Алкыш сага, Атай!

Сакадай бою сары алтын Атай Өмүрзаков ак калпак элибизди, Ала-Тоолуу жерибизди ааламга даңктап жүрөт. Бийди өзгөчө бийлеген Атай Өмүрзаков өзүнүн окуучуларынан түптөлгөн "Тумар КР" тобу менен Германиядагы өтө популярдуу RTL телеканалындагы "Das Supertalent 2014" деп аталган берүүдө дүйнөгө дүң болду. "Даңк мүнөтү" деп кыргызстандыктарга көбүрөөк белгилүү болгон бул берүүнү жер жүзүнүн дээрлик бардык мамлекеттери зор кызыгуу менен көрөт.

Бул көрсөтүүнүн тарыхында биринчи жолу Атай жана анын жигиттери калыстар тобунун толук колдоосу менен тандоо турунан түз эле финалга жолдомо алды. Биздин бийчилер аткарган номерге калыстар тобунун айрымдары көзүнө жаш алып, залдагылар 10 минут тынбай кол чабышты. Бул тууралуу Атай Өмүрзаковдун super.kg порталына берген маегинен үзүндү келтиребиз.
- Бул телесынактын тартуу иштери август айында Германияда болгон. Ал эми теле аркылуу 27-сентябрда гана көрсөтүлдү. Биз финалга жолдомо алганыбызды август айында эле билгенбиз. Бирок теледен берүү кеткенге чейин ал маалыматты таратуу укугуна ээ эмес болчубуз. Жалпысынан бул долбоорго катышкандардын саны 46 000ге жетиптир. Уюштуруучулар мени интернеттен таап, видеолорумду көрүп анан чакырышкан. Мен өзүм жалгыз катышкым келбей, окуучуларымдан түзүлгөн "Тумар КР" тобунун видеолорун жөнөткөм. Алар абдан жактырып, чогуу баруубузга макул болушту. Ошентип, экинчи жолу "Тумар КР" менен биргеликте бир программа даярдап, бир сахнага чогуу чыгып жатабыз. Буга чейин Москва шаарында "Даңк мүнөтү" долбоорунда чогуу катышканбыз.
Долбоордун тарыхында биринчи жолу ушундай көрүнүш болуп жатыптыр. Биз тандоо турунан түз эле финалга өткөн биринчи команда болдук. Калыстар тобунун бардык мүчөлөрү сары баскычты басканда, катышуучу түз эле финалга өтүп кетет экен. Ошентип, бизди жарым финалга катыштырбай туруп финалга жолдомо беришти. Ошондой эле сынакты ушул баскычында эле токтотуп, байгеге коюлган 100 000 еврону бизге берүү тууралуу да сөздөр болуп жатты.




Инчхондо ийгилик жараткандар!
Түштүк Кореянын Инчхон шаарында өтүп жаткан Азиялык олимпиадалык оюндарда кыргыз спортчулары дагы аз-аздан ийгилик жарата башташты. Башкалардын алтын, күмүштөрүнө көз артып, кыргыз желегин көтөрүүнү көксөп жатканыбызда 27-сентябрь күнү веложарышчы Евгений Ваккер ишке жарап, күмүш байгелүү болду. Ошол эле күнү эркин күрөш боюнча Эламан Догдурбек уулу коло медаль утуп, улутунган улутташтарыбыздын көңүлүн көккө көтөрдү. Эртеси 28-сентябрда Магомед Мусаев аттуу дагы бир эркин күрөш боюнча балбаныбыз финалдык беттеште ирандык Реза Яздани менен алышып көтөрүп чаап, астында калып экинчи орунга ээ болду. "Эркектен эмнем кем экен" деп арадан көп өтпөй балбан кызыбыз Айсулуу Тыныбекова дагы намыска жарап, коло байге үчүн болгон күрөштө Түндүк Кореянын Инсун Жонг деген балбанын балчайта чапты.
Түштүк Кореянын Инчхон шаарындагы XVII Азиялык оюндарда ийгилик жараткан спортчуларыбызга кыргыз бийлиги акчалай байге койгон.
Биринчи орун үчүн - 1 250 000 сом
Экинчи орун үчүн - 750 000 сом
Үчүнчү орун үчүн - 500 000 сом




