Үмүт акталат
деген ойдобуз
Парламентарийлер мурда күтүлүп келгендей эле өз иштерин "Кумтөр" темасын талкуулоо менен башташты. Бул эч кимди деле таң калтырган жок. Арийне, ишкана өлкөнүн бюджетине бараандуу салым кошуп тургандыктан анын тагдыры ар бир кыргыз атуулун кызыктырары турган иш. Ошондуктан, "Кумтөр" ишканасынын "билдирүүлөрүн" ар ким өз билгениндей калчап турууга кызыкдар.
Бул жагынан биринчилик чынын айтканда "Ата-Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге таандык болуп эсептелет. Парламенттик жыйындын башталышында ишкананы менчиктештирүү боюнча чыгып сүйлөгөн эл өкүлү: "Центерра Голд" "Кумтөрдү" иштетүүдө мөңгүлөргө зыян келтирүүдө, ошону менен катар макулдашууну үзгүлтүккө учуратып жатат"-деп күтүлбөгөн билдирүү жасап чыкты.
Ал эми "Кыргызалтындын" жетекчиси Токон Мамытов "Центерра Голд" менен сүйлөшүү жүрүгүзүлүп жаткандыгын айтып, парламент депутатынын билдирүүсүн четке какты.
- Сиздер Өмүрбек Чиркешовичти туура эмес түшүнүп алдыңыздар окшойт. Ал канадалыктар менен сүйлөшүүдөгү кедергиликтер жөнүндө эмес, өлкөнүн кылмыш кодексинин долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө айтайын деген болуш керек,- деди Мамытов. Арийне, Текебаев долбоорго өзгөртүүлөрдү киргизүү стратегиялык маанидеги ишкананын жетекчилери менен кызматкерлерине терс таасирин тийгизип, аталган ишканадагы өндүрүштүн токтоп калышына алып келет деп ойлоп алган сыяктанат. Бирок, ошол эле мезгилде мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жоопкерчилиги жана ошол чөлкөмдөгү калайык-калктын ишкананын өндүрүшүнө жолтоо болуп жаткандыгын эсинен чыгарып, айтпай кетти.
"Кыргызалтындын" башчысы өз кезегинде канадалыктар менен сүйлөшүү жүрүп жаткандыгын айтып кетти.
Ушул жылдын апрель айында тараптар ортосундагы сүйлөшүү токтоп калган. "Центерранын" дивиденд түрүндөгү 200 миллион долларын мыйзамсыз которуп жиберген деп айыпталган "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун мурдагы президенти Дилгер Жапаров камакка алынгандан кийин Канада компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстанга келүүдөн чочуп, дагы эмне болуп кетет деп сактанып турушкан.
Үстүбүздөгү жылдын июнь айынын орто ченинде мени ушул кызматка дайындашкандан кийин премьер-министр мага сүйлөшүү аракеттерин күчөтүү милдетин койду. Алгач биз телефон менен сүйлөшүп турдук. Июль айында макулдашуунун пункттарын жана башка документтерди конференциянын он-лайн режиминде талкууладык. Бирок, телефондогу сүйлөшүүлөр да, он-лайн конференциялары да күтүлгөн жыйынтыкты берген жок. Алардын ыксыз создугуп кетиши өзүнүн терс таасирлерин тийгизиши мүмкүн эле. Ошондуктан биз канадалыктардын сөзсүз келишин талап кылдык.
Натыйжада Центерранын өкүлдөрү 25-30-августта бул жерде болушту. Сүйлөшүүнүн биринчи кезегинен кийин эле биз "Центерра" менен "Кыргызалтындын" юристтери жана эл аралык юридикалык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууга макулдаштык.
Азыркы учурда алар Бишкек шаарында иштеп жатышат. Болжолу, сентябрь айынын аягында "Центерранын" өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрдү улантуу үчүн келиши күтүлүүдө.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө биз өз ара тил табыша алабыз, ошону менен катар республикабыздын Жогорку Кеңешинин тийиштүү токтомунда көрсөтүлгөн бардык талаптарды сактоо менен макулдашылган вариантка кол коебуз деген үмүттөмүн.
Жанкороз ЭСЕНГЕЛДИЕВ