presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Ашыналардын айникейи кармады
Өзбекстан мамлекети кыргыздарга кыр көрсөткөнүн кое элек. Газын бербей койгону аз келгенсип, жок шылтоо менен чек арасын бекитип алды. 1-октябрдан тартып, эски үлгүдөгү паспорту бар кыргыз жарандары эми Өзбекстанга кире албай, айласы курумай болду. Аркы жээкке өтө албай азап чеккендердин көбү өзбек тектүү өздөрүнүн эле кандаштары экенин эске албай жатышат.


Эл итке, чоңдор "Жипке" минет
"Унааларга болгон бажы төлөмдөр кымбаттайт экен, автонун баасы асманга чыгат экен" деп элибиз кужулдап жатканда Өкмөттөгү чиновниктер бюджетке түшчү акчаны эсептеп, көңүлдөрү ток. Мамлекеттик Бажы кызматынын башчысы Адамкул Жунусов "Кыргызстанга авто унааларды алып кирүүдөн бюджетке бажы төлөмү катарында кошумча 50 миллион сом түшөт" - деди ЖК жыйынында. Бирок, бюджетибиз толгону менен капчыгы жука элибиз машине мине албай калды. Муну "Жип" минген чоңдорубуз ойлогусу да, уккусу да келген жок.


Мээси жок депутаттар таптакыр эле жинди болуп калышты
"Ар-Намыстагыларда" негизи ар деле жок окшойт. Ансыз деле кыйналып турган элдин кыжырын кайнатып, капкаяктагы маселени көтөрүп чыгышты. Башка маселе башына жетпей, айласы куруп жатышкан окшойт ойду-тоону сүйлөгөн ар намысчыларың элдик референдум өткөрүп, өлкөбүздүн атын "Республика Кыргыз Эл же Республика Кыргыз" кылалы деген демилгесин көтөрүштү. Негизи ушул фракциядагылар ушундай куру кыйкырыкты жакшы көрүшөт. Азыркы вице-премьер-министр Абдрахман Маматалиев дагы депутат кезинде жакшынакай желегибизди өзгөртөм деп тырмалаңдап атчу эле, Өкмөткө кеткенден бери анысын айтпай калган.

"Ар-Намыстын" мындай демилгесине айтылуу хирург Эрнест Акрамов мындай кызык кебин айтыптыр:
- Мышык кылаарга иши жок калганда бир жерин тырмайт. Саясатчылардын акмактыгы чегинен ашты. Мээси жок депутаттар таптакыр эле жинди болуп калышты. Адамдар жаныбарлардан аң-сезими менен айырмаланып туруш керек элек. Бирок депутаттар тескерисинче кетип жатышат. Алар курсактарын чоңойткондун ордуна, мээлерин көбөйтсө болмок. Өлкөнүн атын өзгорткөндө эле эл жыргап жашап калбайт. Бул идеяны ишке ашырыш үчүн миллиондогон каражат керек. Эл ансыз да кыйналып жатканда эл өкүлдөү курч социалдык маселелерди чечиш керек эле. Бирок алар болбогон нерселер менен алектенип жатканы өкүнүчтүү.


Кадыржандан калганы мамлекетке катталды
Түштүктөгү кандуу калаабанын башкы күнөөкөрү деп табылган Кадыржан Батыров өмүр бою эркинен ажыратылгандан бери анын дүйнө-мүлкү далайдын көзүн кызартып, далайдын тынч уйкусун бузуп жаткан. Европада качып жүргөн Кадыржан жана анын Кыргызстанда калган куйруктары мүлк талашта аянбай күрөштү. Ортодон оңой олжого жутунган чиновниктер дагы жакшы эле жулкунушту. Бирок акыркы сөздү Соттук департамент айтып, Кадыржан Батыровдун калган-каткан байлыгын толугу менен мамлекеттин карамагында калтырып, Мамлекеттик мүлк фондусуна өткөрүп берди.


Авторитардык дегендерге Ангеладан жооп
Өз агасын агалай албай, бирөөнүн эшигин сагалап келген айрым оппозициячылбыз дегендер "Кыргызстан авторитардык өлкө" деп эле жаактары айрылганча кыйкырып атышпайбы. Бирок Кыргызстанга сырттан абай салып турган дүйнө өлкөлөрү андай ойго кошулбайт. Мисалы Германиянын канцлери Ангела Меркель "Орто Азия боюнча Кыргызстан - авторитардык режимди жеңе алган намыскөй өлкө. Кичинекей мамлекет болгонуна карабастан, демократия жолун тандап алып, парламенттик республиканы түптөдү. Башкаруунун германиялык моделин тандап алган бул өлкө биз көңүлүбүздү бурушубуз керек" - дептир.


Кайрадан Апрель окуясы
2010-жылдагы 7-апрель окуясына байланыштуу соттук иштерди Бишкектин аскердик соту карап баштады. Бишкек гарнизондук сотунун 25-июлда чыккан өкүмүнө нааразы болгон эки тарап тең жогорку инстанцияга даттанышкан. Соттолгондор актоону өтүнүшсө, жабырлануучулар жазасыз калгандарды кылмыш жообуна тартууну суранууда.
Эске сала кетсек, 25-июлда Бишкек гарнизонунун Аскердик соту "Альфа" атайын бөлүгүнүн бардык кызматкерлерин актаган чечим чыгарган. Ал эми мурдагы президент Курманбек Бакиев, иниси, Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы башчысы Жаныш Бакиев, мурдагы премьер-министр Данияр Үсөнов өмүр бою сыртынан эркинен ажыратылса, мурда жогорку кызматта жүргөн бир катар кызматкерлер 10 жылдан 25 жылга чейин кесилген.


Депутаттын кыялы
Жогорку Кеңештин бул чакырылышындагы депутаттар акыркы жылын өтөп жаткандыгына байланыштуу элге эмне деп жагынып ийсем деген маселеге өтө чоң маани берип атышат. Дастан Жумабеков дагы башкалардан калбайын деп катуу чыкты. Жаңы төрөлгөн ар бир бала үчүн 50 миң сомдон акча берели деген эң соонун бирок, азырынча куру кыялга көбүрөөк окшогон кепти айтты. Бул сөзү менен элдин алкоосуна татып жатканын элестетип алып, ошол эле жерден ээрип кете жаздады. Анан ал үчүн жылына 5 миллиард сом керек экенин эсептей коюп, өз оюнан өзү чочуп, эсине келди. Качанкыга чейин куру сөз, куру кыял менен жашаар экенбиз?

''ФАБУЛА'' пресс








??.??