presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Мирлан Баеков,
ырчы:
Казактар "Кызыл өрүк" үчүн тойлоруна көп чакырышат
- Үч-төрт күндөн бери бир күз айынын орто ченинде жеке концертимди берсемби деп ойлонуп, бир чечимге келе албай жаткам. Концерт берүү туурасында ойлонуп жүргөнүмө көп болду. Бирок чечим кабыл ала албай жаткам. Чыгармачылыкта бирге жүргөн, мага жардам көрсөтүп колума-кол, бутума-бут болгон балдардын айтуусу, колдоосу менен бүгүн бере берсемби деген чечимге келип, азыр концертке даярдык көрсөмбү деп турам. Учурда концертте ырдай турган жаңы ырларды жаздырып, "Ата тилеги" деген ырыма клип тарттырып жатам. "Ата тилеги" деген ырдын уландысы катары "Кызыма" деген ыр жаздырдым. Азыр бул ырдын үстүнөн иштеп жатабыз. Аз күндө даяр болот. Мындан сырткары дагы 2-3 жаңы ыр жаздырайын деп ойлонуп жатам. Алардын да тексттерин иштеп чыгып койгом. Аранжировка жаздырып даярдоо керек. Концерт бергенге жараша концертке келген элге жаңы, буга чейин радио, телелерден кете элек ырларымды сунуштасам деп болгон аракетимди көрүп жатам.



Түйшүгү түмөн отчеттук концерт...
- 2010 - жылдан бери, деги эле сахнага чыккандан бери эле бир дагы жолу Мирлан Баеков деп өз атым менен жеке концертимди бере элекмин. Бир жолу "Жоролор" тобунда жүргөндө концерт бергенбиз. Эми ал топтун атынан берилген концерт болчу. Ошондуктан ушул күздө элиме отчеттук концерт берсемби деп жаткам. Концерттин түйшүгү абдан оор экенин жакшы билем. Анткени "Жоролор" тобу менен концерт бергенде төртөөбүз жетише албай, ары-бери чуркап жүрүп араң уюштурганбыз. Бул жолу жалгызмын. Бардык түйшүк өз мойнумда. Абдан эле оор болорун билип жатам. Бирок түйшүктөн качып, концерт бербей койгон да туура эмес. Канчалык жан үрөп иштеп, кыйынчылык менен өз максатыңды ишке ашырсаң, жемиши да ошончолук таттуу болот эмеспи.


Сахна...
- Концерт бергенде эң эле оору сахнаны жасалгалоо. Элдин маанайын, ырчынын көркүн ачкан да сахна эмеспи. Залга кирген адам адегенде эле сахнанын жасалгасына көңүл бурат. Мына ушул нерсени эске алып, азыртадан эле сахнаны жасалгалоо туурасында ойлонуп, интернет барактарынан башка жакта өткөн концерттерди карап жатам. Жанымда жүргөн таланттуу балдар бар. Алардан да кеңеш сурап, алардын чыгармачылыгына да таянып, аларга ишенип турам. Кудай буюрса, бул жаатында дагы жакшылап ойлонуп, колдон келишинче жакшы жасоого аракет кылабыз го.


Адамдын көркү кийимде...
- Адамдын көркүн кийим ачарын баарыбыз эле жакшы билебиз. Өзгөчө чыгармачыл адамдар эл көзүндө болгондуктан жарашыктуу, жакшы кийимдерди кийип жүрүүсү керек да. Сахнага чыкканда ырдап жаткан ырың менен бийиң, кийимиң шайкеш келип турса концерт көрүнө чыгат эмеспи. Ошондуктан бул жолку концертимде кийимдерге өзгөчө басым жасаганы турам. Бир кийим кийип эле кечке ырдабай, ар бир ырыма жараша костюмдарды тиктирсемби деп турам. Азыр акчаң болсо кийим тиктирүү эч кандай кыйынчылыкты деле жаратпайт. Бизде мыкты, уз эжелер, дизайнерлер абдан көп. Каалаган кийимиңди заматта тигип коет.


