Элге тийсин батаңыз

Кара-Кулжа районуна караштуу Карагуз өрөөнүнүн Калматай айылынын кадырлуу жашоочусу Акмат уулу Макен ажы атамдын 90 жылдыгына арнайм

Бар үчүн биздин аталар,
Бар үчүн биздин апалар,
Бул дүйнөдө биз барбыз,
Биз аларга миң карыз.
Ошолордун ичинен,
Негизгиси жашоодо,
Тукум улоо эң парыз,
Тукум улоо эң парыз.

Жаратканга шүгүр кылып барыбыз,
Ыраазыбыз ушул күндү тосконго,
Сыймык кылып төрдө отурган карыбыз,
Атакебиз мына бүгүн токсондо.

Куттук айтып, колун кысып атамдын,
Бүгүн мында көп кишилер келишер.
Сыйын көрүп, уул-кыздын туугандын,
Ак дилинен ак батасын беришер.

Белек-бечкек болбой койбойт мындайда.
Ыраазылык алсак дешип Ажыдан
Миң рахмат, биз ыраазы андайга,
Бата тийип токсон ашкан карыдан.
Сый көрсөтүп колунда бар байлары,
Алтын сайма ак чепкенди кийгизер.
Дагы тыңы ак дилинен жайдары.
Туура тартып, тулпар атка мингизер.
Жылдар жылса ал чепкендер эскирип,
Сыны кетип өңү өчөөр саргайып.
А тулпардын төрт аягы тешилип,
Мезгилине моюн сунар картайып.

Үйүмдө жок сандык толо казынам,
Берген сайын кайра толуп түгөнбөс.
А мен Ата ырдан белек тартуулайм,
Түбөлүккө эскирбес да, көөнөрбөс.

Китепкөйсүз, сиз билесиз сөз баркын,
Жан дүйнөгө берип турган гүлазык.
Улуу рухка тең келе албайт нак алтын,
Ал түбөлүк, ал чексиз да мунарык.

Анан дагы кыймылдасыз ар дайым,
Намаз окуп, мээнет кылып талыкпай.
Ошондуктан колдойт сизди Кудайым,
Жашыңызга жашын кошуп карытпай.
Жашаң Ата, жаша дагы узак жыл,
Бир кылымдын белин ашып, арылап.
Ишенемин дагы ашасыз нечсн кыр,
Намаз-мүрөк, намаз сизди дарылап.

Жашаң Ата, бул өмүрдө көңүл шат,
Урмат көрүп ага-тууган иниңдин.
Балдарыңыз сыймыктанса аталап,
Набат салган чайын ичип келиндин.

Сиз айылдын эң улуусуз - атасыз.
Билинбеген ыйык жүктү көтөргөн.
Сиз Ажысыз - кабыл болот батаңыз,
Бериң бата, эл-жер өнүп-көгөргөн.

Сиздей болуп токсонду ашып карысын,
Бул өрөөндүн, бул айылдын жаштары.
Эл байысын, Кудай өзү даарысын.
Алтын болуп Карагуздун таштары.

Сиздин, элдин ой-тилеги ак болсун,
Кадырлашып тирүүлүктө бир-бирин.
Калматайга түгөнбөгөн бак конуп,
Оо, жараткан өзүң колдо, оомийин!


