Рысбек Жабиров, режиссер:
"Биздин бийчилер бийлегенди билишпейт..."
- Рысбек байке, Султан Садыралиев ырдап чыккан Кара жорго бийинин режиссеру сиз болуптурсуз, клиптин тартылышы жөнүндө айтып берсеңиз?
- Быйыл жаздын алгачкы күндөрүндө депутат Алтынбек Сулайманов мени чакырып, "Рысбек мен казактардын КТК каналын көрүп отурсам, аттуу- баштуу казактын маданият өкүлдөрү чогулуп алып, "кыргыздар биздин Кара жорго бийибизди биздики болгон деп талашып жатышат, биз эмне кыргыздардын Манасын биздики деп талашып жатабызбы"-деп талкуулап жатышат. Сен буга чейин Ак калпагыбыз боюнча жакшы демилге көтөрдүң эле, эми ушул Кара жорго бийи боюнча да бир жакшы ыр жаздырып, клип тартып койбойсуңбу, акчаңды мен берейин, көп болсо жыйырма миң доллар кететтир, улуттук ар намысыбыз үчүн мен жыйырма миң долларды бергенден качпайм"- деди. Чынында мен клипти тарткым келген жок. Себеби, биринчиден убакытты алат, экинчиден аябагандай жоопкерчиликтүү иш болгондуктан, кылдат иштеш керек. Алтынбекке айтып, баш тартайын деген да ойго келдим. Алтынбек болсо, "канча акча кетээрин толук эсептеп кел, мен акчаңды берейин"- дейт. Ошентип, ырдын, клиптин тартылуусуна жумшала турган каражатты эсептесем жалпысынан 50 миң доллар кетмей болду. Сметаны Алтынбекке алып барсам, ушунча болуп кеттиби деп күлүп, 50 миң долларды мына сага деп алдыма таштап койду. Жоопкерчиликти, акчаны алгандан кийин иштебесе болбойт да. Апрель айынан баштап, жанталашып иштеп баштадым. Биздин бийчилер таарынышпасын, буту колун кыймылдатканды билгени менен, кыргыз бийин, Кара жоргону кантип бийлешти билишпейт экен. Кытайда менин тааныш досторум бар. Бий боюнча бир топ жылдан бери мугалимдик кесипти аркалап келе жатышат. Кытайдын эмгек сиңирген артисти деген наамга дагы ээ болушкан. Ошол досторум менен байланышып, акысын төлөп берип, биздин он хореографты Кытайга алып барып бий боюнча окутуп келдик. Алар келип, башка бийчилерге үйрөтүштү. Кытайга алып барып окутуп келүүгө эле 17 миң доллар кетти. 75 бийчини алып Кыргызстандын жети дубанына барып тарттык. Бийчилерди алып жүргөн андан азап экен. Бирөөнүн ичи ооруса, бирөөнүн башы ооруйт. Ата-энесине аман соо алып барып берсем экен деп сарсанаа болуп жатып чарчадым. Мобу турган Буранага барып тартып келиш үчүн эле 2 миң доллар сарпталды. Андан тышкары вертолет менен тарткан учурларыбыз болду. Мунун баарына эле бир топ каражат жумшалат экен. Эгер каражат 50 миң доллардан да көп болгондо, клип мындан да жакшы болмок.
Ырды Кыялбек агабыз жазды. Экөөбүз төрт саат отуруп, ырды редакцияладык. Ырдайбыз деген ырчылар көп эле болду. Султандан башка үч-төрт ырчы ырдайбыз дешти. Бирок бирөө дагы Султандай ырдай алышкан жок. Султан жакшы ырдагандыктан, Султанды тандап алдык.
-Кара жоргонун тарыхы жөнүндө эмне айта аласыз?
-Кыргызга таандык. Ата-бабабыз илгери эле талма бий, жинди бий, мерген бий, жайлоо бийи деп бийлеп келишкен. Кара жорго ошол бийлерден алынган эле бийлердин бири. Аны казак туугандарыбыз биздики деп менчиктеп жатышат. Казактар "Кара жоргонун"- музыкасын монголдордун күүсүнөн алышкан. Бий болсо биздики. Бир гана жери бизде бий Кара жорго деп айтылган эмес, биз мындан ары Кара жорго- дебей, кыргыз бийи деп айтышыбыз керек.
-Садык Шер режиссерлук кылган Курманжан датка тасмасына сын айткандар да болууда. Бу боюнча пикириңиз кандай?
-Курманжан датка жакшы тартылды. Садык Шер чоң иш жасады. Мындай тасма буга чейин эле тартылышы керек болчу. Буюрса алдыда мындай тарыхый тасмалар дагы тартылса экен деген тилектемин. Жакында эле депутат Каныбек Иманалиев мени чакырып, 2016- жылы Улуу үркүндүн болгонуна 100 жыл толот, 100 жылдыкка карата тарыхый кино тартпайсыңбы, 11 миң доллар берейин деди. Кинону тартууга менде даяр сценарий дагы бар. Ал сценарийимди Каныбек Иманалиевге айтып берсем, "тартыш керек экен" деди. Буюрса эмдиги жылдан баштап, бул тасма да тартылып калышы мүмкүн. Андан тышкары учурда жин урган эркек жөнүндө "Жин"- деген аталыштагы коммерциялык тасма тартып жатам. Эркек сойку жөнүндө "Сойку" деген аталыштагы тасма тартып баштаган элем, аялдын ролуна актриса жок, ал тасмам да убактылуу тартылбай токтоп турат. Мультфильм тартайын деп, анын да сценарийин жазып даярдап койгом. Тартыш үчүн 90 миң доллар керек. Садык-Шерге сценарийимди айтсам, 45 миң доллар берейин, 45 миңин өзүң таап тарт деди. Азыр каражат чогултуунун үстүндө иштеп жатам.
-Маданият министри Камила Талиеванын иш аракетине, жалпы эле маданият тармагына кандай баа бересиз?
-Камила Талиева жаманбы, жакшыбы аракет кылып иштеп жатат. Ал эми маданият өкүлдөрү экиге бөлүнүп калды. Руханий анан, материалдык болуп, көпчүлүгү материалдык кызыкчылыкты көздөгөн, маданияттын өкүлдөрү. Алардын ичи барган сайын көңдөй болуп бошоп баратат. Айрымдарын маданияттын өкүлү деп айтууга деле ооз барбай калды. Минтип отурсак, маданиятыбыз не болот, айтуу кыйын.
Мирлан Алымбаев