presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
МЕЗГИЛ ЖАНА ИНСАН
(Башталышы өткөн сандарда)
Жүр деп ээрчитип алып, лекциядан танапис убагы эле, аралап келатсак, мобу деп көрсөтүп беришти. Көрсөм, биз менен окуган, бизден 3-4 жаш улуураак Орозкожоев деген эле. Жүрүңүзчү, менин жумушум бар эле деп эшикке ээрчитип чыктым. Эшик суук, биринчи корпустун алдында карды күрөп, тепкичтен ылдый чоң күртүк кылып үйүп койгон. Чыгып, сиз мобу эки баланын нан карточкасын тартып алыпсыз, уят эмеспи. Бул бечаралар алыстан, айылдан окуюн деп келишсе. Караганы, жан бакканы ошол 500 гр нан болсо, эми эмне оокат кылышат? Ачка өлөбү, карточкасын алып келип бер десем, мен деле анда тыртайып арыкмын, мага караганда Орозкожоев дардайган неме эле, угуп, унчукпай туруп: "Сен, бала, бүгүн мен кечке жуук жатакананын жанына барам, сен дагы нан карточкаңды алып чыгып даярдап тур. Элчи болгондой сен кимсиң, сенин эмне ишиң бар?" - деп турбаспы. Айтпадымбы, "тормозум" начар эле деп, шамдагайлыгым, күчүм бар эле, өзүмө ишенчү элем. Ошентип айтканда, сокурдун соо көзү көзүмө даана чагылыша түштү. Ошол соо көзгө болгон күчүм менен катуу согуп калсам, тиги күрткүгө учуп-тоголонуп түшүп чөмүлүп калды. Секирип туруп кокодон алып бир топ жайлап жибердим. Алдымда жатып: "Тур, алып келип берейин", - деди. Турдук. Көзү жетти алы келбесине. Адегенде ойлоду окшойт, ушул тыртайган немени заматта жайлайм го деп. "Болуптур, кечинде алып келип берейин",- дейт. Мен жок, азыр мен лекциядан калдым, күтүп турам, азыр алып келип бер, эч кимге айтпайбыз, жамандабайбыз десем, барып алып келип берди. Мен ошентип тиги эки бала үчүн жанталашып мушташып жатсам, тиги экөө жок, коркконунан качып кетишиптир. Нан карточканы берип жатып, Орозкожоев: "Эми, сен бала, шашпа",- деди. Мен сенден коркпойм, эсиңде болсун дедим. Чынында эле Орозкожоев менин артыман түштү, күнүгө жатаканага жакын түн ичинде жолдоштору менен мени күтө баштады. Бир күнү кечинде келатсам, аңдып турушкан экен. Көрдүм, жакындап келгенде качырып киришти. Мен качып, жатаканага кире бериштен кармай алышкан жок, көчүккө бир тээп калды. Андан 3-4 күн өткөндө дагы аңдып турган экен, мен деле билип, байкап сак болуп калдым. Дагы күтүп алды, дагы качтым, үстүңкү кабаттарда кыздар турчу эле, ошолорго кире качып, ошолордун арасында жаттым. Көрсө, бул акмак, өзүнө окшогон 3-4өө ушинтип хулигандык кылып, айылдан келген бечаралардын карточкасын, аны-мунусун тартып алып жүрүптүр.
Анда бизде саат, акча, телефон дегендер жок, мен саат тагынганымды ойлосом, кийин илимдин кандидаты болгондон кийин тагыныптырмын. Кийин териштирсем, Орозкожоев 10-классты бүтпөй эле 10-классты бүттү деген справка менен өткөн неме экен. Ушундайлар биздин арабызда бир тобу бар экен, кийин 4-курсту бүткөндө медициналык мектепке барып медицинаны бүттү деген диплом алып, анан мамлекеттик экзаменге киришкен. Аттестаты жок, диплому жок мединституттун экзаменине кийирбейт экен. Ошентип, Орозкожоев бир топко менин тынчымды алып, көпкө коркутуп жүрдү. Кудай жалгап, бир күнү эле Орозкожоев жок, сабакка келбей калды. Ошо бойдон жоголду. Аны келбей калды, жоголду деп эч кимиси издеген да, жоктогон да жок. Сүйүнүп калдык.
