Оңтойсуз суроолор?
Мээңиз жетпеген иштен алыс болсоңуз кантет?
- Осмонбек Мамбетжанович, Сиз келгени энергетика тармагы сазга сорулуп баратканын айтып кейигендер арбыды. Мына энергетикага көтөргөн тарифтин баасын сот мыйзамсыз деп жокко чыгарып таштады. Контролерлор болсо электрдин наркын элден 3 фазасы бары-жогуна карабай 1 сом 20 тыйындан чогултуп, бийликти жек көрсөтүүдө. Сиз болсо 3 фазасы барлардын эки фазасын кырктырып жатасыз. Электр тармагындагы мындай башалмандыкка элдин кыжыры кайнап жатат. Коомчулукту кыжалат кылгандан башка колуңуздан бир нерсе келеби? Эмне бийликтин партиясынан болсоңуз эле мээңиз жетпеген ишке жармашып, чалмакей чала бересизби? Калың журтту кыйнабай дарыңызды сатып, тынч оокатыңызды кылсаңыз кантет? Сиз жетекчи болуп келгени электр тармагы Бакиевдердин тушундагыдан да жаман болуп, кедеринен кетип баратат. Же калппы? Кыш кирип келди. Электр тартыш болуп жатса. Сиздин кол алдыңыздагы "Электр станциясынын" башкы директору Абдылда Исраилов менен коммерциялык директору Кемел Иманов дегендер Бишкек Жылуулук борборун көмүр менен камсыз кылууну үзгүлтүккө учуратып, бир булактан көмүр сатып алуу боюнча коррупциялык схема түзүшүп, жылына 10 миллион доллар пайда көрүп келишкени ачыкка чыгып, камакка алынышты. Исраилов камалса эле ооруп калчу биздин чиновниктердин "оорусу" менен ооруп, үй камагына чыгып алды. Иманов камакта. Сиз болсо билмексен болуп отурасыз. Деги ар-намыс, уят деген барбы? Эң кур дегенде сүттөн ак болсоңуз дагы моралдык жоопкерчилик менен отставкага кетсеңиз болот беле? Абийириңиз менен колуңуздан келбеген кызматты тапшырып берсеңиз талаада деле калбайт болчусуз. "Кой аксагы менен жүз" дегендей, эптеп бир жерге жармашып күн көрөт элеңиз. Чынбы? Деги өзүңүздү кандай иштеп жатам деп ойлойсуз? Пайда келтирип жатасызбы же зыянбы? Зыяны көбүрөөк болуп жүрбөсүн? Жакшылап ойлонуп көрүңүзчү, байболгур...

Сиз кайсынысына киресиз?
- Алтынбек Турдубаевич, Сиз учурда Жогорку Кеңештин депутаты катары анча-мынча болсо да элге таанылып калдыңыз. Өзгөчө Ташиевдин тумшугун канжалаткандан кийин. Чынбы? Калп айткан менен болобу, Ташиевди тумшукка согуу менен бир топ эле атак күттүңүз "чоң муштум" катары, ыраспы? Ушул жоругуңуздан кийин коомчулукта сизди крим чөйрө менен байланышы бар деген аңыз көп айтылчу болду. Жакында эле ок жеп кайтыш болгон "Жин" каймана аты бар Алтынбек Арзымбаев сизди криминал атаган эле. Мындай сөздөр жөн жеринен айтылбаса керек, кандай дейсиз?.. Сиз болсо ар дайым "спортсмендер менен кылмыштуу топтун мүчөлөрүн чаташтырбаш керек, биз деген спортсмендер болобуз" дегенди айтып келесиз. Мындай пикириңизди Мелис Турганбаев министр болгондо дагы бир нерседен чочугандай болуп, "Спортчулар урушуп-талашып кетиши мүмкүн. Бирок алардын баарын уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары кара тизмеге киргизгенге болбойт", - деп жандалбастап алдын ала эле коңгуроо кагып чыктыңыз. Эмне бир нерсенин жытын алдыңызбы? Сиздин күмөндүү сурооңузга Мелис мырза: "Чындыгында ак жеринен кара тизмеге илинип калган спортчулар бар. Ошол эле учурда оор кылмышка аралашкан спортчулар дагы жок эмес", - деп куп гана катыра жооп кылды. Сиз кайсынысына киресиз?