Маматкасым Акматов





Жакшылыкка жүз буралы

(Башы өткөн санда)
Элдин сыздаганындай, күйүп-бышканындай эле бар. Мыйзамдын күчү бей-бечараларга, чындыкка жетем деп чырылдаганы менен кубаты анчалык жок, алсыздарга гана чыгып турганы. Бийлик мунарасынын бир бурчамында тизгин кагып, колунда кызматы, байлыгы бар менменсип көкүрөк керип тургандарга айтылып жүргөндөй айрым учурларда мыйзам буйлалаган төөдөй эле болуп калды.
Өңгөсүн, майда-баратын кое туруп башынан айталы. Кечээ эле ички иштер министрлиги кылмыштуу топтордун мүчөсү же ага катышы бар деп тизмеге алынып келген жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, бир топ аткаминерелердин ысымын жарыя кылды. Жыйырмага жакын адамдын ысымы аталды. Алардын арасында бир нече ирет соттолгондору, адам өмүрүнө забын келтирди деп айыпталып жүргөндөрү да бар экен. Ошолор мамлекеттик кызматта иштеп, бийлик тизгинин чоюшуп, эл башкарышып жүрүшүптүр да.
Бул билдирүү азыр да элдин үрөйүн учуруп турат. Соттолгон адам мамлекеттик кызматта иштей берсе болот деген шарт бар беле. Албетте жок, мыйзам тарабынан тыюу салынат. Андай болсо бул талап эмне үчүн аткарылбай келген. Сот бийлиги бул мыйзам бузууга жатарын айтып, аларды жазага тартууну талап кылып чыкса болбойт беле. Тескерисинче кылмышка катышы бар деп шектүү тизмеде жүргөн пенделердин мамлекеттик кызматка мыйзам менен бекемделип олтуруп алышына өбөлгө түзүшкөн. Эгер бийлик мындай алешемдиктин тизгинин кескин кагып, тез арада ооздуктап койбосо алар тамыр жайып, уялап кетип мамлекеттүүлүгүбүзгө шек келтирбейт деп ким кепилдик бере алат.
Укук коргоо жана тартип сактоо органдары буканы мүйүзүнөн кармап жыккан жакшы дегендей корруционерлерге жана башка кылмышкерлерге каршы күрөштү дал мына ушундай талылуу жерден, тобокелге салып акыйкаттык болсун деп башты байлап көк жалдык менен баштап турганы абзел эмеспи. Азыр жергиликтүү бийликтерге барып кандай коркунучтуу кылмышкер кармалды деп собол салсаңыз өздөрү эле айтып беришет. Алар оңой менен колго түшпөй калсын. Анан жогоруда мурдагы министр жарыя кылгандай кылмышка тиешеси бар пенделер бийлик тутумдарына аралашып тизгин кагышып жүрсө кайдан жакшылык болсун. Аларга жол ачып бергендер жана атка мингизгендер кимдер экендиги да аныкталып айтылар деп эл күтүп турат.
Колунда калың капчыгы жана күрсүсү бар билеги түктүү жан, же дагы бир жогорку кызматтагы атка минер кылмыш жасап, кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюп турса, же көзүн май басып кутуруп баратып килейген машинасы менен кара башыл кишини өлтүрүп кетип жатса, суудан кургак чыгып, жеңил-желпи кутулуп кетип турганы. Ал эми бей бечара кокусунан адамды эмес мал жандыкты уруп кетсе да жазага тартылып, дагы бирөө жумушсуздуктун айынан ачка калганынан улам аман калсам экен деп жан айласы кылып ачтан өлүп калбайын деп бирөөнүн тоогун уурдап союп жейм деп, же соткасын ала коем деп бир нече жылга кесилип темир тордун ар жагында жатат.
Мындай мисалдар турмушубузда толтура. Эл айтып жүрөт. Алардын шартын көргөнү абака кирген укук коргоочулар айтып жатышат. Түрмөдө жаткан карапайым адамдын кордугун эч кимдин башына салбасын. Алар коркунучтуу дарт менен ооруп жатабы, өлүм оозунда жатабы аны менен эч кимдин иши жоктой. Ал эми атка минерлерден коррупционер деп айыпталып ал жакка түшүп калгандар өзгөчө жайда атайын багууда болот экен. Оорусу барбы, жокпу кудай билет, анан ушундай бир кеселман жан экен деп жылуу-жумшак дарылануучу жайга которулуп турганын айтыңыз. Баарынан да тез эле үй камагына чыгарылып, күтүлбөгөн жерден эле боштондукка сызып кеткенин айтыңыз. Өңгөсүн айтпай эле Ахматбек Келдибековду эле эстеп койсоңуз. Эми карап көрсөңүз,… коррупционер деп айыпталган лөктөрдүн көпчүлүгүнүн абактан ойт берип чыкканы ушуга окшош болуп турганы эмне себептен экенин да билип турасыз. Алардын элден эмнеси артык? Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып мамлекеттен ичип-жеп, чириген бай болуп, мантыгып турганыбы. Мамлекеттик кызматта турган адам " билгизбей" уурулук кылбаса, улкуп-жулкуп албаса жалаң айлыгы менен эч качан эсепсиз байлыкка ээ болуп кете албайт. Айтылуу Батукаев жөнүндөгү икая да алиге эстен кете элек. Шумдугуң түшкүр, шүйкүмүң куругурлар. …Аларды беш манжасы менен санап эл өзү эле эстеп алат. Мыйзам баарыга бирдей деген талаптын аткарылып жатканы ушубу?
(Уландысы кийинки санда)