presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Таза болсок, акчанын алдында каларбыз

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги "май-талкан" деп тамшанып суктана сыпатталчу жердин дал өзү, анабаштарынын бири. Илимий негизи жок эле, накта кыргызча айтканда, жер алдындагы байлыктардын баары ушул аталган агенттиктин карамагында. Алтын казып алам деп лицензия алгың келсе ушулардан аласың, бекер алмак белең, берип туруп аласың. Мурун бул агенттиктин башында турган Эсенаманов деген кесилип, мөөнөтүн өтөп чыкты, андан кийинки Ташбаев кесилди, дагы кийинкиси Чунунев дегенге кылмыш иши козголду дешти эле, азырынча дымы чыкпай тим болду. Иш биротоло көмүлдүбү же, тыныгуу абалындабы, аны биле алган жокпуз.

Ошентип, кен ишетем дегендер бул агенттиктен лицензия алат, ошол кенди иштетүүнү баштаса баштап, кээси жөн гана ээлик кылып турат, дагы бири аны сатып спекуляция жасайт. Кээ бир маалыматтарга караганда чоң, кичине кендердин көбү, айталы, 85%тен ашыгы лицензияланып кеткен, калганы берилип жатат. Кайсы бир басылмага маек куруп, агенттиктин азыркы деректири Дүйшенбек Зилалиев кендерди иштетүүгө берүүчү аукциондон кийинки кезде 2,5 млн доллар түштү дейт. Мындай киреше түшүү тарыхта болгон эмес экен. Демек, мурун миллиондогон доллар наадандардын чөнтөгүнө түшүп турган экен да. Мына ошолорду казып чыкса болобу, казып туруп жеке чөнтөккө түшкөн каражатты мамлекеттин бюджетине кайтарса болобу? Тиешелүү жектекчилер көңүлдөнсө болбой коймокпу. "Бул тармак жакшы иштей баштады, баары ачык-айкын өтүп жатат, коррупция жок" дептир Зилалиев мырза ошол эле маегинде. А биз ага анча ишене албай турабыз, коррупция катуу чырмаган тармактагы коррупцияны бат эле жоюп салган Зилалиевдин сыйкыр күчү жоктур… коррупциялык жол азайса азайгандыр дейли…

Дагы бир маселе, кийинки убакта кен чыккан жерге жакын жайгашкан айыл тургундары да бир жаман адат таап алышты. Алар кимдир бирөөлөрдүн көкүтүүсүнүн аркасында "экология бузулат" деген шылтоо менен кенди иштетпей, митингдерди өткөзүп акча өндүрүп турганы. Мисалы, Кадамжай районундагы Шамбисай, Бакай-Ата районундагы Шыралжын, Панфилов районундагы Чолоккайыңды кендерин иштетүүгө каршы митингдер болду. Аталган кендер али иштетиле элек, изилдөөлөр гана жүрүп жатат. Кенди ала албай калгандар, болбосо, андан акча өндүргүсү келгендер митингдерди оңой эле уюштурат, "адам ден соолугуна зыян" дегенди айтып, анча-мынча курсак тойгузуп койсо болду, анык-бышыгын тактабай эле элиң чуулдап жатып калчу болбодубу...
***
Оо, далай жылдан бери "трутень" сыяктуу багылып келаткан бир министрдик бар, ал-айыл жана суу чарба министрдиги. Анын курамында канча адам иштеринин так маалыматы бизде жок, бирок, аз эмес кызматкерлер, аз эмес айлык алып асмандын башын сүйлөп коюп олтурушат. Канча фермер менен сүйлөшөбүз ошолордун бири дагы айыл чарба министрдигинен момундай жардам алдым, жардамын көрдүм дегенин уккан жокпуз. Баары эле наразы кебин айтат. Ар кайсы жактан келген кредиттер менен гранттарды бөлүштүрүп олтура берүү алардын негизги иши сыяктанып да кетет. Дегеле кой, министр мырза жер-жерлерди кыдырып, бир нерсе айткан болуп, каадаланат, а чынында эч нерсе бүтүргөн жери жок. Баса, мурунку министр Чынгыз Узакбаев бир тууганына мыйзамсыз түрдө грант бере коем деп кызматтан кеткен, кылмыш иши козголгон, иш кандай бүтүп жатат белгисиз…
Э
ми бул министрдиктеги штаттарды кыскартып, аны кадимкидей иштетиш керек, болбосо… жок, жоюп жибергенге болбойт, кандайдыр бир оптималдуу жолун таап иштеткенден башка айла жок. Кызыгың кур, ушул айыл чарба министрдиги "баланча жерге буудай айдадык, түкүнчө жерге кызылча, жүгөрү айдалды, алардан мындай түшүм алынды деп" акыркы гектирине чейин, килограммына чейин айтат, ал санды кайдан алат. Илгри Совет мезгилинде болсо го бир жөн эле… Туура, асмандын башынан алат. Ким кача айдап, канча түшүм алганын айыл башчылары, айыл өкмөттөрү өздөрү так билбейт, алар да "жел" отчетторду берип кутулат. Аны министрдик ого бетер "фантазиялап" салат. Бул адаттан кутулуш керек. Так маалымат менен жүрүү да жакшылыктын бир белгиси экендигин унуткан болбойт!
***

