presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Гуманитардык илим мамлекеттик камкордукка муктаж
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин илимди реформалоо боюнча Өкмөткө кайрылуу каты коомчулукта өтө жандуу талкууга түшүп жаткан мезгили. Президент А. Атамбаевдин республиканын илиминин тагдырына кызыгып, мындан ары илимди кандай багытта өсүп-өнүктүрүү керектиги жөнүндөгү сунушу - бүгүнкү күндүн талабы. Азыркы ааламдашуу учурунда илимди да оптималдаштыруу максатка ылайык. Президенттин кыргыз илиминин дүйнөлүк илим менен болгон интеграциясы өтө тыгыз болушун, илимибиздин республикабыздын бардык тармактарында конкреттүү пайда, жыйынтык алып келүүсү тууралуу койгон милдет-маселелерин, каалаган ой-тилегин толук колдойм. Бүгүнкү күндө илимге жаңыча мамиле керек, эртең кеч болуп калат.
Илимдин ал-абалы, келечеги бизди бушайман кылып келет. Илимге болгон кайдыгерлик ачык эле айталы Эгемендүүлүк алгандан бери өкүм сүрүп келе жатат. Окумуштуулардын социалдык, финансылык, материалдык-техникалык шартына көңүл бөлгөн Өкмөт болгон жок. Совет мезгилиндеги илимдин базасы кыйрады, талкаланды, кадрлар жан сактоо үчүн базар экономикасына ылайык тарап кетишти. Илимде илимге дили менен берилген гана окумуштуулар калды, алар илимде ийгилик жаратып жатышат. 2010-жылдагы революциядан кийин илимдин кадыр-баркы көтөрүлүп, илимге кызыккан жаштар көбөйүп, илимде стабилдүүлүк калыптанганы кубандырат.
Коррупция илимди да чырмоок сымал чырмап баратканы түйшөлтөт. Акча, бийлик болсо кандидаттан баштап академикке чейин наамды, даражаны сатып алса болот деген көз караштар коомчулукта туруктуу орун ала баштады. "Маңдай тер агызбай" туруп, коррупциялык жол менен илимдин сересине чыккандар көбөйүп жатат. Илимий даражалар кызматтан кызматка көтөрүлүүнүн трамплини болуп калды. Чиновник "окумуштуулардын" санын алып, аларды анализдөө зарыл. Чиновниктердин көбү гуманитардык илимдин өкүлдөрү болгондуктан, кызматынан пайдаланып дароо диссертация жактап алганга аракет кылышууда. Ошондой эле алар академик, корреспондент-мүчө, мамлекеттик сыйлыктарга умтулушат. Мына ушундай көрүнүш, албетте, коомчулуктун кыжырын келтирет. Башка тармактардын өкүлдөрү кызматта туруп илим жазганы өтө чанда. Экономика, юридика, философия, саясат таануу илиминде кызматта туруп, кандидаттык, докторлук даражаларды алгандардын көбү бүгүнкү күндө активдүү окумуштуулар эмес, мына ушулар окумуштуулардын санын көбөйтүп жатат. Бир эле иши үчүн коррупциялык ык менен доктор, профессор, корреспондент-мүчө, академик, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, илимге эмгек сиңирген ишмер, медаль, орден ж.б. деген толгон-токой даража, наам, сыйлыктарды жеңил-желпи алгандар бар. Андайларга тыюу салуу керек. Мына бул көрүнүш да илимдин өнүгүшүнө өзүнүн терс залакасын тийгизбей койбойт, эч ким изденбей калат. Илимге кызмат кылам десе, улам жаңы жетишкендиктерге умтулуусу зарыл. Азыркы учурда фундаменталдуу, элге, коомго, мамлекетке өтө керектүү илимий изилдөөлөр жүргүзүлбөй, иштелбей, майда, кайталанган темалар жеке илимпоздун, диссертанттын өзүнө гана пайда алып келип калды.
Азыр окумуштуунун үч түрүн байкоого болот: 1) коом жана өзү үчүн эмгектенген илимпоз; 2) жеке өзүнүн пайдасы үчүн эмгектенген илимпоз; 3) жалган, жасалма илимпоз. Совет учурунда биринчи гана түрү - Илимпоз деген инсан болор эле.
