presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Апасы үчүн ажалга тике карады
7 жаштагы Чэнь Сяотянь аттуу бала жана анын энеси Чжоу Лунун кайгылуу окуясы көпчүлүктүн жүрөгүн селт эттирди.

Чэнь Сяотянь башка балдар сыяктуу эле жакшынакай чоңоюп келатканда мээнин шишиги деген коркунучтуу илдетке кабылат. Энеси баласы үчүн болгон аракетин жасап, күн-түн дебей күрөшө баштайт. Бирок балага жабышкан илдет бул үй-бүлөнү каптаган балээнин башы эле экен. Энеси Чжоу Лу дагы бөйрөгүнөн жапа чегээри аныкталып, толугу менен алмаштыруу керектиги такталат. Энеси менен баласы айыкпаган азаптуу оору менен чогуу кармаша баштайт. Акырындык менен ажал арбап, 7 жашар Чэндин көзү көрбөй, колу-буту кыймылга келбей шал болуп калат. Энеси өзү өлүм алдында турса дагы баласынын ар бир күнү үчүн күрөштү токтотпойт. Врачтар баланын өмүрү аз калганын, баары бир түрү суук өлүмдөн арачалап кала албастыгын айтышат. Бирок бөйрөгүн алып, Чжоу Луга салып, өзүнүн өмүрүн сактап калууга болоорун кабарлашат. Ким эле болсо, баласын өлүмгө кыйсын, баласынын ичээр суусу күн санап азайып бара жатканын билсе дагы "жок эле, жок" деп кыйкырып-өкүрүп, жоктон башканы айтпайт. Энеси менен врачтардын ортосундагы сөздү палатанын ары жагынан угуп калган баласы энеси келгенде, олуттуу сөзүн баштайт. Өмүрүндөгү эң маанилүү чечимин кабыл алган 7 жаштагы Чэнь Сяотянь энесине бөйрөгүн берээрин айтат. Энеси адатынча каршы чыкканда бала байкуш жалдырап, жалынат.
Ошентип, бала өз эрки менен акка моюн сунуп, энесине бир бөлүгүн калтырып түбөлүк уйкуга кете берди.
Чжоу Лу жана дагы эки адам Чэнь Сяотяндын органдары менен өлүмдөн калышты.
Тиленбек АЗЫК




"Санжыра" бий тобу:
Ырга эмес, бийге басым жасалат
Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен "Улут Жүзү" коомдук фонду жарыялап жаткан эл аралык "Кыргыз эл бийи" сынагына катталуу саналуу күндөрдөн кийин соңуна чыгат. Учурда көптөгөн бий топтору миллиондук сынак үчүн ат салышуунун камында. Мындай бий топтордун арасында мырзалардан гана турган "Санжыра" бий тобу да бар.

- "Кыргыз эл бийи" сынагына катышуучу бий топторунун ар бирине таандык өзгөчөлүктөрү бар эмеспи. Сиздин топтун өзгөчөлүктөрүн атай кетсеңиздер?

- Биздин топ жалаң гана балдардан куралган жана жөн гана бийлеп тим болбостон, ырдап да жүрөбүз. Топтун өз студиясы бар. Ал жерде өсүп келе жаткан жаңы муундарга сабак берилет. Өзгөчөлүктөрдөн баса белгилеп кете турчу нерсе, "Санжыра" тобу 2011-жылы биринчилерден болуп "Кара жорго" бийин Кыргызстанга алып келген деп эч күмөнсүз айта алабыз.

- Сынакка кандай бий менен катышып жатасыздар?

- Сынакка кыргыз элинин канына сиңип калган "Кара жорго" бийи менен катышканы турабыз. 2011-жылы Кыргызстанга бий кандай алынып келинсе, эч өзгөртпөстөн ошол бойдон кыргыз элине жайылтуу биздин биринчи максатыбыз болчу. Ар жерден кыймылды уурдап кошпой, анан ырына эмес, бийине басым жасалат.

- "Кыргыз эл бийи" сынагы уюштуруунун кажети бар беле?

- Бул сынак мындан да эрте башталуусу керек эле! Кыргыз бийи кечээ эле пайда болгон жок. Кыргыз бийи байыртан эле бар. Бирок ар түрдүү кысымдардан улам унутта калып келген. Жакында гана популярдуу болгон "Кара жорго" бийин азыркы учурда кары-жашы дебей жумурай журт бийлей баштады. Демек, бул бийдин кыймылдары кыргыз элинин канында бар болчу. Биринчи жолу кеңири масштабда чоң байге сайылган сынак өткөнү турат. Мындай иш-чараны уюштурган кыргыздын чыгаан уулу Рустам Мамановго терең ыраазычылык билдирүү керек! Сынактан жеңип чыккан бий кыргыздын бийин жаратууга салым кошуп, муундан-муунга сакталат деген ишеничтебиз.

Жаркынай
Кадыркулова




Өлкө башчы- ларына
кайрылуу
2014-жылы Байтик айылына "Акун" фирмасынын дүң соода кылуучу арзан дүкөн ачылган. Арзан тамак-аш сатылып, элге бир топ жеңилдик болгон. Бирок ал дүкөндү өрттөп салышты. Дүкөндүн имараты Байтик айылындагы №47 кесипчилик техникалык окуу жайынын ашканасы эле. Ал бир жыл мурун акт списаниеге кеткен болчу. Директору Байжанов деген неме эле. Дүкөндү ошол Байжанов өрттөгөн деген маалыматтар айтылууда. Учурда Байжанов күйгөн имаратты тендер жарыялап, аукционго коюп саттыруу аракетин көрүүдө. Ошол күйгөн ашкананы дүкөн кылып Байтик айыл аймагынын карамагына өткөрүүгө жардам берүүңүздөрдү жалпы эл суранат. Өрт боюнча тергөө кечеңдеп жатат. Бардык тергөө бөлүмдөрүнө кайрылганбыз. Тилекке каршы жыйынтык жок. Урматтуу бийлик өкүлдөрү, сиздерден колдоо болуп, дүкөнүбүздү тургузуп бересиздер деп терең ишенебиз.
Байтик айылында 5 айыл бар. Арчалы, Кашка-Суу, Байгелди. Ушул айылдардын тургундарынын атынан айыл башчылары:

Байтик айыл башчысы, С. Атабаев
Арчалы айыл башчысы. Ж. Осмоналиев
Кашка-Суу айыл башчысы. К. Саткыналиев
Байгелди айыл башчысы. М. Найзабеков
Башкара-Суу айыл башчысы. А. Кожомкулов











??.??