Кийин мен институтту бүтүп, доктор болуп, ишим ийгиликтүү жүрүп, телевизордон, гезит-журналдардан мактап керсөтө баштады. Менин жакшы жолдошум Мамбетов Мукамбет чогуу бүткөнбүз, 81 жашында өткөн жылы кай- тыш болду. Мукамбет жөнүндө кийинчерээк толугу менен баяндама берем, көп жыл мурун мага келип айтып жатат: "Панфилов районуна биздин карындаштар күйөөгө тийип, куда башы болуп бардым эле. Куда колхоздун уюн багат экен, ошол уй фермасынын үйүнө бардык дейт. Отуруп таанышып, ичип-жеп отурдук эле, бир эле сапсайган, бир көзү жок чал отурган, байкаган да, тааныган да жокмун. Бир убакта ошол абышка мага кайрылып: "Ай, Мукамбет, мени тааныбай турасыңбы?" - дейт. "Жок, тааныбай турам" - десем, "Экөөбүз мединститутта чогуу окубадык беле?" - деп турат. Ошондо эсиме түшүп, тааный калдым дейт. Анан ошондо жок болуп кеттиң эле, ошондон бери кайда жүрөсүң десем, ошондо кармалып калып, хулигандык менен 9 жылга кесилип кеттим эле. Ошондон бошоп келип, ушул жерде кудаңар менен уйчумун дейт. Ден соолугум, турмушум дагы начар, карый баштадым. Ар дайым эсимде, телевизор, гезиттерден Мамбетти көрүп, окуп жатам. Аябай өсүп, жакшы келе жаткан экен. Ойлойм, кез-кез мен ушул Мамбетке барайын деп жүрөм, кезиккенге жардам берип койсоң деп менден суранды дейт. Бир аз туруп, кайра баягы мурункуларды эстеп, сабап кууп чыгабы деп ойлоп кетем дейт. Мен: "Жок, бара бер, мен да айтайын, ал убакта жаштык турмуштун кыйындыгынан болгон нерсе да, аны Мамбет деле ойлобосо, кектебесе керек деп жооп берип келдим", - деди. Ошол Орозкожоев тирүү экен деп Мукамбет байкуш айтып келди эле. Келген жок, бети чыдабаса керек. Мен ойлойм, кээде бир ушундай адамдарга элдин убалы жетсе керек, ошон үчүн Кудай Таалам бир жагынан керсөтөт окшойт. Антейин десең, кээ бирөөнө элдин убалы, каргышы тийбей, тескерисинче өнүп-өсүп, жыргап жүргөнүн ушу күнгө чейин көрүп келе жатпай- бызбы.
Биринчи курсту окуп, ал убакта тышка чыкпаган адаммын. Билем, үйдүн ал-жайын, ошого карабай туулган жердин көрүнүшү, суу-ташы, эне-ата, бир туугандар, эсиңден эч качан кетпейт экен. Ошол убакта ушуларды абдан са- гынчумун, бирок чыдачумун. Алдыга койгон максатым: өл-тирил, окууну бүтүп, врач болгум келчү. Кышкы каникулга бир жумага үйгө жөнөдүм, машина деген жок, жолдо бараткан жүк тартуучу үстү ачык машинага түштүм, суук. Кийимим жука, шымым - трусысы жок, жалаңкат көйнөк - майкасы жок, немецтин жеңил пальтосу, башымда шапке. Ачык машинанын үстүндө Черик Жумабаев деген досум экөөбүзбүз. Черик Жети-Өгүздүн Шалба айылынан, ал жөнүндө дагы кийинчерээк толук маалымат берем. Ушул экөөбүз машинанын үстүндө бир-бирибизди койгулап секиребиз.
Эми ойлосом, жаштыгыбыз, ден соолугубуздун түзүктүгү болсо керек. Эптеп Пржевальскиге жеттик, мен ары Кереге-Ташты көздөй базарга келсем, айылдан аркы Кайырма-Арыктан Султанбаев Асанбай базарга чөп сатып, кеткени жатыптыр. Экөөбүз 10-классты Сары-Камыштан чогуу бүткөнбүз, окууга барбай калган, кезигип сагынышып калган экенбиз, өбүшүп, сүйлөшүп жыргап калдык.
Асанбай ашканага алып кирип абдан тойгузуп, чанасына салып алып үйгө жеткизип койду. Үйдөгүлөрдүн ал-акыбалын жакшы билем, мал-салыбыз жок кедей элек дебедимби, ошентсе дагы эне-атам, бир туугандарым өтө кубанып тосуп алышты. Үйдөн картошка жесең дагы ысып, жарма ичсең дагы башкача даамданып, ырахат алчу элем, оюмда - кайра кантип кетиштин айласы. Жол кирени кайдан табам - ушул ой институтту бүткүчө ойлонтту, ушунчалык убара болчумун. Себеби элдин турмушу өтө начар, кийин чоңойгондо көрүп-билип калдым, кээ бир адамдар акча дегенди көрбөй-билбей, тааныбай кеткенин.
Эки күн эс алып, Кызыл-Кыя деп коёбуз, ошонун жанында башка коктуда Жыргалаң шахтысы бар эле, баягы мен күйөөлөп барып жүргөн жак, ошол шахтыда Мамакенин улуу карындашы Аний эжекем эки уулу, бир кызы менен турчу. Бул эжекемди, күйөөсү Төлөмүш согуштан жок болгондон кийин, мен Фрунзеге кете электе эле, ошол шахтыга жан багыш үчүн өзүм узатышып койгом. Бир кызыл ую бар эле, болгон төшөнчүсүн ушул уйга жүктөп барганбыз. Уулу Темиркул мени менен тең, иниси Желдең 3-4 жаш кичүү эле, кызы Советкан кичине - 6-7 жашта боло турган. Ушул эжекем эске түшүп, анда каникулга барган сайын ушундай жакын кишилерди эстеп издеп барып таап, үмүтөткөнүбүз эле бир аз акча берип, кетээрге жардам болсо деген ой.
(Уландысы кийинки санда)











??.??