presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Токтогул Какчыкеев, саясий серепчи:
"Кылтыйып алып, чуунун баарын депутаттар жасап жатат"
- Токтогул ага, депутаттар эс алуудан келип, иштеп башташты. Эл өкүлдөрүнүн мындан аркы ишине кандай баа бересиз?
- Депутаттарга бийликтин уусу катуу сиңиптир. Эрте шайлоого камдана башташты. Шайлоого дагы бир жарым жыл бар го. Ага карабай эле депутаттар адатынча чамынып, теминип, акча жыйнап, элди бөлүп-жарып, тышкы мамлекеттерге барып, "колдоп койгула, биз бийликке келсек, мунуңарды аткарып беребиз" деп убада беришип, жанталашып башташты. Депутаттардын бийликтен кеткилери жок. Себеби депутаттар саан уйду саай берсе сүт чыга бергендей, бийликте туруп, байый берсе боло турганын жакшы билип калышты. Эми бул депутаттарды бийликтен кетирүү кыйын. Кийинки шайлоодо кайра эле ушул депутаттар бийликке келет. Анткени буларда акча бар. Элдин психологиясын да жакшы түшүнүп алышты. Элди кантип алдашты да булардан кыйын эч ким билбейт. 31- августта президент депутаттар тууралуу ачуу сын айтпадыбы. Чындыгында президент туура айтты. Кылтыйып отуруп алып, көп чуулуу иштерди ушул депутаттар баштап жатат.
- Парламенттеги беш партиянын бири, Ф. Кулов башында турган "Ар-Намыс" фракциясы, баш мыйзамга өзгөртүү киргизип, "Кыргыз Республикасы"- дегенди, "Кыргыз Эл Республикасы"- кылыш керек, деген сыяктуу беш-алты маселени көтөрүп чыгышпадыбы, буга кандай карайсыз?
- Мамлекетибиз жаңыдан эгемендик алганы мен айткам. Кыргыз Эл Республикасы болуш керек деп. Мына Кытайды алалы. Кытай Эл Республикасы деп айтылып келе жатпайбы. Ошол сыяктуу башында эле Кыргыз Эл Республикасы деп аташ керек болчу. Бизде баш мыйзамда жазылып турбайбы. Бийликтин булагы эл деп. Бийликтин булагы эл болгондон кийин, Кыргыз Эл Республикасы болууга тийиш. Азыр эми бул маселени козгоонун кереги жок. Дүйнөлүк эл Кыргыз Республикасы экенибизди билет. Кыргыз Республикасы боюнча эле тура берсин. Кызыл туубуз тура берсин. Аны да көк асаба кылып өзгөртө коюш керек деп чыгышты эле. Ага да тийишпеш керек. Баш мыйзамга өзгөртүү киргизебиз деген, "Ар-Намыс" фракциясынын эле саясий оюну болууда.
- Дарылануу шылтоосу менен Акматбек Келдибековду дагы качырдык көрүнөт. Андан башка дагы күнөөлүү деп камалгандардын бир тобу акталып чыгышты. Бул боюнча айта турган сөзүңүз бардыр...
- Келдибеков келбейт. Келдибеков келип, ал эмне жинди болуптурбу. Же эмне анын башы шишиптирби. Келдибеков өлкөдөн өтө кыйынчылык менен чыгып кетти. Адамдын башына мүшкүл иш түшсө, ал жер үстү менен эмес, жер асты менен болсо дагы сойлоп качып кетүүгө аракет жасайт . Келдибеков чоң сыйыртмактан кутулду. Эми ал кайра сыйыртмакка келип түшүп бермек беле?! Келдибеков кутулуш үчүн эмне деген каражатты коротту. Ал келген менен деле, ал үчүн Кыргызстанда орун жок болуп калды да. Анын былыктарынын баарын эл билди. Кайсы бети менен келип эл алдынан өтүп, кайра саясатка аралаша алат. Батукаевди деле алып келе албайбыз. Бизде Россия менен юридикалык жардам берүү боюнча эки тараптуу келишим бар. Ал келишимге кол коюлган. Ошол келишим аркылуу биздин тергөөчүлөр Батукаевге барып тергеп, аны ким качыргандыгын билип келишсе болмок. Бирок биздин сот аны кылууга жарабайт да. Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт болуп. Батукаевди алып келишсе, аны деле көзүн тазалап коюшу мүмкүн.
- Батукаев баш болгон кара дүйнөнүн өкүлдөрүнүн абактан чыгышы, соттун эле күнөөсү болуудабы?
- Албетте соттун күнөөсү. Кандай далил менен чыгарып жатканын ким билсин, баарын эле чекесинен бошотуп жатышпайбы. Сотторду ким көрсөтөт. Парламент, президент, анан бейөкмөт уюмдары көргөзөт. Парламенттен кандай адамдар барып сот болуп жатышат. Бөйөкмөт уюмдары көргөзгөн адамдар эмнени сот болуп иштеп жыргатышат. Мына ошентип соттордун ишпалдасы чыгып, тааныш-билишке, акчага карап иш кылып жатышпайбы. Ошондой эле бизде мыйзамдар дагы туура эмес жазылган. Биздин мыйзамдар Европанын, Батыштын, Россиянын мыйзамынан көчүрүлгөн мыйзамдар. Ал мыйзамдар биздин менталитетибизге туура келбейт. Бул жагы дагы эске ала турган чоң көрүнүш.
- Электр энергиясына болгон баанын кымбатташы боюнча эмне айта аласыз?
- Азыр баары айтып жатышат. Ширшовдун схемасы деп. Бизде эмне Ширшовдун схемасын бузуп, талкалай турган энергетика боюнча адистер жокпу? Көп эле адистер доктор наук болуп, энергетика боюнча саймедиреп жүрүшөт го. Бизде ушундай адат калыптанды. Бийликке келгенде мурдагы бийликке шылтайбыз. Булар минтип кеткен, тигилер тигинтип кеткен деп. Мурдагы жасаган нерсени кийинкиси оңдосо болбойбу.
- Шаар мэри Кубанычбек Кулматовдун дарегине да ар кандай сөздөр айтылып жатат, шаар каралбай калды дешүүдө. Шаар тургуну катары Кулматовдун иш-аракетине кандай баа бересиз?
- Кулматов бажы кызматкери. Бажыны башкарган адам. Салык кызматын жакшы билет. Миллиондон ашуун эли бар Бишкек шаарын башкаруу Кулматов үчүн өтө оор. Шаарды башкарыш үчүн, шаардын системасын билиш үчүн окуу жайларда атайын, куруучу, транспорт башкаруучу адистер окуп тарбияланат. Мэр ошондой билимдүү адам болушу керек. А бизде кандай, дарыгер, аптека башкарган адамды алып келип, энергетика министри кылып коебуз. Аныбыз ишти билбейт. Анан энергетика тармагын талкалап, жок кылат. Мына Курманжан датка тасмасынын ачылышын өткөрүп, маданият министри баш болуп катуу дуулдашты. Чын-чынына келгенде кинонун тартылышы жакшы. Бирок, Курманжандын ким болгону тарыхты окугандарга белгилүү. Мен Курманжан Датка киносуна басып барбайм. Көргүм да келбейт.
Маектешкен
Мирлан Алымбаев











??.??