Атаандаштык күч...
- Ооба, күз келди дегенче эле ырчылардын майрамы башталды деп түшүнө берүү керек. Анткени күзүндө тойлор башталып, концерттер биринин артынан бири болуп, ырчылар такыр эле бошобой калат. Азыр деле концерт көп. Көп ырчылар жеке концертин берүүдө. Бирок бул нерсе мени чочутпайт. Ар кимдин өз күйөрманы, өз угарманы бар. Менин дагы өз күйөрмандарым бар. Менин ырларымды жакшы көргөн, менин чыгармачылыгымды баалагандар концертиме келип берет деп терең ишенем. Эми бул концертти акча табуу же кандайдыр бир максаттар менен деле койгон жокмун. Болгону сахнага кадам таштаган күндөн берки кылган иштеримди эл алдына алып чыгып, элим уга элек ырларымды аткарып берейин, өз күйөрмандарыма жакшы кече тартуулайын деп жатам.


Баарын акча чечет...
- Азыр акчаң жок болсо концерт бере албайсың. Концерт бергенге аз эле каражат сарпталбайт. Жарнамалар эле бир топ каражатты талап кылат. Жалгыз баарын каржылоо кыйын. Залдын ижара акысы бар дегендей. Кудайга шүгүр, азыр мага колдоо көрсөтүп, каражат жагынан жардам кыла турган адамдар бар. Аларга рахмат. Андан сырткары өзүм дагы тойлорго барып ырдап акча таап, ошол каражатыма концерт бергени турам. Той демекчи, азыр тойлордун кызып жаткан учуру. Бир бутум Казакстанда, бир бутум Кыргызстанда болуп такыр бошобой жатам. Казактар "Кызыл өрүктү" ырдап бер деп атайын тойлоруна чакырышат. Баш тартпайм. Анткени алардын баалары да кымбат. Бул жакка караганда 2-3 эсе кымбат. Бизде эң популярдуу ырчынын баасы 500 доллар болсо Казакстанда 5000 доллар. Эми салыштырып көрүңүз. Анан бизде тааныш, жоро-жолдош, тууган дегендей бар. Өзүбүз аз калк болгондуктанбы, баарыбыз эле бири-бирибизге тууган, тааныш болуп калабыз. Эми ага деле нааразы эмеспиз. Бизди багып жаткан элибизге рахмат. Эл бар биз барбыз. Кудай элге берсин деп эле тилек кылып жүрөбүз.


Саны бар сапаты жок кинолор...
- Бизде азыр кинолор аябай көбөйдү. Мага да сунуштар көп түштү, дайыма баш тартып келем. Анткени эптеп-септеп тартылган кинолорго түшкүм келбейт. Сценарийин окуп эле жок деген учурлар болгон. Өзүмдүн кесибим актер болсо да, тасмага тартылууну көп жактырбайм. Бир эле камера менен тартып, монтаждап анан элге алып чыга калган туура эмес дейм. Шаарга жаңы келип 1- курста окуп жүргөндө Эрнест Абдыжапаровдун "Айыл өкмөтү" тасмасынын чакан эпизодуна тартылгам. Бир ай Көлдөгү Көк-Мойнок жайлоосунда жүрүп кинонун түйшүгүн көрүп, ошондо эле "кой" дегем. Эми ушул сыяктуу жакшы же "Курманжан даткадай" чоң масштабдуу, тарыхый тасмалар болсо бир эпизодуна тартылмакмын. А жанагыдай майда-чүйдө фильмдерге түшкүм келбейт.
Мына жакында эле барып "Курманжан датканы" көрүп келдик. Эң сонун. Биздин эгемендүүлүктөн кийинки тартылган эң мыкты кино.


Көз кычыштырган "Көчмөндөр оюну"...
- "Көчмөндөр оюнуна" барып көрсөм деп жүрдүм эле, тилекке каршы тойлорго чакырууларды алып алып, бара албай калдым. Жакындан көрбөй, биздин оюнчуларды сүрөй албай жатканыма ичим ачышып жатат. Ачылышын телекөрсөтүүдөн көрүп аябай сыймыктандым. Эң мыкты болду. Уюштуруу иштери, даярдык жогорку деңгээлде экенине кубанып турам. Негизи эле бизде бүткүл дүйнөлүк оюн өтүп жатканынын өзү чоң сыймык. Башкалар сыяктуу мен дагы буга жетине албай кубанып жатам.

Жаркынай Кадыркулова









??.??