Текебаев эле "тере береби"?
Парламенттин 2-октябрдагы жыйынында эски "ата мекенчи" Карганбек Самаков Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун отставкасын талап кылды. "Бизге бир партиянын кызыкчылыгын эмес, жалпы парламенттик коалицияны ойлогон министр керек. Бизге юриспруденцияны билген, юридикалык илимдин доктору деген даражасы бар адам керек" -деди. Нарындык агасы инисине эмне дээр экен, ал жагын да көрө жатарбыз. Бирок калыстык үчүн баса белгилеп койгонубуз оңдур. Эки ирет өкмөттү "өпкөгө чапкан" Өмүрбек Текебаев өз кадрларын көздүн карегиндей сактап, тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай коргоп келет. Кечээ жакында эле министрлер кабинетиндеги КСДП, "Ар-Намыстын" Өкмөттөгү айрым кадрлары иштен алынса, коалициялык көпчүлүктөгү жалгыз Текебаевдин эле "тентектерине" тийишкен киши болгон жок. Же кыргызды сактап турган, өлкөнү өнүктүрүп жаткан ошолорбу? Же алар акылы ашып - ташыган, алмашкыс кадрларбы?

Казаковду татыксыз деген кайсы тантырактар?
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыксыздардын катарына айтылуу Түгөлбай Казаковду дагы кошуп коюптур. Ушул сыйлыкка татыктууларды тандаган комиссия бар 20 адамдан турган. Тамтаңдаган ошолор обончулардын атасы, улутубуздун улуулугун даңазалап келген КТРКдагы "Улутман" берүүсүнүн автору Түгөлбай Казаковду четке түртүп коюшуптур. Анткени Түкөбүз кайсы бир берүүсүндө кыргызга кыянаттык кылгандан башкага жарабаган, акча үчүн Ата Журтунун абийирин саткан бейөкмөтчүлөрдү туздаган экен. Укканыбызга караганда ошол берүүнү бетке кармап, комиссиядагы "кокуйбайлар" ушундай чечим кылышкан экен. Башкасы бүтүп, бети жок бейөкмөтчүлөрүң эми Токтогул сыйлыгына топтолуп алганы кандай? Казаковду татыксыз деген мындай тантырак комиссияны түп орду жоюп салсак туура болчудай.

Жооп берчү мезгил жетти
Оштун мурунку мэри Мелис Мырзакматовдун Оштогу эстакадалык көпүрө курууда өзүм билемдикке жол бергени аныкталып, ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Башкача айтканда, эстакадалык көпүрөнү долбоорлоо жана куруу чечимин өзүм билемдик менен кабыл алып, мамлекеттин казынасына ири өлчөмдө зыян келтирилген. Мунун баарын өзүн Оштун кожоюну сезип теңирин тааныбай дөөгүрсүп турганда жасаган. Эми кылган ишин мойну менен тартчу мезгил келди. Бирок бул жагдайды айрым трайбалисттер бийликтин басымы, куугунтук катары сыпаттап жатышат. Чындыгында ким кандай мыйзамсыз иш кылса ким экенине, кайсы жерлик экенине карабай жооп бериши зарыл эмеспи.

Кой терисин жамынган карышкыр
Ички иштер министрлигинин коррупцияга каршы башкармалыгынын бөлүм башчысы пара менен кармалганын УКМК алдындагы Коррупцияга каршы кызматтан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган бөлүм башчы "А.Ж" аттуу жарандын ишин чечип берем деген убада менен 30 миң сом пара талап кылган. 27-сентябрда ал 25 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Бул боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө жүрүп жатат. Кармалган кызматкер УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Мындайды кыргызда "кой терисин жамынган карышкыр" дечү беле?