presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Көчмөндөр оюну
көңүлгө толду!
Көпчүлүк эки анжы болуп жатты эле. Жер жүзүнө жар салып жаткан Көчмөндөр оюнубуз кандай болот - деп кайгы жегендердин арасында иш-чарага жооптуулар гана эмес, бүтүндөй кыргыз эли да бар эле. Бирок бардыгы мыкты деңгээлде болду. Дүйнөдө мындайды эң алгачкы өткөргөн кыргыз калкы атагын жакшы эле арттырды. Эмдиги жылы мындан да мыкты, мындан да жогорку деңгээлде өтөөрүнө ишенебиз.
Көчмөндөр оюну өткөн 5 күн бою кыргыз деп жүрөгү соккон мекендештерибиздин жан дүйнөсү башкача козголуп турду. Анткени бул күндөрү кыргызым өткөнүнө кайтып барды, Айкөл Манасыбыздын рухун алды. Намысыбыз козголуп, кыргыз экенибизге сыймыктанып дагы, сүйүнүп да турдук. Маанайыбызды көтөрүп ушундай майрам тартуулагандарга албетте алкоолор жана мактоолор болсун!

Беш күнгө созулган Көчмөндөр оюнунда спорттун 10 түрү боюнча кызуу кармаштар жана таймаштар жүрдү. Бардык медалдардын эсеби боюнча Кыргызстан 55 медалы менен 1-орунду ээледи. 2-орунга ээ болгон Казакстан бардыгы 28 медаль, анын ичинен 10 алтын, 9 күмүш, 9 коло медалды илип кетишти. Андан кийинки 3-орунда Түркмөнстан 6 медаль 3 алтын, 3 коло медалга ээ болушкан.

Ошондой эле, Кыргызстандан жана Казакстандан жалпысынан 26 жорго байге талашты. Жыйынтыгында алдыңкы 7 байгелүү орунду кыргызстандыктар ээлешти. Жорго салыштын байге фонду 1 миллион 400 миң сомду түздү.

Жорго салыш боюнча байге ээлери:

1-орун. "Барон" (Кыргызстан) - 800 миң сом
2-орун. "Ганг" (Кыргызстан) - 300 миң сом
3-орун. "Вулкан" (Кыргызстан) - 100 миң сом
4-орун. "Космос" (Кыргызстан) - 60 миң сом
5-орун. "Чагылган" (Кыргызстан) - 40 миң сом
6-орун. "Альянс" (Кыргызстан) - 20 миң сом
7-орун. "Парнас" (Кыргызстан) - 10 миң сом

Кунан чабыш:
1-орун "Атилла" (Казакстан) - 500 миң сом.
2-орун "Титан" (Казакстан) - 250 миң сом.
3-орун "Алмазная" (Кыргызстан) - 100 миң сом.
4-орун "Басша" (Казакстан) - 70 миң сом.
5-орун "Ак-Марал" (Кыргызстан) - 50 миң сом.
6-орун "Карлыгач" (Кыргызстан) - 30 миң сом.
7-орун "Герцог" (Кыргызстан) - 19 миң сом.

Көк бөрү
1-орун "Кыргызстан 1" - 3 миллион сом
2- орун "Кыргызстан 2" - 1 миллион сом
3- орун Алтай Республикасы - 500 миң сом

Эр эңиш:

80 кг чейин
1-орун - Руслан Карагулов (Кыргызстан)
2-орун - Муратбек Алтымышев (Кыргызстан)
3-орун - Туймабек Жумалиев (Казакстан)
80 кг жогору
1-орун - Нурлан Молдокулов (Кыргызстан)
2-орун - Күмүшбек Кыдыралиев (Кыргызстан)
3-орун - Марат Нуртейишов (Казакстан)

Ордо:

1-орун - "Кыргызстан-1" - 700 миң сом,
2-орун - "Кыргызстан-2" - 400 миң сом,
3-орун - Тажикстан - 200 миң сом.

Аламан байге:

1-орун "Карат байыр" (Кыргызстан) - 1 млн сом,
2-орун "Кара кус" (Казакстан) - 500 миң сом,
3-орун "Тачанка" (Кыргызстан) - 300 миң сом,
4-орун "Багира" (Кыргызстан) - 200 миң сом,
5-орун "Симони" (Кыргызстан) - 100 миң сом,
6-орун "Аль-Аашгар" (Кыргызстан) - 76 миң сом,
7-орун "Ероша" (Кыргызстан) - 50 миң сом.

4-орунду ээлеп, ээсине 200 миң сом акча утуп берген "Багира" деген 10 миң долларлык тулпар марага жеткенден кийин мүрт кеткен.

Тогуз коргоол:

Эркектер арасында

1-орун Казакстан - 200 миң сом
2-орун "Кыргызстан 1" - 100 миң сом
3-орун "Кыргызстан 2" - 50 миң сом

Аялдар арасында

1-орун Казакстан - 200 миң сом
2-орун "Кыргызстан -1" - 100 миң сом
3-орун "Кыргызстан 2" - 50 миң сом


Дүйнөлүк басылмалар "Көчмөндөр" тууралуу:

Узаган аптада дүйнөлүк басма сөздүн сүрөт галереяларын аркасынан алоолоп от күйгөн, тыйын эңип, ат үстүндө ойногон кыргыз жигиттери багындырды. Италиянын "Corriera Della Sera" гезитинде "Ат үстүндө жаа атып, кыргыздар өз өнөрүн алгачкы көчмөндөр оюнунда көрсөтүүдө" деген тема менен аркасынан алоолоп от күйгөн жигиттин сүрөтү баштаган ондон ашык сүрөт чыгып, гезит окурмандарынын кызыгуусун жаратты.

Британиянын "The Mirror" гезитинде "Кыз куумай дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун эң кызыктуусу" деген тема менен Чолпон-Атадагы оюндардын ачылышын чагылдырган видео, сүрөт галерея кыстарылып, англис окурмандары тарабынан узаган аптада эң көп ачылган макала болду.

Американын "The Washington Post" гезити да 10-сентябрдагы санында башка дүйнөлүк медиадай эле көчмөндөр оюнундагы кызыктуу сүрөттү биринчи планга койгон. "Wall Street Journal" басылмасынын апта сүрөтү да алоологон от менен ат үстүндө ойногон кыргыз жигити болду.

Даярдаган
Тиленбек Азык











??.??