presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
ДҮЙШЕЕВДИН "АГЫНДЫЛАРЫН" ОКУГАНДАН КИЙИНКИ ОЙ-ТОЛГООЛОр
Кочкордон курбум Жийде менен Зинат эжекем Бишкекте боло турган кол өнөрчүлүк боюнча көргөзмөгө катышканы келиптир. Катышып жүрүп бир күнү мага:
- Тезинен Шайлообек Дүйшеевдин телефонун таап бер,-деп калышты.
- Мен кайдан табам, жолукпай калганыма көп болгон,-десем:
- Сен акындарды жакшы тааныйсың, Айсулуу Көкөевадан сурагын,-деп болушпайт.
Айсулууга чалсам:
- Шайлообек Дүйшеевдин телефонун "Азаттыктан" же "Жазуучулар союзунан" гана таба аласың, менде жок,-деди.
Эсиме акын Дүйшөн Жапаров түшүп, Жийдеге телефонун алып бердим.
Ошентип алар Шайлообек аганын телефонун Дүйшөн байкенин аялынын жардамы менен таап, кечинде "Агындылар" китебин көтөрүп, кубаныч менен үйгө келишти. Мен ушул "Агындыларды" алыш үчүн алардын Шайлообек аганы издешкендигин айттырбай түшүндүм.
* * *
Дайыма баткагынан бут кийимибиздин өңү көрүнбөгөн, улам эриген сайын кардын суусу каптап, жол-жол болуп аккан ылай суулар менен баткакка бай "Келечек" жаңы конушундагы жер тамда- мен, Жийде жана Зинат эжем үчөөбүз "Агындыларды" ортобузга коюп алып, мен окуп, алар угуп, чогуу каткырып, чогуу кайгырып отурдук. Бир гана сиңдимдин 3-класс окуган баласы Азим буларга эмне болуп жатат дегенсип, түшүнбөй, улам карап коет. Көптөн бери мындай чер жазган эмес элек. Көңүл черди тараткан мындай саптарды окубаганыбызга көп болгон. Жийде менен Зинат эже эми бул китеп биздин колубузда, каалаган убагыбызда окуй алабыз, анын үстүнө эртең боло турган көргөзмөгө таңатпай барышыбыз керек, ошондуктан эс алалы дешип саат түнкү он экилерде жатып алышты. Мен болсо эми булардын айылга кетерине да аз калды, китепти колдон келишинче көбүрөөк окуп алайын деп, жанталашып окуп аттым. Баяндалган окуялар абдан кызыктуу, окуганга да жагымдуу экен. Китепке аябай берилип кетип, дагы бир бет окуп ала коеюн деп атып, таң атып кеткенин да билбей калыпмын. Турар замат Зинат эже менен Жийдеге:
- "Агындыларды" менин да алгым келип жатат,-дедим. Алар анан көргөзмө бүтүп, айылга кетип жатканда:
- Биз сага 8-март майрамыңа белек кыла албадык, эми өз "Агындыларыңды" барып алып ал,-дешип керектүү сумманы колума карматышты. Ушуну эле күтүп турган жаным дароо Шайлообек аганын телефонуна чалып китебин сурадым.
- Мен эртең "Кыргызстан маданияты" гезитине барам, ошол жерден жолугалы-деди ал.
Ошентип китепти алуу үчүн сырттагы кар аралаш жамгырга карабай ашыгып жөнөдүм. Айтылган редакциянын жанынан телефон чалсам, ал жакка барбай калганын, ошондуктан өзү жашап турган жаңы конушка, Жалдын үстүнө келип алып кетүүгө чакырып "келе аласыңбы?" деди.
Мен мейли, кандай болсо да "Агындылар" колума тийсе болду. Алтургай президент Роза Отунбаева эже Шайлообек ага үчүн, анын туулган жери Ат-Башыга Бишкектен сапар карытып барган экен, мен эмне Жалга жетпей калыптырмынбы деп шерденип, 188-маршруткага түшүп алып "Жалды" көздөй жөнөдүм.Автобус мени Он-Арча деген көчөгө алып келип таштады. Шайлообек ага тосуп турган экен. Китепти сырттан алып эле кайтып кетем го деп ойлогом, бирок Шайлообек ага:
- Жүрү үйгө кирип жылынып ал, үшүп да кетипсиң, чай ичип кет,-деп үйүнө алып кирди. Күткөн эмес элем, өзүмдү аябай эле ыңгайсыз сезип турдум. Аганын өмүрлүк жары Зейне эженин адамгерчилиги, жөнөкөйлүгү жана меймандостугу мендеги ыңгайсыздыкты бир заматта үстүмдөн сыйрып салгансып тынчый түштүм. Чай үстүндө жакшылап таанышып да алдык. Зейне эже:
- Карды жиреп "Келечектен" бир кыз келатат деп сени күтүп жатканбыз. Ыракмат, байкеңдин талантын баалап, аба ырайынын минтип бузулуп турганына карабастан келгениңе,-деди.
Биз ал-жай сурашып, кобурашып олтурдук. Мен сөз арасында мектепке ишке орношоюн деп барсам мугалим жетиштүү" деп албай койду" десем эле Шайлообек ага ордунан обдулуп барып токтоду да:
- Балким мен барып сүйлөшөрмүн кадырымды салып,-деп калды. Мен Шайлообек аганын ар дайым кандай гана адам болбосун жардам берсем деген жүрөктөгү таза, асыл каалоосуна ыраазылыгымды билдирип, атамдай болгон камкордугуна ичим жылып, "Агындыларды" кол тамгасы менен алып кайттым. Шайлообек ага мени 188-маршруткага чейин узатып келип салып жиберди.
