Бектин бедели түштү
Бек Борбиев деген ырчынын канкорлордун алдына барып ырдап келгени тууралуу маалымат коомчулуктун бүйүрүн кызытты. "Кимдин алдында ырдасам да өзүмдүн ишим. Түрмөдөгүлөргө деле ырдап жүргөм" - деген Борбиевдин айтканы элдин кыжырын андан бетер кайнатты. "Бакиевдер камалганда түрмөсүнө барып ырдап берсин, кааласа түнөп келсин" - дегендер алардын арам акчасы үчүн элге ок аткан айбандардын алдында ырдаганын катуу сынга алып, Бектин бети жок экен дегендер да четтен чыгууда. Бул боюнча айрым өнөр адамдарынын оюн ортого салдык.


Мар Байжиев,
Кыргыз эл жазуучусу:
"Артист болсо эле көрүнгөн жерде ырдай бериш керекпи?"
- Мар мырза, ырчы Бек Борбиев Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин юбилейине Минскиге барып ырдап келгени азыркы учурда коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Сиз ырчынын бул кадамын кандай баалайсыз?
- Бек Борбиев эгерде чындап эле Минскиге барып Бакиевдин юбилейинде ырдаган болсо, анда туура эмес кылган. Артист болсо эле көрүнгөн жерде ырдай бериш керекпи? Патриоттук сезим деген болуш керек да. Элге ок чыгаргандыгы тууралуу айтылып жаткан маалыматтарды угуп туруп деле андай кадамга барбашы керек эле.
- Анын "Эмгек сиңирген артист" аттуу наамын алып салуу тууралуу айткан укук коргоочулар да болууда. Буга кандай пикирдесиз?
- Мен буга мурдараак дагы жооп бергенмин. Ал мындай наамды кимдир бирөөгө кызмат кылганы үчүн эмес, өз таланты үчүн алган. Андыктан наамын калтырыш керек дагы, ырчынын өзүн аябай тилдеш керек. Жасаган кадамы туура эмес болуп калганын айтыш керек.



Жаныш Кулманбетов,кинорежиссер:
"Бакиевдин юбилейине барып ырдаганын Бек Борбиевдин жеке абийирине коюш керек"
- Жаныш мырза, ырчы Бек Борбиев Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин юбилейине Минскиге барып ырдап келгени азыркы учурда коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Сиз ырчынын бул кадамын кандай баалайсыз?
- Биринчиден, муну эми ырчынын өзүнүн жеке абийирине коюш керек. Анткени ырчылар кайсы жерде кандай концерт берет жеке өздөрүнүн иши. Бирок, албетте тандоо деген болушу керек. Экинчиден коомдук абалды да эске алыш керек эле. 2010-жылдагы окуялар али күнчө элдин эсинен кете элек. Жакындарын жоготкондордун көз жашы дагы кургай элек. Мына ушундан улам Борбиевдин кадамына терс реакциялар жаралып жатат.
- Айрым укук коргоочулар анын "Эмгек сиңирген артист" деген наамын алып салууну Маданият министрлигинен талап кылышууда. Бул туура талаппы?
- "Эмгек сиңирген артист" деген наам Бакиевге койгон концерт менен өлчөнбөсө керек. Андай наамды Борбиев эстрада жанрына, искусствого сиңирген эмгеги үчүн алган. Андыктан наамын алып салуу аша чапкандык болуп калат.
Жанкороз Эсенгелдиев