presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Байкуш экен го бир…
Кайран кыргызым, негизи кыйын элсиң да. Араңда кимдер гана жок, жылаңач төшү менен душман тосо турганы бар, карынын кебин "капка салганы" бар… анан да күлтүгү жок туулгандары бар дегендей… ошонун баары эле кыргыз. Ошондой кыргыздардын бири Равшан Жээнбеков деген бар эмеспи, кенедейинен коррупцияга алдырып коюп, ошондон мандемдүү болуп жүргөн. Эми ошол бечара президентинин кебинен уялып, президент үчүн башка өлкөлөрдүн президенттеринен кечирим сурап турат экен. Атаны арман ай-ээ! Бу балакай болбосо, бүтүндөй кыргыздын аброю оңбой калмак экен! Маселе мындай: өткөндө президент биз эч кимдин алдында чөк түшпөйбүз, эки-үч жыл чыдасак, оңолуп алабыз дегенди айтпады беле, тегерегибиздеги мамлекеттердин президенттерине "керегем сага айтам менен уугум сага айтамды" кошуп. Анын эмнеси бар экен, айтылчу ыңгай болчу, туптуура айтылган. Анан мурдунун учунан башканы көрбөгөндөр үчүн ал окуя башка мааниге ооп кетпейби… Ошентип, Жээнбеков "абийирибизди жаап" кечирим сурап берди. А бизге момундай ой кетет, ушу Равшан Жээнбеков биринчи иретте жеп-жутуп алган пансионаттарды элге кайтарып, анан элден аябай кечирим сураса накта жигит болмок. Анан толгон былыкты артына жүрүп, тыңсынса таптакыр жарашпайт экен, арты шакшактаган козуга окшоп калат экен, же кишиге…


Айтмакчы, ушул эле айтылуу оппозициялык саясатчыбыз Каримов, Назарбаев, Рахмондорго кайрылган катын "Facebook"тагы баракчасына илген экен. Колдойт деген колдоочулары кайра өзүн койгулаптыр. Эмесе, айрымдарын алдыңарга тарталы:
Санжар Алмазбеков:
- Жерибизди басып, газын бербей, бензиндерин өткөрбөй жатышса да биз күнөөлүүбүз деп отурушуз керекпи, ыя?!
Байар Жумашев
- Ичтен чыккан жат жаман демекчи, биздин кээ бир саясатчылардын кошуна мамлекеттердин башчыларына кошомат кылганы өкүнүчтүү.
Rus Lan Po
- Байкуш популизм!!!
Кайратбек Олжобаев
- Улуттук оппозиция деп анын ичиндеги саясатчымын дегендер, силер байлык, бийлик үчүн денеңерди саткандан деле кайтпайсыңар. Атамбаевди диктатор дейсиңер да, кайсы бетиңер менен үч өлкөнүн диктатор президенттерине кайрылдыңар? Бүгүн казактар арты менен күлүп жатат, "сендерде намыс, ар дейтин барма өзү" деп! Энеңердин эгизи болгонсуп аларга арызданасыңар. Ошондон көрө Бишкекке жакын турган "Кордай" "Чалдовар" өткөрүү бекеттерине барып, өтүүгө кезекте турган элди көрүп, ошолордун көйгөйүн айтып арызданбайсыңарбы?
- Медетбек Макенов
- Өтө чоң шермендечилик, душман болгон чакта да мындайга барбаш керек болчу.
Эркин Осмонов
Атың чыкпаса жер өрттө!




Билим берүү бекер дейт го, ыя, деректир?
Конституциябыздын 45-беренесинде момундай жазылып турат: "1. Ар ким билим алууга укуктуу. 2. Негизги жалпы билим алуу милдеттүү. Ар ким мамлекеттик билим берүү уюмдарында негизги жалпы жана орто жалпы билимди акысыз алууга укуктуу". Сонун бекен? Албетте, сонун! Бирок, бу кара баскан турмушуң ошол сонун дегениңди соолтуп жатпайбы! Билим берүү бекер болбой эле, карапайым элди безелентип жаткан учуру. Аны тейлеп-тескеген жан жок. Министр мырзабыздын шайманы кетип калды, кай жеринен кармап туруп башкарууну да билбей калды көрүнөт бу Канат иним мырза Садыков. Азыр мектеп деректирлери окуучулардан акча алганды кадимкидей эле мыйзамдаштырып алды, "жазылбаган мыйзам" түрүндө жазылган мыйзамдан таасирдүү иштеп жаткан кези. Кайран гана деректирлер!
Азыр Бишкектин кээ бир мектептерде биринчи класска кирүү үчүн 5000 сомдон алып жатканы кайсы мыйзамга сыят?! Тамагына 400 сом, эшик кайтарганына 350 сомдон алып турушат. Дагынкысы дагы болот, ремонт деген, терезе, эшик парда деген ж.б. паланча-пастан деген шылтоолор иттин кара капталынан, ал деректирдин фантазиясына жараша болот. Азыр мектеп деректирлери ар кимиси өзүнчө министр болуп алган. Бизге жакын жердеги бир мектепте биринчи класстын бир класстагы саны 40 баладан экен. Мына ошончо баланы мугалим кантип окутуп бүтөт?!
Мектепти көздөй акча ташыган биринчи класстан башталып, мектепти бүткөнгө чейин уланат. "Ал акча кандай жумшалат, эмнеге коротулат?" сыяктуу маселени деректирден башка эч ким билбейт. "Баланча акча кайда кетти?" деген мугалим чыкса, аны деректир дегениң басып жыгылат, керек болсо, куугунтуктап олтуруп иштен айдап тынышы мүмкүн. Ал эми акча алып келбеген бала же "эмнеге акча бермек элем" деген эне-ата болсо, анда анын баласы "кара тизмеге" катталат да көргүлүктү көрөт, окуусу начарлайт, тартиби начар делинет, чогулуштарга түшөт. Андыктан көпчүлүк эне-аталар, дээрлик көбү дейличи, мектеп менен кайым айтышып олтурбайт, "кой, баламды кор кылып коет" деп берчүсүн бере берет. Буга мугалимдер да, деректир да көнүп бүткөн, диктатурасын жүргүзө берет.
Азыркы мектептердеги мындай абалды кантип өзгөртүү керек? Анын так рецеби бизде кайдан болмок? Баарын бийлик башында тургандар, президент, премьер, спикер, агартуу министри, депутаттар болуп оңдосун. Конституцияда жазылган нерсени турмушка ашыруу биринчи иретте ошолордун милдети. Болбосо, дале болсо чогуу-чаран олтуруп алып Конституцияны оңдош керек да: "Мамлекетибизде мектептерден билим алуу деректирлердин чен-өлчөмүнө жараша акы төлөө менен ишке ашырылат" деп таккесе жазыш керек. Антип өзгөртпөйсүңбү, анда ата-энелерди да, балдарды да кууратып акча алба! Алдыңбы, кылмышкер катары жооп бер! Маселени азырынча ушинтип үстүрт айтып туралы, тереңин эл менен чогуу-чаран айтабыз…
Баратбай Аракеев









??.??