Көркөм адабий китептер!


 Кыргыз гезиттер
Онтойсуз суроолор?
Кудайдан жөө качкандардын бирисизби?
- Жыргалбек Алимбаевич, Сиз учурда "Ата-Журт" фракциясынын депутатыcыз. Эл өкүлү катары биринчилерден болуп мыйзамды сыйлашыңыз керек. Тилекке каршы, сиз мансапка манчыркап, депутаттык мандатты жеке кызыкчылыгыңызга пайдаланган жоругуңузга күйгөндөр көп. Өзүңүз жакшы билгендей, Өкмөт кыш катуу болот, энергия тартыш деп кан какшап жатат. Сиз болсо, 2 жылдан бери электр энергияга болгон төлөмдөрдү төлөбөй, карызыңыз 70 миң сомдон ашыптыр. Бул тууралуу энергетиктер билдиришкенин маалымат каражаттары жазып чыгышты. Эмне элден өзгөчөсүзбү? Же Кудайдан жөө качкандардын бирисизби? Кара малдан тогуздап байге сайып, Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык кылып, миңдеген киши чакырып уулуңуздун сүннөт тоюн берип, көпкөндүгүңүздү даңазалаган жаныңыз, 70 миң сом таппай карайлап калдыңызбы? Же мамлекеттен айлык алып, элдин эсебинен жашап, ошол эле учурда мамлекетке зыян келтирип, карызга батырып басып жүргөн сизге кызыкпы? Болбосо, сизди укук коргоо органдары сөзсүз желкелеп карызыңызды төктүрүш керекпи? Бир сөз менен айтканда, сизге окшогон алсам, бербесем дегендердин кесепетинен өлкөбүз энергетикалык каатчылыкка тушугуп жатат. Уят деген барбы?


Башыңызга кара булут айлана баштадыбы?
- Юруслан Жуманович, Сиз учурда Каржы рыногун көзөмөлдөө жана жөнгө салуу кызматын жетектеп турасыз. Акыркы кездери дарегиңизге кескин сындар көп айтылууда. Алсак, "колу таза эмес экен, тиешелүү органдар анын ишмердигин текшерүүгө алса, мыйзамсыз былык иштери четинен эле чубалып чыгып жатыптыр, кызматтык абалынан пайдаланып, түрк ишкерлерине "крышалык" кылып, анын аркасы менен "Белек" лотереясына "доляга" олтуруп алыптыр, жакын арада кызматтан алынат экен",- деген сөздөр басма сөз булактарында байма-бай чыгууда. Чын эле колуңуз таза эмес, мамлекеттик кызматты жеке кызыкчылыгыңызга пайдаланган шылуунсузбу? Түрк ишкерлерин калкалап, пайда көрөсүзбү? Айтылган сөздөр калп болбосо, "Белек" лотереясындагы үлүшүңүз канча? Мындан сырткары ишке берилбей турган Таластагы "Жерүй" алтын кени боюнча чырлуу ишке сиздин дагы тиешеңиз бар дешет. Мындай маалыматтын канчалык чындыгы бар? "Жерүй" алтын кенине да үлүшкө отурган жайыңыз барбы? Мындан улам, ишиңиздеги иритки көрүнүштөр жогору жакка билинип, кызматтан алынганы турасызбы? Ошол себептен, алдын ала "суудан кургак чыгуунун" амалын көрүп, "Тойчубековдон колуңарды тарткыла!" деген таризде тарапкерлериңизди уюштура коюп, маалымат жыйынын өткөрттүңүзбү? Чындап башыңызга кара булут айлана баштадыбы?


Өлкөнү өнүктүрүүнү түшүнбөгөн адамсызбы?
- Темирбек Ишенбаевич, Сиз көптөн бери мансапка умтулуп депутат, президент болгуңуз келип, саясатка "тиш" салып жүрөсүз. Бирок сизди жакындан билгендер тилинен башка берекеси жок катары сыпаттап келишет. Саясатка аралаша элек жатып, эмнеге эртелеп элдин ишеничинен чыга баштадыңыз? Ооба, сиздин да өлкөнү өнүктүрсөм деген тилегиңиз бардыр. Бирок эл өкүлү Өмүрбек Абдырахманов сизди "Кыргызда "ат көрбөгөн минип өлтүрөт" деген жакшы сөз бар. Саясатты, өлкөнү өнүктүрүүнү түшүнбөгөн адам" деп сыпаттаптыр. Таап айттыбы же жаңылышып жатабы? Буга чейин сизди "Мекен ынтымагы" партиясын ачып саясатка катуу киришип баштаганыңызда, сиз менен үзөңгүлөш жүргөн, жакын санаалаш болгон Жамалбек Рысалиевдин "афферист" деп чыккан жайы бар эле. Эмнеге эл кызматын аркалабай жатып, жаманатты сөздөр ээрчип калды? Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз? Көралбастардын чыгарганбы же чындыктын үлүшү барбы?

"ФАБУЛА" пресс




крим дүйнө

Үч баланы өрттөп салды
Россиянын Пермь шаарында бир айбан бир бүлөнүн квартирасын өрттөп жиберген. Ал айбан ачкыч салган тешиктен түтүкчө киргизип, ал аркылуу бензинден куюп туруп өрт койгон. Ошондо үйдөгү үй ээси менен аялы жана эмчектеги баласы кутулуп, дагы үч баласы өрттөнүп кеткен. Алар 9, 7 жана 3 жаштагы балдар экен. Өрт койгон неме аныкталып, аны кармоо аракеттери көрүлүп жатат.


Эми кантип атпайсың?!
Чүй районунун Кош-Кашат айылынын жашоочусу 51 жаштагы Асылбек кошунасы 30 жаштагы Бахтияр деген менен арак ичет. Бир маалда Асылбек мас болуп жатып калат. Дал ошол маалда сыртта жаткан аялы 6 жашар кызын таштап өзү көчөгө чыгып кеткенде, тиги Бахтияр деген аңги кенедей наристени зордуктап туруп качып кетет. Азыр аңги камакта, иликтөө иштери жүрүп жатат. Бул Бахтияр деген айбан ашып кетсе 7-8 жылга кесилет. Ошол дагы жазабы?! Мындай айбанды кескилеп өлтүрүү аздык кылбайбы!


Карасаң эй!
Кара-Суу районундагы №10 почто бөлүмүнүн башчысы Р.М. деген неме кудайдан коркпой туруп эле пенсия, жөлөк пулдарга берилчү 269 миң 121 сомду жеп коюптур. Деги кайда барып токтоор экенбиз?! Кытайда болсо, мындай немелерди чөгөлөтүп туруп гана каракушка басып салмак!






Яндекс.Метрика