Жанета Бобкова, ырчы:
"Балдарыма
көбүрөөк убакыт бөлөйүн дедим"

- Жанета айым, көптөн бери сахнадан, теледен көрүнбөй калдыңыз. Чыгармачылык тыныгууга чыктыңызбы?
- Массалык маалымат каражаттарына чыкпай калганым менен чыгармачылыкка аралашып, чыгармачылыктын түйшүгү менен алпурушуп жүрөм. Жай айында Бишкекте көп болгон жокмун. Жер-жерлерде болгон концерттерге катышып, гастролго көп чыктым. Мындан сырткары Түркияга чыгармачылык сапар менен барып келдим. Гастроль, концертте жүрсөм да ыр жаздырууга да убакыт таап, жаңы ыр жаздырдым. Ал ырым "Айгүл" деген кино тасмага саундтрек болду. Учурда ырдын клибин тартуу менен алек болуп жатабыз. Жакынкы күндөрү экран бетинен көрүп каласыздар. Албетте, жайкы эс алууну да четте калтырган жокмун. Жылдагыдай көлгө үй-бүлөм менен барып эс алып келдик. Мындан сырткары апамдын жанына барып сагынычымды таркатып келдим. Көптөн бери барам деп жүргөн Сары-Челекке барып, таза абасынан кере жутуп, сулуулугуна суктанып жакшы эс алып келдик.
- Жаш, таланттуу ырчыларга колдоо көрсөтүп, аларды тарбиялап, бир жылдан кийин сахнадан көрө турганыбызды айттыңыз эле. Бул жаатта иштериңиз кандай болуп жатат. Качан окуучуларыңыздын талантына күбө боло алабыз?
- Ооба, бул ишти баштаганыма бир жылдан ашып калды. Үч баланы тарбиялап жатабыз. Азыр алар вокалдан билим алып, үндөрүн туура коюуну үйрөнүшүүдө. Аларга ыр жаздырып, даяр болгондору ырдап жатышат. Ырлары радиолорго берилген, коомчулук угуп баасын берүүдө. Окуучуларды тарбиялоону мындан ары да улантам, бул ишимди ара жолго таштабайм. Анткени бизде таланттуу, колдоого муктаж болгон улан-кыздар абдан эле көп. Кээ бир балдардын ырдаганын угуп талантына суктанасың. Бирок анын ырдап чыгууга мүмкүнчүлүгү жок. Мына ушундай таланттарды көрүп аларды колдоо, эл алдына алып чыгуу зарыл экенин түшүнүп, шакирт тарбиялоону чечкем.
- Каражат жагынан колдоого муктаж болгон таланттар үчүн студия ачтыңар эле. Ал студия иштеп жатабы? Жаштарга колдоо көрсөтүүдөсүңөрбү?
- Студия иштеп жатат. Жакшы тилек менен көп каражат жумшап ачкандан кийин баштаган ишибизди жолго таштай албайбыз да. Азыр студияда жолдошум, кайын атам иш алып барууда. Биздин студия башка жерге караганда бир топ арзан. Ыр, үн жаздырам деген жаштардын чөнтөгүнө туура келет. Кайын атам ырчылыкты жакшы түшүнгөн киши эмеспи. Жаңы ырдап чыгып жаткан жаштарга өз кеңешин берип, катачылыктарын оңдоп турат. Биздин студияга келип ыр жаздырып, атамдын кеп-кеңешин угуп, тарбиясын алган Стас деген жигитибиз Бек Борбиевдин "Делбирим" деген ыр сынагында 2-орунга ээ болду. Учурда Стас экөөбүз дуэт жаздырып жатабыз. Мындан сырткары Индиядан келген Шано деген кызга кыргыз ырларын үйрөтүп, чоң сахнага чыкканга даярдык көрүүдө. Кыскасы студия ырдайм деген жаш таланттарга колунан келген жардамын көрсөтүп, акырындык менен иш алып барууда. Бул студиянын келечеги кең. Кудай буюрса, дагы көп жаштарды тарбиялап өстүрөт деген ишеним бар.
- Күз айында ырчылардын баары жеке концерттерин беришүүдө. Сиз качан концерт бергени жатасыз?
- Концерт берүү ойлорум бар эле. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" болуп бул күздө концерт бергенге жетишпей калдым. Бир топ убакыттан бери мэриянын алдында түзүлгөн "Семетей" тобунда солист болуп иштеп келем. Жакында эле аталган топ отчеттук концертибизди бердик. Ошол концертке даярдык көрүп жүрүп өз концертиме убакыт табылган жок . Анын үстүнө мен көптөгөн кайрымдуулук концертине катышып, кайсы жерде кайрымдуулук концерти өтсө ошол жакка барам. Кимдир - бирөөгө материалдык жактан жардам бере албасам да, чыгармачылыгым аркылуу өз салымымды кошоюн деп бардык кайрымдуулук концерттерине катышууга болгон аракетимди жасайм. Карылар күнүнө карата беш жерге кайрымдуулук концерттин бердик.
- Кыш камын күздө көр дегендей, кышка кандай даярдык көрүүдөсүз?
- Күз айында мен көбүнчө үйдө болом. Анткени балдарыбыз окуп, мектепке барат. Аларга көбүрөөк көңүл буруп, сабактарына көз салып туруу зарыл. Азыр дагы балдар менен алек болуп, көп гастролдордон баш тартып жатам. Балдар чоңойгон сайын аларга көбүрөөк көңүл буруш керек болот экен. Учурда кызыбыз экзамен бергени жатат. Кызымды экзаменге даярдап, башка жумуштарга убакыт тар болууда. Мындан сырткары кышка камылга көрүш керек дегендей, кыям, салаттарды жасоо да керек. Биздин үй-бүлө кышында салат, кыямсыз чай ичпейт. Ошондуктан ар түрдүү жемиштерден, көп кыям, салат жасайм. Азыр баарын жасап бүттүм. Кышка даярмын десем болот.
- Мурда эл аралык сынактарга көп катышууга аракет кылчу элеңиз. Акыркы жылдары такыр эле сынактарга катышпай калдыңыз. Себеби эмнеде?
- Эл аралык сынактардын да ички мыйзамдары бар, жаш курагы, мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон ырчылар катыша албайт. Азыр биз жаңы өсүп келе жаткан жаштарга колдоо көрсөтүп, алардын жеңишке жетишине жардам көрсөтүшүбүз керек деп ойлойм. Анткени кандай гана эл аралык сынак болбосун, ким барбасын ал биздин намысты коргойт. Ошондуктан жакшы ырдаган, таланты бар ырчыларды эл аралык сынактарга даярдап, бут тосуп, көрө албастык кылбай жол кол сунуп, колдоо кылышыбыз зарыл деп эсептейм. А өзүм болсо фестивалдарда калыстар тобунун мүчөсү, конок катары катышып жүрөм.
Жаркынай
Кадыркулова