presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Тайган
(Чыгаан инсан Садык Шер-Ниязга арнайм)

(аңгеме)


Буканын мүйүзүнөн жасалган идишке мелт-калт толтурулган винону колуна алып, Бато Квиникадзе кырылдаган үнү менен чын жүрөктөн жалындуу тост сүйлөп жатты. Бато Квиникадзе менден бир аз жашыраак болсо дагы менин көзүмө карылыкка тез эле моюн сунуп калгандай көрүндү. Арык моюну ипичке болуп, муруттары салаңдап, белиндеги канжары бел боосун ычкырына тартып, тизесине жете шалбырап турат. Мындан бир аз эле жыл мурун Бато Квиникадзе буканын мүйүзүнө толтурулган винону бир дем менен ичип түгөтүп, жаштар менен жарышып бийге түшөт эле. Жашы жүздөн жаңы эле ашкан Бато Квиникадзе биздин айылдагы менин акыркы досум жана замандашым. Ошондуктан мени атымдан айтпай, мага кайрылганда бижо (жигит) деп кайрылат. Бул жолу да жалындуу тост сүйлөп жатып, "бижо, эсиңдеби мындан көп жыл мурун жаш кезибизде сен экөөбүз Тамара деген сулуу кызга ашык болуп, ал сулуу периште мени эмес, сени тандап алганын"-деди. Узун дасторконду тегерете отурган менин балдарым, неберелерим, чөбөрөлөрүм баары кыраан каткырык болуп күлүп калышты. Бато Квиникадзе сөзүн андан ары улады. "Бижо, сен бүгүн 105 жашка чыгып жатасың. Мен 100 жашка жаңы чыктым. Чыныгы достор катары ушул дасторкондун үстүндө шерттешип алалы. Тиги дүйнөгө, бейишке барганыбызда Тамара периштени мага бересиң. Тамара сен экөөбүздү бейиштин төрүндө күтүп турат"-деди. Деди да мүйүз толтурулган винону бир дем менен тартып жиберип, мени карап бижо, эми сен алгын"-деди. Мүйүз идишке толтурулган өз колумдан жасалган винону мен дагы бир дем менен тартып жиберүүгө аракет кылып жаттым. Тамара, Тамара, Тамара, жаным Тамара менин эриндеримди бети башымды жумшак эриндери менен өпкүлөп, ички жалгыздыгымды сезип, мени аяп, жылуу мээримин мага төгүп жатты. Тамарага болгон сагынычым жүрөгүмдү жарып жиберди. Өңүмбү же түшүмбү деп өзүмө-өзүм ишенбей, акырын көзүмдү ачтым. Көргөн көзүмө ишенбей чочуп кетип, кайрадан көзүмдү жума калдым. Бир аз демимди ичиме кысып, көзүмдү ачсам, эч кандай Тамара жок эле менин тайганым бетимди жалап-жуктап жатыптыр. Аракка катуу тоюп, мас болуп жатып калганымда жалгыз досум, жалгыз бир тууганым, жалгыз таянычым болуп калган ушул тайганым бетимди жалап-жуктап, мени ойготот. Башым катуу ооруп, өзүмдүн каякта жатканымды түшүнүп-түшүнө албай, эки жакты карадым. Эч кандай Грузия эмес эле кадимки эле кыргыздын тоолору кыргыздын айылы же тагыраак айтканда өзүмдүн айылым көзүмө урунду. Аракка катуу мас болуп уктап калганымда мага ошондой түшүнүксүз түштөр кирет. Бирде француз болуп Парижде жүрөм, бирде монгол болом. Бирде кытай болом. Орус да болдум. Бул жолкусунда грузин болдум. Элден сурасам, "мындай көрүнүштү белая горячка деп коет"-деп кайра өзүмдү шылдыңдашты. Жаным жер тартып, бир чети ордумдан тургум келбей, бир чети ордуман туралбасыма көзүм жетип, жата бердим. Ушундай кунарсыз, кызыгы жок, жалгыздык жанга баткан жашоодо жашагым келбей денемден жаным суурулуп, асманга учуп кетсе деп Кудайдан тилейм. Жер үстүндө бул жалганда мени кармаган деле эч нерсе жок. Менин эч кимге деле керегим жок. Жалгыз досум, жалгыз бир тууганым, жалгыз кыйбасым ушул тайган. Мас болуп жатып калганымда жаныма жан жолотпой, бетиме чымын кондурбай жанымда кайтарып жата берет. Бул тайган болбогондо менин элдешкис эки душманым Жорик менен Миша мени кармап алышып, кайнаган казанга салып, тирүүлөй кууруп, жанымды азапка салышмак. Башым чыңалып ооруса да акырындан эс учума келип, ордумдан турганга жарадым. Оозум кургап, жүрөгүм лакылдап согуп, буттарым өзү эле мени менен кеңешпестен мени түз эле айылдагы арак саткан дүкөнгө жетелеп жөнөдү. Жанымдан бир кадам артта калбай жалгыз досум, жалгыз бир тууганым, жалгыз таянычым тайган ээрчип жөнөдү. Мен үчүн бүгүн акыр заман келгенин байкабадым. Айылдагы дүкөнгө жаңыдан жете берээрде кайдан жайдан пайда болгону белгисиз катуу ылдамдыкта келе жаткан жүк ташуучу машина күрүлдөп-шарылдаган коркунучтуу үнү менен бизди качырып келип жалгыз досум, жалгыз бир тууганым, жалгыз таянычым тайганымды бырчырата тебелеп, мени