оку деген үстүнөн келген белги экенин түшүндүм.
Ал эми магистратура деңгээлин Түркиянын Мармара университетинде улантып, эмгек тажрыйбамды Казахстан, Россия, Түркия өлкөлөрүнүн ири ишканаларында өтөп келдим.
- Анда Кыргызстанга келип, жаңы, чоң заводду жетектөөңүз, ири ишканалардан алган тажрыйбаңыз менен бөлүшүү турбайбы?
- Ооба, өлкөбүздүн келечеги кең, биргеликте иш чоң максаттарга жетээрибиз анык. Ал эми мен жетектеген завод, өзүнүн заманбап технологиясы менен айырмаланган, жогорку сапаттагы продуктыларды чыгарган мекеме. Мындай заводдордун саны жогорулап, жумуш орду көбөйүп, өлкөбүз ири өлкөлөрдүн катарына кошуларына ишеничим зор.
- "Алия" соода маркасы жаңы чыгып келе жаткан марка деп билебиз. Башкалардан айырмаланткан өзгөчөлүктөрү эмне деп айта кетмексиз?
- Алия уну- жогоруда айтылгандай заманбап технология болуп саналган Алапала техникасы менен иштетилип чыгат. Алапала - бул дүйнөдөгү ун заводдорунун техникаларын чыгаруучу эң ири ишканалардын бири. Эч кошулмасы жок, табигый таза, жогорку сапаттагы буудайдан чыккан ун- бул биздин "Алия" уну деп ишенимдүү айта алам.
Ал эми макарон азыктарыбыз Россия, Түркиядан алынып келген "дурум" аттуу акталган буудайдан жасалат. Башка макарон азыктарынан айырмасы болуп, кайноо учурунда эч эзилбейт. Бул нерсеге себеп деп, буудайдын катуу сортторунан жасалгандыгын айта кетким келет.
- Демек, башка ун жана макарон азыктарынан жогорку сапаты менен айырмаланат турбайбы?
- Жогорку сапат бул биздин биринчи койгон максатыбыз. Бул нерсенин далили катары, Кыргызстан боюнча биринчи болуп, биздин тармак боюнча ISO 9001:2008 сертификатын алгандыгыбызды айткым келет.
- Ушул сертификат жөнүндө кененирээк түшүндүрө кетсеңиз
- Бул сертификат Европа өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнөн куралган комиссиянын жыйынтыгы менен берилет. Менеджменттин сапаттуулук системасы, Италиянын S.p.A компаниясы тарабынан далилденди. Бул компания продукциянын сертификациясын баалоо тармагында лидери болуп саналат. Башка ун заводдорунан айырмаланып, бул сертификатты биринчилерден болуп алгандыгыбыз, албетте, биз үчүн аябай чоң сыймык. Эми болсо, алдыда, Евразия өлкөлөрү боюнча бериле турган "Халал" сертификатын алуу максаты турат.
- Данишбек мырза, өзүңүздүн кардарларыңызды кандай элестетесиз жана эмне каалай кетмексиз?
- Биздин кардарлар үй кожойкесинен тартып, Италиялык ресторандын шеф поварларына чейинкилер деп эсептейм (күлүп). Анткени, биз тартуулаган жогорку сапаттагы продукция өзүнүн төмөн баасы менен бардык кардарларга жеткиликтүү.
Ал эми бардык кардарларыбызга, деги эле жалпы журтка кааларым, үй-бүлөгө ыйман, дүйнөгө тынчтык, дасторкон толо нан кааламакчымын.
Татынакай жубайга татыктуу жар, эки балага сүйүктүү ата болгон Данишбек мырза менен маегибизди аяктап жатып, өлкөбүздүн гүлдөшүнө чоң салым кошкон ушундай жигиттердин көп болушун каалап кетмекчимин.