Эмдиги парламентке эмитеден кам көргүлө

Өткөндө жазганбыз, бизден башка гезиттер да удаалаш жазып жатат: парламент жөнсүз адамдарды саясий жооптуу кызматтарга коюлбасын деген мыйзам долбоорун кабыл албай четке какпадыбы. Дал ошонусу эң жаман окуя болду. Мыйзам долбоору 81 добуш менен кабыл алынмак экен, 120 депутаттан ошончосу "оң чыкпады". Эл "бу парламентте олтургандардын ичинде "карала" иштерге аралашып калгандары бар эмеспи, ошонун натыйжасында керектүү мыйзамды кабыл албай коюшту дегенди айтып жатат, жини келгендери бар, "жолуңар болсун" деп кол шилтеп койгону бар, айтор, нааразылык деген дааналанып турат…
Ушул парламент иштей баштаганда элибиз тегиз сүйүнгөнбүз. Анан эмей, Акаевден тажап, Бакиевден ого бетер тажап калган жаныбыз "парламенттик башкаруу деген укмуш экен, баланча деген өлкөлөрдү карачы, бейиштин өзүндө, өзүндө гана эмес төрүндө жүргөндөй жашап жатышат" дегенден арбын угуп, сугубуз артып суктанып турдук да. Ошол парламенттик башкаруу бат эле келсе экен деп күттүк да! Күтпөй калалы! Бу балакет баскан башкарууңдун баш-аягы билинбей турганы. Парламентке толуп алган 120 депутаттын баары бир укукта туруп алып башкаруу керек экен, ал мыйзам тигилердин дилине жетпей, жетсе де жеке кызыкчылыгы бийлеп кетип жатпайбы. Акыры келип жеке кызыкчылык деген "сенден мен кыйын" деген чекке да жеткирип таштайт экен: бирге-бир чыгып, эки-экиден болуп, топ-топ болуп кызыл чеке болгонду жаратат экен, аны менен кошо этика деген маанилүү нерсе тебелендиде калып, базардагыдай эле айтыш уланып турат экен, аягы үзүлбөй. Баарыдан да бир партияга биригип "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарган" болуп шайланып келип эле, канча баш болсо ошончо жака, канча кол болсо ошончо жең болуп чаң-асманы түшүп калат экен. Ушундай экен парламенттик башкаруу дегениңдин өзү. Дагы бир аз улай түшөлү. Анан ошол парламенттик башкаруу дегениң өкмөт курамын түзүп, ана эмесе, өкмөттөгү кызматтарды, бөтөнчө берекелүү кызматтарды талашып, өз адамдарын койдуруу үчүн ар кандай амалдарга барып, интригалар жасалып, каралоолор чыгып… "чакан казат" болуп турганын айт. Анан тытышып жатып "тургузуп" алган өкмөтүң аз күн өтпөй эле Кытай товарларындай жараксыз абалга келип жатпайбы, "өкмөт десек кытай товарын, кытай товары десек өкмөттү" элестетип жатпайбызбы. Мына ушул жогорудагы негативдин баары парламенттеги депутаттардын биригип иштей албай жаткандыгынын "жемиши" болуп жатат. Парламенттик башкарууну алып келген Текебаев баш болгон саясатчыларды деле бир жактуу күнөөлөгөн болбойт, алар деле жакшылык кууган да. Бирок, "эмне өлүп көрүптүрмүнбү" дегендей болду да… А балким, парламенттик башкаруу өз жемишин бербей жаткандыгы, ага жөнсүз адамдардын көптүгүнөн болуп жатпасын? Андай болушу да мүмкүн. Жок, мүмкүн эмес, чындык деген дал ушунда жатат: парламентке билимсиз, адамдыгы аз, акчанын, карьеранын артынан кууган, этика деген дилине жукпаган ж.б. "мандемдүү" адамдардын көптүгүнөн болуп жатат. Айтып келатабыз, башка айткандарды арбын угуп жатабыз: бул парламенттин курамында депутат деген атка татыктуу, эл ишенимин актап иштеп берчү азаматтар ашып эле кетсе жыйырмадай болот. Атаганат, тескерисинче ошол жыйырмадайы жөнсүз болуп, калган жүзү мыкты азаматтардан болсо эмне!
А балким, эмдиги шайлоодо парламентибизге кыргыздын накта кызы, накта уулу келер… Бирок, андан деле үмүт аз. Буга эки себеп бар, биринчиден, азыр парламентте олтуруп, депутаттыктын "май-талкан" турмушуна кынык алган немелер оңой менен парламенттен кетпештин түркүн иштерин жасайт, экинчиден, жаштар келсе дурус болор эле дегендерибиз да бар. Азыркы жаштардын арасында колдон суурулган суу куйдулар, атасы билбегенди билген куу капталдар, түз эле миллионер болуп алгысы келип улунуп-жулунган ач көздөр ж.б. арбын. Ошондой шуулдактардан эмдиги парламентке келиши мүмкүн.