Ээ-й, куру сөз курсак тойгузбайт!
Оппозициянын болгону жакшы. Аларың акактай таза болсо андан да жакшы. Бирок бизде андай эмес. Оппозициябыз дегендердин "Бийлик антип жатат, бийлик тигинтип жатат, биз болсок жыргатат элек" - деген сыяктуу лозунгдары эч кимди таң калтыра албай калды. Себеби кимдин-ким экенин элибиз эң жакшы билет. Өзүн жаш саясатчы санап жүргөн Мавлян Аскарбеков "Жаңы муун" аттуу кыймылды кечээ жакында эле түзө калып, анан Талас облусунда 27-сентябрда курултай өткөрө коет элем деп чамынып барган. Мөөнөтүнөн бир жума мурун барып, карапайым элге жакшы эле жалдырашты. Бирок курултайы элдин колдоосун тапкан жок. Ким колдойт буларды? Акцияга деп УОК лидерлери 60 миң доллар бериптир деген кабар дагы буга чейин желдей тараган. Ал акчадан аябай эле "шабашка" жасашкан окшойт ишенген жаштары. Курултайы атына заты жарашпай калган соң, Мавлян мырзанын эми башы катып жатыптыр. Чөнтөккө түшкөн жогорудагы оңой эмес сумманын отчетун бериши керек да. Элибиз деле мындай тили гана сайраган, бирок колунан иш келбеген, өздөрүн жаш саясатчы катары эсептегендерге да эми ишеним артпай тургандыктары далилденди. Мындан бир-эки күн мурунураак УОКтун мүчөлөрү Ош шаарына барып "Аристократ" ресторанында чогулуш өткөрүүнү пландаштырышканы маалым болгон. Ойлогон ойлору ордунан чыкпай калганына баарыбыз күбө болдук. УОКтун мүчөсү Өмүрбек Абдрахманов "үч жумуртка ыргытышты, мага бирөө да тийген жок"-деп мактанган боюнча кайра Бишкекке кайтып келген. Мына ушунун өзү эле учурдагы оппозицияга болгон элдин ишеними жоктугун айгинелейт. Жумуртка демекчи, ушул окуяга байланыштуу ордолуу Ошто бир кызык кеп айтылууда. "Үч жумуртка операциясын" оппозиция өзү уюштурганы, анан: "Мына бийлик эски ыкмага өттү, бизге кысым жасап жатышат" - дегендей беттен алууга ниеттенишиптир. "Амалдуудан айла качып кутулбайт" деген ушул тура. Бирок оппозициянын " жумуртка операциясына" коомчулук анчейин көңүл бурбаганы - бийлик "абысындарынын" кезектеги "трюгу" "тамам" болгонун ырастайт. Элден эч кандай колдоо таба алышпай калган УОКчулар эми Бишкекте өткөрүүнү пландаштырып жатышкан "Жарык жана жылуулук" курултайын сентябрдын аягына, белгисиз мөөнөткө чейин жылдырып коюшту. Мындай курултайды өткөрүүгө азырынча даяр эмес экендиктерин өздөрү айтышты. Мындан алар элдин колдоосуна татыбай тургандыктарын түшүнүп калышканын билсек болот. Азыр биз демократиялык-парламенттик багытта баратабыз. Парламенттик-демократиялык багыттын башкы артыкчылыгы - бийлик тынч жол менен, күчтүү партиялардын ортосундагы атаандаштыктын негизинде алмашат. Мына ушуну туура түшүнүп, эми бийликти күч менен алмаштырууну таптакыр унутуубуз зарыл. Алдыда бир жылга жакын убакытта парламенттик шайлоо өтөт. Бийликти көксөгөндөр демдерин ичине катып, мына ошол шайлоодо жеңип чыгуу үчүн элге жага турган иштерди жасоолору кажет. Элибиздин эң биринчи каалоосу - тынчтык. Тынчтык болсо өнүгүү болот. Эки жолу башынан революция өткөргөн элибиз азыр тынчтыкта жашап, тынчтык жолу менен өнүгүүнү гана каалайт. Ал эми элдин тынчтыгын бузуп, бийликке коркутуу аркылуу, кыйкырык аркылуу баргысы келгендерди эл колдобой тургандыгын көрдүк. Андыктан курултай, митинг өткөрүүдөн баштары чыкпай келаткан оппозиция элибиз айткандай "эстери барда этектерин жаап" алгандары туура болчудай.

Тиленбек Азык