Зарема Асаналиева, актриса:
Киного тартылып, апамдын кыялын ишке ашырдым

Зарема Асаналиева Эрнест Абдыжапаров режиссерлук кылган "Боз салкын" тасмасында айылдык, жөнөкөй, тартынчаак, уяң кыздын ролун жаратып, кино дүйнөсүнө кадам таштаган. Ал тасмадан кийин Эрнест Абдыжапаров Зареманын талантын баалап, ага көп мыкты ролдорду берип, ал ролдорду жеткире аткарып, башка режиссерлордун да көзүнө чалдыгып, жыйынтыгында бир топ тасмаларда роль жаратып тасма дүйнөсүндө актрисалык чеберчилигин өркүндөтүп жүргөн кези. Зарема кинодон сырткары театрда да эмгектенет. Актрисалык өнөрүн театрдан баштаган. Учурда жаңы тасмада роль жаратып жаткан Зарема биздин гезитке маек куруп, чыгармачылыктагы жаңылыктары менен ой бөлүштү.

- Кандайсың Зарема, учурда эмне менен алек болуп жатасың?
- Жакшы, биздин жумушубуз киного тартылуу да. Жаз, күз, кыш дебей тасмада роль жаратып, элибизге жакшы кинолорду тартуулоо менен алектенип жүрөт эмеспизби. Учурда дагы бир жаңы тасмада роль ойноо менен алпурушуп жатам. Кудай буюрса, бул тасмабыз да жакынкы күндөрү элибиздин сынына коюлат деген үмүттөмүн. Тасмага тартылган учурда такыр эле кол бошобой убакыт тар болуп, башка жумуштарга жетишпей калабыз. Анткени эртеден - кечке тартуу иштери менен жүрөсүң. Бир кадрды тартуу үчүн кээде эки-үч күн убакыт кетип калат. Негизи эле кино тарткан абдан эле оор. Убакытты көп талап кылат. Эрк, чыдамкайлык керек. Айрым режиссер, актер, актрисалар айлап үйлөрүн көрбөй калган учурлары болот. Себеби айрым тасмаларды борбордон сырткаркы регион, айылдарга барып тартууга туура келет. Жакшы тасма, жакшы роль болсо алыстыгына, көп күндүк тартуу иштерине карай көп актерлор барып, тартылып келишет. Биздин кесип ушундай. Ары татаал, ары кызыктуу.
- Жаңы тартылып жаткан кинодо сен кимдин ролун аткарасың?
- Азыркы тартылып жаткан кино турмуш чындыгынан алынган. Мен башкы ролду ойнойм. Тасмада бир кыздын башынан өткөн окуялар көрсөтүлөт. Айрым жерлери гана көркөмдөлбөсө көпчүлүк бөлүгү чындык, өзгөртүүсүз жазылды. Менимче, жакшы тасма болот деп жатам. Анткени бул чындык. Аябай кооздолуп жазылган сценарий эмес. Ошондуктан эл бат кабыл алып, таасирдүү болот го дейм.
- Кино дүйнөсүнө кантип келип калдың эле. Бала кездеги кыялыңбы же кокустукпу?
- Көп актрисалар актирса болууну бала кезинен кыялданып келишкендигин айтып калышат. Менде андай болгон эмес. Секелек кезимде актирса болууну эңсеген эмесмин. Тасма дүйнөсүнө аралашып калуум кокустук десем болот. Негизи театрда роль аткарып, театр актрисасы болом дечүмүн. Алгачкы ролумду Тунгуч театрында жаратып, ошол жерде иштеп жүргөндө Эрнест агайга жолугуп, агай аткарган ролумду көрүп "Боз салкын" тасмасына чакырган. Ошентип, тасмада алгачкы ролумду ойноп, анан киного аралашып кеттим. Тасмага тартылып, апамдын кыялын орундаттым десем болот. Анткени апам менин актриса болуп киного тартылышымды абдан каалап, кыялданаар эле.
- "Боз салкында" абдан эле жоош кыздын ролун аткарат эмессиңби. А чыныгы жашоодо кандайсың?
- Ал образ болчу. Аны ачып берүү менин милдетим эле. Актирсалардын милдети ага берилген ролду ойноо. Сценарийде кандай жазылса ошондой мүнөзгө ээ болуп, ойноп жаткан ролуңду элге жеткиришиң керек. "Боз салкында" мен дагы айылдык, алдына чоң максат койгон, жоош, чечкинсиз кыздын образын ачып бергем. А чыныгы жашоодо андай эмесмин. Шайыр, ачык адамдардын катарына кирем.
- А театрда иштеп жатканыңа канча жыл болду?
- Быйыл 10 жыл болот. Театр мага аябай жагат. Адамга көп нерсени берет. Анын үстүнө биздин окутуучубуз Жамал эже профессионал актирса. Окуучуларына эмне керек, кантип тарбия берүүнү мыкты билет. Ошондуктан театрдан кетпей, мындан ары да тажрыйба топтоп көп роль жаратып, ийгиликке жетүүгө аракет кылып жатам. Чынында театрда роль аткарып жүргөнүм киного тартылганда чоң жардамын тийгизди. Образга бат кирип, роль ачып берүүдө көп кыйынчылыктар жаралган жок. Эгер театрга келбей эле тасмага тартылганда көпкө кыйналмакмын деп ойлойм. Кудай буюрса, жакында кайра театрга барам. Балалуу болгондон кийин бала менен үйдө болуп, театрга барбай калгам. Сахнаны абдан сагындым.
- Киного тартылган убактан бери канча роль жараттың жана кайсы ролуң өзүңө жагат?
- Жалпысынан 9 тасмага тартылдым. Бардык ролдорум өзүмө жагат. Бул начар, тигил жакшы дебейм. Жаккан үчүн тартылып жатам. Жакпаса, сценарийди окуганда эле баш тартмакмын. Ар бир ролдун өзүнчө тагдыры бар. Баарына жан дүйнөң менен берилип образга сүңгүп кирип, азап чексе азап чегип, күлсө күлөсүң. Анан кантип ролуң жаман болсун. Чынында биздин актрисалык жолубуз жаңы гана башталды. Келечек, аткаруучу ролдор алдыда. Балким, келечекте абдан жакшы, мамлекеттик масштабдагы тасмаларда башкы ролду аткарып калып эле ушул ролум менин атымды тарыхта калтырат дебесек, азырынча ролдорумдун баары бирдей, баары жүрөгүмө жакын.
- Театрда роль жаратат экенсиң. Сага кино жакынбы же театрбы?
- Экөө тең. Бөлүп карай албайм. Анткени эки жерде тең образ бар, ролду ачып берүү менен иштейсиң. Театрда да, кинодо да сенин эмгегиңди эл баалайт, эл сындайт. Ошол үчүн мага экөө тең кымбат.
Жаркынай Кадыркулова