Азыркы парламентти түзгөн партиялардын баары эле элге кадыры калбай баратат деп айтсак, бүтүмүбүздүн анча деле ачуулугу жок. Ошондо "Ата-Журт", КСДП, "Ар-Намыс", "Республика" жана "Ата Мекен" партияларын эл мурунку шайлоодогудай колдобойт. Анын көп себебинин бир азын айтпадыкпы. Ошондо алардын алдына чыкчу партиялар барбы? Жок эмес. Айталы, Темир Сариевдин "Ак шумкар", Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстан", Аскар Салымбековдун "Эмгек", Бакыт Төрөбаевдин "Өнүгүү-Прогресс" Эмил Өмүракунов "Замандаш" партиялары "ачыла элек сандыкта…" деген маани менен кетсе, анда колдоочулары көп эле болот.
Сариевдин "Ак шумкар" партиясы "тиш кагып" калган партиялардан. Өткөн шайлоодо аталган партия добуштарды жакшы эле алган, бирок, анын саны жетип бербеди. Партия лидери Темир Сариев билимдүү, адамгерчиликтүү инсан, анан ошол эки сапаты жуурулушуп келип, иштин көзүн билчү кызматкер сынындагы кызматкерлердин бири болду. Азырынча Сариев партиялык ишинде "тиги, бу…" деп айтпай турат, демек, бир билгени бардыр да…
Адахан Мадумаровдун "Бүтүн Кыргызстаны" деле ошол абалда. Мадумаровдун өзүн оппозиция тараптагы кээ бир билермандар "бийликке сатылып" кетти дегенди чыгарып алды. Анын азыркы кызмат оруну бийликке сатылып кетти деген маанини алып келбейт. Экинчиден, Мадумаров деле кыргыздын жигиттеринин алдыңкы сабында жүргөндөрдөн…
Аскар Салымбековдун "Эмгек" аттуу партиясы эл көзүнчө чабыла элек күлүктөй төрт аягы тыбырагансып турганы. Ал "күлүктүн" кандай тапталып жатканын кез-кези менен угуп калабыз, аны менен бирге таптап жаткан саяпкерин саресепке салабыз… Аскар Салымбеков кандай айтсак да кыргыздардын ичинен алгачкылардан болуп "бизнес" деген өтө коркунучтуу ишке баш коюп, анын соккуларына, сыноолоруна, азап-тозогуна чыдап берип, бүгүнкү күнү кыргыздын олигархтарынан болуп олтурат. Салымбеков билимдүү, кай ишке болбосун жөндөмдүү, дайыны жок шуулдаганды жек көргөн жигиттерибиздин бири. Партиясына кыргыздын мыкты уул-кыздары келип жатат деп угабыз, анысы чын болсо бул партия парламенттин маанилүү жеринен орун алышы бар.
"Замандаш" партиясын Мухтар Өмүракунов каза болгондон кийин анын агасы Эмил колго алган. Биздин билишибизче бул партиянын күйөрмандары чет өлкөлөрдө, биринчи иретте Россияда аябай эле көп. Аны менен кыргыз жергесинде да аз эмес. Демек, келерки шайлоодо "Замандаш" партиясы замандаштарынын колдоосу менен парламенттен орун алат деген тыянак бар.
"Өнүгүү-Пргресс" партиясы кийинки бир-эки жылдын ичинде пайда жаралып, калыптанып барат. Анын лидери Бакыт Төрөбаев, жеке мен билгенден токтоо, адамгерчиликтүү анын менен бирге билимдүү инсан катары көрүнүп келет. Айтылган сыпаттама жеке мени эмес, далайлардын пикири экенин да айтып коюшумдун ашыгы жок. Бул партиянын колдоочулары негизинен түштүк тарапта, бирок, түндүктө да колдоочулары оңой эмес санда экендигин угуп жатабыз. Бу партиянын да келерки парламентке олтуруп калуу мүмкүнчүлүгү бар.
Ооба дечи, аталган партиялар мен айткандай эле каз-катар туруп алып парламентте тизилип калат деген ой баягы эле кыргыздын чексиздикти билбеген ишенимине такалып турган чыгар. Бирок, кийинки саясий турмуш жогорудагы партиялардын келечегин дурус абалга жеткирип жатпайбы.
Бул жазылгандар албетте, жеке пикирдин жыйындысы, жалпы журтка ойлонууга жем таштоонун аракети, келерки шайлоо жакшылык алып келсе экен деген тилек…
Баратбай Аракеев