Бүгүнкү күнү диссертацияны бирөөлөр жазып берүү толук күч алса, экинчилери жалган документтерди жасашып, илимий жоболорду бузушууда, үчүнчүлөрү болсо бирөөлөрдүн аспиранттарын, изденүүчүлөрдүн жана докторанттарын өздөрүнө "оформить" этишүүдө. Бул илимде өтө эле уят иш.
Адатта, реформалоо десе эле көбүнчө чочуп турабыз. Албетте, аны колдошубуз керек. Бирок, реформага жамынып алып аны жок кылуу оңой. "Кайра куруу" деп жатып килейген СССРди жок кылып деле албадыкпы?! Ооба, илимди оптималдаштыруу сөзсүз керек, өтө актуалдуу маселе. Бирок, кантип?! Элибизде жакшы макал бар эмеспи: "Жети өлчөп бир кес" деген. Анын сыңарындай, ойлонуп, өтө этият мамиле кылуу керек. Биз дароо Казакстанды жалпы жонунан мисалга тартабыз, бирок анын ички мазмунуна көңүл бурбайбыз, оош-кыйыштарын эске алышыбыз зарыл. Чынында Казакстан Улуттук академиясы, анын президенти, вице-президенттери жана институттары мурдагыдай эле иштеп жатышат. Болгону Билим министрлиги тарабынан илимий долбоорлор каржыланат жана академиянын жаңы шайланган академиктери менен корреспондент-мүчөлөрүнө стипендия төлөнбөйт. Азыр аларда академияны кайрадан толук кандуу калыбына келтирүү маселесин Өкмөттүк деңгээлде көтөрүлүүдө. Казак Республикасынын Президенти
Н. Назарбаевдин демилгеси менен бюджеттин негизинде Түрк академиясынын эки жыл мурун ачылышы эле илимге болгон чоң көңүл буруу экендигин билдирет. Түрк академиясын куруу, түзүү ишин биздин Президентибиз Алмазбек Шаршенович Атамбаев да кызуу колдоп, кубаттаган. Ал гана эмес түрк тилдүү элдердин Президенттеринин саммитинде "Бишкек декларациясында" кабыл алынган.
Гуманитардык багыттагы улуттук илимдер мамлекет үчүн өтө керек, ал - мамлекеттин, улуттун жүзү, атрибуттарынын бири. Тили, адабияты, тарыхы, философиясы жок мамлекет болбойт, булар Кыргыз Республикасы деп атоого мүмкүндүк берет. Ошондуктан, тил, адабият, тарых, философия Илимдер академиясы ачылганда илимий фундамент, база болгон. Тилибиз, адабиятыбыз, тарыхыбыз жана маданиятыбыз дүйнөнүн башка эч бир жеринде изилденбейт, чет элден инвестиция да келбейт. Улуттук илимдер мамлекеттик идеологиянын негизи, коомубуздун руханий күзгүсү. Эгерде мамлекеттен эне тилин, адабиятын, тарыхын, философиясын алып койсок, мамлекеттин маани-маңызы жоголот. Президентибиз А. Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн жана "Манасты", Кыргыз каганатты изилдөөнүн зарылдыгын бекеринен белгилеген жок. Түрк мамлекетинин даанышманы Ата түрк гуманитардык илимдерди жогору баалап, өз мамлекетинде "Тил, тарых, адабият жана маданият академиясын" 30-жылдарда эле түзүп, түптөп кеткени көрөгөчтүк болгон. Гуманитардык илимдерди коомдукка айландыруу дегендик - акын-жазуучулардын, сүрөтчүлөрдүн, композиторлордун, маданият ишмерлеринин бүгүнкү абалына туш келүү дегендик, жыйналган, топтоштурулган илимий потенциалдын таралышы дегендик.
Гуманитардык илим ар дайым мамлекеттик камкордукка муктаж, анын өзүнүн өзгөчөлүгүн эске алуу зарыл. Мамлекеттик тапшырмалар болсо, базалык каржылоо орун алса, ошону менен бирге "Илим фондусу" мамлекет алдында түзүлүп, илимий долбоорлор конкурстук негизде каржыланса, илимибиздин жыйынтыктары мындан да жогору, ийгиликтүү болору шексиз.