* * *
Акын агам өзүнүн "Агындылар" деген китебинде "Поэзия деген жаштыктын иши экен" деп жазгандай, мен да учурунда жаштыктын сырын сырдап, ырын ырдагам. Ошол сезимдерге бай, жаштыктын учкуну катылган аялуу сырын, көп эркектерди "ушул ыр саптарынын каарманы мен болсом" деп дегдеткен, алтургай айрым жел өпкө эркектер өздөрү эле ошол ырдын каарманы менмин деп "ээлеп" алган, акыры ал ыр саптарын эч кимисине ыйгарбастан (анткени алардын бири да менин каарманым болууга татыктуу эмес болчу), аны "муза пирине" ыйгарганымды угушканда (менин каарманым болууга татыктуу болчу), мурда жылуу сүйлөп, ысык көздөрү менен узата карагандар, эми мени карап да койбой тескери бурулуп, өздөрүн ала качып, саламга келбей калганга чейин алып барган, тагдырымды сырга, сезимимди талашка айланткан саптар "Сиз жөнүндөгү" ыр түрмөгүм аттуу ырларым болгон. Мен анын атын Омор Султанов аганын "Сен жөнүндө поэма" деген аталыштагы ыр түрмөгүнө таасирленип атагам.
Шайлообек ага анда "Ала-Тоо" журналында иштеп жүргөн кези. Мен бир курста, бир группада иштеген Эркингүл эже экөөбүз ырларыбызды алып барып көрсөткөнүбүз эсимде. Шайлообек ага бизди чын ыкласы менен кабыл алып, көөдөнүбүздөн какпай, көңүлүбүздөн "сылап" узатып, ырларыбызды алып калган. Бир нече күндөн кийин "Ала-Тоо журналына кайра барганбыз. Агабыз ырларыбыздын бирин калтырбай окуп чыккан экен. Алтургай менин ырларымдын айрым саптарын тууралап оңдоп да коюптур. Ал ыр "меники" болбой эле Шайлообектики болуп калыптыр. Мен айтып бере албаган сезимимди жөнөкөй, так, даана курч сөздөр менен алмаштырып салыптыр. Ыр саптарымды оңдоптур да аңгемелериме тийбептир. Мага:
- Сен жазсаң болчудай, бирок ырга караганда кара сөздү жакшы жазчудайсың. Ал эми Эркингүл сенин чымының анча эмес экен, учалбай жатат,-деп экөөбүзгө тең кеп-кеңешин берип узаткан. Андан бери арадан 20 жыл убакыт өтүптүр. Шайлообек аганын ошол жыйырма жыл мурда айтканын жакшылап укканымда, тагыраак айтсам, сөз багып, сөз менен иштөөмдү өөрчүткөнүмдө эми минтип сөз табалбай шайым кетпейт эле, минтип мокок бычактай мокоп, мукурап турбайт элем деп ойлодум.
* * *
"Агындыларды" бир дем менен, тез эле окуп бүттүм. Китеп окубай калганыма көп болгон. Бүгүн аң-сезимге пайдасынан зыяны арбын, жан дүйнөнү булгап, талкалаган, синтетикалык көйнөккө окшогон синтетикалык чыгармаларды, детектив же эротикалык маанайдагы же батышты туураган тамырсыз, элдин жашоо-турмушунан таптакыр алыс, каармандарынын аттары кыргыз болгон менен сүйлөгөндөрү, ойлогон ойлору, жасаган иштери эч бир элге таандык эмес, кыртышсыз, тайыз, окуялары ойдон чыгарылган, каармандары жасалама, жасаган иштери жалган чыгармаларды жазгандар көбөйдү, дал ушундай "синтетиканы..." кызарып койбой мактап-жактаган аттуу-баштуулар "адабий коррупционерлер" чыкты. Бирок алардын айткандарына ишенбейм, табитим да тартпайт. Мен кыргыз болсо кыргыз, орус болсо орус жыттанып турган накта улуттук чыгармаларды жактырам. "Агындылар" дал ошол мен жактырган китеп болду. Көптөн бери мени бир да китеп "Агындылардай" дем берип, "Агындылардай" шыктандыра алган эмес. Китептин каармандары баары мага тааныш адамдар, декан Сансызбай ага, чыгаан журналист Мелис Эшимканов, обончулар Мукан Рыскулбеков, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков... Алар тууралуу сен билбеген, сен көрө албаганды көргөн көкүрөк көзүнүн курчтугу, кыраакылыгы, сөз менен иштегени, тилинин таттуулугу жана байлыгы, ченебеген сүрөткерлиги, баяндоосунун көркөмдүгү, ошол эле убакта таамайлыгы менен тактыгы, бир эле адамдын ак-карасын ача билип, жакшы-жаман жагын көрсөтүп жатып асыл сапаттарын да айта кеткени, бир эле убакта сын көз менен карап, ар бир каарманын урматтап, сыйлап жазганы мени жакшы жактарга жетелеп, эргитип, эркимди бийлеп алды. Баарынан да таң калычтуусу мен мен эмес, авторго, Шайлообекке айланып, анын көзү менен карап, аны жүрөгү менен кагып, китепти Шайлообек эмес, өзүм жазгансып, ар бир окуянын ичине кантип кирип кеткенимди билбей калып жаттым. "Агындылардагы" окуяларды сырттан туруп караган окурман эмес, ошол окуяга катышкан каарман болуп окуп, каарман болуп жашадым. "Агындылардын" дал ушундай таасири мени таң калтырды.
Болдукан МАМБЕТАЛИЕВА,
Бишкек шаары
(Уландысы кийинки санда)











??.??