Жолдо жүрүү эрежелериндеги айып пулдардын көбөйүшү, жолдогу кырсыктарды азайткан-азайтпаганын ким билди, бирок, жол көзөмөл кызматындагы "шерлердин" жеке кирешеси эселеп өсүп жатканы факт. Муну жалгыз мен кайдан айтмак элем, антип жалгыздап соксом атылып кетишим бар эмеспи, муну жумурай журттун баары бир ооздон айтып жатат. Адам канча болсо, мүнөз деген ошончо, ар кыл. Андыктан алардын арасында машинасын зуулдата айдап көпкөнү бар, той-топурда ичип алып айдаганы бар, каалаган жерге машинасын токтотуп койгону бар, ремень курчанбай койсом кудай алат беле дегени бар… Анан алардын кармалгандарынын баары айып пул төлөшү керек. Анын көлөмү аябай көп, андыктан жол тоскон кызматкерге анын жарымын берип кутулуп кете берет. Ал кызматкер мурун жүз сом өндүргөн болсо, азыр беш жүздү өндүрүп жатат, кээси он миңге чейин чөнтөккө салып жатат дейт. Муну кантип токтотуу керек? Баш оорутуп не, ал көрүнүш, өзгөрүлбөйт, көнгөн адам алчусун ала берет, эч качан токтобойт. Бүтүндөй мамлекеттеги башкаруу системасын өзгөртмөйүн эч нерсе өзгөрбөйт. Бүтүндөй эл "акча эле акча" деп ак уруп калган учурда кантип токтомок! Бирок, азга болсо да ал тараптагы коррупцияны азайтуунун жолун издесе болот да. Кенедей эле шеги бар кызматкерди иштен айдай бер, анын майнабы бир айда эле көрүнөт… Жанагы Сингапур, Малайзия деген өлкөлөрдүн мыкты болушунун жолдорун угуп жатпайбызбы, катуу, ырайымсыз чаралар менен жакшылыкка жетиптир. А бизде ашынган коррупционерди адегенде камаган болуп, анан башынан сылай эркелетип, камап койсо "үйүңө барып жылуу-жумшак жатчы" деп камактан чыгарып жиберип жатпайбызбы. Анан кайдагы тазалык?!
***

Алсаң алып түгөтө алгыс каражат деген салык тармагында жатат. Кесипкөй эмеспиз, андыктан жөнөкөй эле популярдуу айталы да, эгерде ал тармак жалаң гана мыйзам чегинде иш алып барса, анда миллиарддаган сом агып келчү жер ушул. Белгилүү го, мамлекетибизде майда, чоң жеке ишкерлердин жарымына жакыны салыкты оңдуу төлөбөйт, дааналап айтсак, көмүскөдө катып койгон жагы бар. Аны билгизбейт, билинип калса, баланча суммадагы пара даяр турат ж.б. Анан да ар бир ишкердин артында саксактап турчу чиновниги бар, бириники акимчиликте, экинчисиники прокуратурада, үчүнчүсүнүкү милийсада, төртүнчүнүкү сотто, бешинчисиники парламентте ж.б. Андыктан салык кызматынын иши деле оңолгустардын катарында...
***

Акча агып турчу дагы бир тармак-бажы кызматы. Эми бул тармактагы коррупция жедеп болуп-толуп бүткөн кези, аны эч ким, эч качан оңдой албайт го…
***

Жогоруда айтылган тармактар мыйзам чегинде эле иштесе, анда казынабызга миллиарддаган каражат түшмөк. Башка жактан резерв издештин деле кажети жок, карыз сурагандын деле кажети жок болор эле. Өзүбүз эле тебелеп-тепсеп жүргөн жерде жатат акчанын баары. Маселе, аны кайсы бир шылуундун чөнтөгүнө түшүрбөй, мамлекеттин капчыгына түшүрүүдө турат. Анын жолдору деле дайын. Кеп аткарууда! Аны аткаруучу чиновниктердин ыйманы таза болсо, напсиси накта адам дегендикиндей нарыдан бери болсо, бая эле бай мамлекеттердин алдыңкы сабында турмакпыз… Ооба, мен элдин баарына белгилүү көрүнүштү айттым. Маселе анда эмес, маселе кайра-кайра айтып турушта…

Баратбай Аракеев









??.??