Улукман Мамбет Аталыкка
Ала-Тоодон аккан суулар мол болот,
Ала-Тоодон чыккан жолдор кең болот.
Ала-Тоону улуу кылган, зор кылган,
Азаматтар Сиздей Баатыр, эр болот.

Улукмандар ажалдан да жалтанбайт,
Улуу адам майда адамга байкалбайт.
Мааниси жок далай жандар картайды,
Мамбет абам өмүр бою картайбайт.

Алганынан арбын анын бергени,
Ардакташып, сыйлап турат эл-жери.
Аңыз болуп, жомок болуп айтылар,
Адамдарга жасап келген эмгеги.

Дагы далай көзү ачылар чындыктын,
Даңкы жанар арасында жылдыздын.
"Мамакеев Мамбет" деген ат менен
Дүнүйөгө аты тарайт кыргыздын.

Узак жашап уул-кыздан кызык көр,
Аалам кезип, Ак шумкардай сызып көр.
Сиз дагы да дал ошончо жашаңыз,
Бизде канча жашап турса Ысык-Көл.

Куттуу болсун, аба, алтын башыңыз,
Куунап-жыргап, кубанычка батыңыз.
Сексен жети... ага кошуп сексенди,
Жүз алтымыш жети жаштан ашыңыз!

Баарыбыз ушинтип жаздык. Чогулуп алып кыжы-кужу болуп, талашып-тартышып жаздык. Бирок, жыйынтыгы Сизге айтар жакшы кебибиз эле.
Урматтуу Улукман Мамбет Аталык! Сизди туулган күнүңүз менен куттуктайбыз! Сиз кыргыз медицинасынын Аталыгысыз! Сиз улуу инсансыз! Сокен энебиз, балдарыңыз, неберелериңиз, чөбөрөлөрүңүз ар дайым аман болсун!
"Фабуладагы" балдарыңыз





Жоомарт Оторбаев
чыныгы жигит окшобойбу
Жакында эле кыргызда ондогон жылдар барып араң жолукчу бир окуя болду. "Манас" кинотеатрында аз мурун чыкса да атагы аалам аралай кеткен "Курманжан датка" фильми болмок да. Эл келип жатат дейт. Бир маалда эле фильмдин режиссеру Садык мырза көргөн көзүнө ишенбей кетип жатпайбы. Анткени, көрөрмандар менен аралаш Кыргыз Республикасынын премьер-министри Жоомарт Оторбаев жубайы жана энеси болуп эл катары белет алып, сабын бузбай кезекке туруп, кино көргөнү келиптир да. Мына ушул окуядан канча сабак! Эгерде Жоомарт Оторбаевден башка бирөө болгондо, тиешелүү адамдардын баарын, милийсасын бутка тургузуп, машинасын коштогон машиналарды "улутуп-уңшутуп", кино башталар убактан атайылап эле бир топ кечигип келип, басар-басмаксан болуп, даярдалып коюлган алдыңкы орунга эптеп олтурган болуп… сөз кыскасы, кааданы аябагандай күтүп туруп келмек да. А бу Жоомарт мырза андай эмес экен. Биздин гезит өкмөт тарапты жалаң эле сындап жүрүп, Жоомарт Оторбаев мырзаны да сындап турбадыкпы мурунку күү менен. Кийин-кийин билип жатпайбызбы бирнерсени, көрсө, Жоомарт мырза өтө токтоо, арамы жок, билимдүү, анан да илгерки кыргыздын манаптарына мүнөздүү сыпайылыгы бар экен да. Сураштырдык, бу мырзанын оозунан жаман кеп чыкпайт экен, демек жакшы адам! Биздин, кыргыздын кийинки чиновниктеринин дээрлик көбү акылсыздыгынан, жөнсүздүгүнөн айдама болуп бүткөн да. Аларга жылуу сөз таасир бербейт, аларды келиштире сөгүп, керек болсо какыс-кукус кылып туруш керек. Ал эми Оторбаевдин дилинде андай курал жок. Анын сыпайы гана кеби бар окшобойбу, мээси барлар түшүнчү. Эгерде премьер-министрди сыйлаган адамдар өкмөт курамында болсо, анда жакшы. Жакшы адамга жакшы мамиле кылыш керектигин кудай таалабыз эреже кылып берген бизге. Демек, Жоомарт Оторбаевдин иши дурус болушу керек.
Жогорудагы пикир кошоматчылыкка коошпойт!

Баратбай аракеев