Илимдер академиясы иштебейт деген бир жактуу пикир бар. Бирок, бул туура эмес көз караш, башка илимдерде да жана анын ичинде гуманитардык илимде да кийинки жылдары бир топ ийгиликтер болгонун коомчулук жакшы билет. Илимий кызматкерлер ар-намыстуулук менен көп иштерди аткарып келе жатышат. Мамлекеттик тилге, "Манаска", кенже эпосторго, залкар акындарга, профессионал акын-жазуучуларга, Махмуд Кашгариге, Жусуп Баласагынга, Орхон-Энесай жазма эстеликтерине, сөздүктөргө, тарыхый булактарга ж.б. арналган 500 дөн ашуун китептерди демөөрчүлөрдүн жардамы менен чыгарып, гуманитардык илимдер бөлүмү ар тараптуу комплекстүү изилдөөлөрдү жүргүзүүдө. Бөлүмдөгү институттардын темалары да жакындаштырылып, "Улуттук идея - тилде, адабиятта, философияда, тарыхта" деген сериялар коомчулукка жеткирилүүдө.
Академиялык илим менен ЖОЖдордун интеграциясы азыр бизде бар. Академиянын көпчүлүк илимпоздору ЖОЖдордо мугалим болуп иштешет, студенттердин, аспиранттардын илимий иштерин жетекчилик кылышат, студенттер, аспиранттар Академиянын лабороторияларынан кеңири пайдаланышат, окутуучулар менен окуу китептери, окуу куралдары биргелешип жазылууда. Бул жакындоо процессти этап менен өткөрүү керек, күчкө салып механикалык түрдө тездетүүнүн зарылдыгы жок.
Биринчиден, түзүлө турган Өкмөттүк комиссия менен Улуттук илимдер академиясынын илимди реформалоо комиссиясы бирдикте академиянын статусун жана структурасын ачык-айкын аныктап чыгышы керек. Илимди кайрадан жандандыруу үчүн ага көмөк көрсөтүп, айрым приоритеттүү илимий багыттардын өнүгүшүнө көңүл буруу, камкордук кылуу талап кылынат. Өз учурунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна да карабай, "реформалоонун" натыйжасында президиумдун калпыс чечими менен жабылып калган структураларды мыйзамга ылайык калыбына келтирүү жана тыкан, ийкемдүү структура түзүү күн тартибиндеги маселелерден. Улуттук илимдер академиясында да ашыкча, кыскара, бириктире турган структуралар жок эмес. Экинчиден, академияны коомдук мекемеге айландыруу кооптуулук жаратат. Үчүнчүдөн, өзгөчө Гуманитардык илимдерди коомдукка өткөрүүнүн зарылдыгы жок. Улуттук илимдерди өнүктүрүү үчүн улуттук программа иштеп чыгуу зарыл. Улуттук мааниси бар изилдөөлөрдү финансылык, материалдык-техникалык жактан биринчи кезекте камсыз кылуу керек.. Төртүнчүдөн, Жогорку аттестациялык комиссияны жаңы билим баскычына толук өтмөйүнчө сактоо, аны күчөтүү бүгүнкү күндүн талабы болуп отурат. Бешинчиден, илимдин кадыр-баркын көтөрүү үчүн чыныгы илимпоздорду тарбиялоо милдети турат.
Жыйынтыктап айтканда, Президентибиз А. Атамбаев илимге чоң жоопкерчилик менен мамиле кылууну окумуштуулардын алдына милдеттендирди. Эми биз, коомчулук, окумуштуулар чөйрөсү илимди нары-бери тарткылай бербей, илимдин "көзүн" чукуп албай, жеке амбициялардан алыс туруп, келечек үчүн жакшынакай ийгиликтүү салтты улап, ишенимдүү, илимий жолду тандап алышыбыз керек. Илимдин тагдыры менен ойнобошубуз керек, келечек бизден оң, жакшы жыйынтык күтөт.

Абдылдажан Акматалиев
академик








??.??