томолото жөөлөп, токтобой өтүп кетти. Ордумдан турсам тайганым жолдун ортосунда кан жалап, жаны чыгып жатып калган экен. Жалгыз досум, жалгыз бир тууганым, жалгыз таянычым тайганымды басып жыгылып, "Сен өлгүчө мен эмне өлбөдүм"-деп бакырып-өкүрүп, боздоп ыйлап жаттым. Айылдаштарым менин мындай жоругума боорлору эзилгенче күлүп, шылдыңдап, айдаа ырахатка батышты. Айылдаштарымдын шылдыңы аз келгенсип, кайдан жайдан пайда боло калышты билбейм, элдешкис эки душманым Жорик менен Миша мени колдон буттан көтөрүп алып, шефке алып жөнөштү. Мына акыр заман деген ушул тура. Жалгыз досум, жалгыз бир тууганым, жалгыз таянычым тайганымдан ажыраганым аз келгенсип, шефтин астына да суракка келдим. Шефтин каардуу үнү чыгып, "ии досум, аракечтик чоң күнөө экенин сага айтпадык беле" деди. жооп бербей унчукпай тултуюп отура бердим. Менин мындай жоругума чыдабаган Жорик менен Миша отко кыпкызыл болуп ысыган ысык темирди денеме басып жиберишти. Өзүмдүн теримдин куйкаланып, күйгөн жыты мурдума келди. Унчукпадым, чыдадым. Мындай кыйноо, мындай сыноо мага коркунучтуу деле эмес. Мага эми баары бир. Жалгыз досум, жалгыз бир тууганым, жалгыз таянычым тайганымдан ажырагандан кийин мени шеф да, Жорик, Миша да коркута албайт. Менин тайманбас, кежир кыялымды түшүнгөн шеф:
- Болуптур досум, акыркы каалооңду айт, мен аткарам - деди.
Мен токтолбостон жалгыз досум, жалгыз бир тууганым, жалгыз таянычым тайганымды тирилтип бер. Башка эч каалоом жок - дедим.
- Бул сенин акыркы каалооң экенине мен ишене албай турам - деди шеф.
- Жок бул менин акыреттеги акыркы каалоом - дедим.
- Мындан беш кылым мурун сен монгол болом деп сурандың эле, төрт кылым мурун кытай болом дедиң, андан кийин француз, орус, грузин болом деп сурандың. Эң акырында кыргыз болом деп сурандың. Баардык каалоо-тилек, суранычыңды орундаттык. Сага болгон жакшы мамилебиздин себеби сен баардык сыноолордон татыктуу өттүң. Жакшы монгол, жакшы кытай, француз, орус грузин боло алдың-деди.
Мен ошондо гана кыргыз болоордо мурунку жашоомдо грузин болгонумду түшүндүм. Чын эле менин Бато Квиникадзе деген досум, балдарым, небере, чөбөрөлөрүм, жаным бирге Тамара деген сүйгөнүм болгонун билдим. Ушул эскерүүлөрдөн жүрөгүмдө жылуулук пайда болуп, кайрадан грузин болсом деп сурангым келип кетти. Бул оюмду сезген шеф
- Жок досум, сен грузин болуп сыноодон өткөнсүң, ал жакка кайрадан барууга болбойт. Кыргыз болуп сыноодон толук өтө элексиң. Сен ошол сыноонун аягына чыгышың керек.
Адатымча сурак жүргүзгөн улуу сотту шеф деп айтып жибере жаздап, тилимди тиштеп, мукактанып токтоп калдым. Бул оюмду да шеф байкап калды да
- Көрдүңбү, кандай адепсизсиң, мени шеф дейсиң, менин эки периштем Жабраил менен Михаил Жорик Миша дейсиң. Улуу эл экен, Манастын тукумдары экен, Манасы бар, олуялары бар кылым карыткан кыйын эл экен, кыргыз болом деп суранган өзүң-деди.
Шефке чын дилимден кайрылып:
- Оо улуу урматтуу, мени уксаңыз, кыргыз деген эл өтө татаал эл экен. Өткөндөрүн, өлгөндөрүн барктап даңазалап, тирүүсүн кордоп, мазактагандан тажабаган, бири-бирине жакшылык каалабаган, колунда болсо карап, колунда жок болсо сабап, көралбас, ичи тар, чагымчылыгы ашып - ташыган эл экен - дедим.
- Бул сыноо, мындай сыноону сен башка улуттун өкүлү болгонуңда да өткөнсүң. Башка улуттарда деле ушундай көрүнүштөр бар - деди шеф.
- Башка улуттун өкүлү болгонум эсимде жок. Алардын кандай экенин терең түшүнбөйм. Башка улутка таарынычым жок. Улутташтарымдан бир тууган күттүм, дос күттүм, колумдан келбей калганда баары мени карабай, сатып кетишти. Жалгыз досум, жалгыз бир тууганым, жалгыз таянычым тайганым болду. Бир улуттун ичинде жашап, ишенээр адамым жок жалгыздык жаныма батып, аракеч болуп кеттим. Кайрадан "Бул сыноо, кыяматтын кыйын күнү кыргызга кызмат кылышың керек" - деди шеф.
- Кыргыз деген тарыхы бай, өткөнү бар келечеги туман учур чагы ушак менен чагымчылыкка толгон эл экен.
- Бул сыноо. Бул жашооңдо кыргыз болуп сыноодон өтөсүң. Сөзүбүз бүттү - деди шеф.
- Жорик менен Миша мени кайра колдон буттан алып, артты көздөй алып жөнөштү.
- Жо-о-ок, жо-ок, мен кыргызды терең түшүндүм. Ошон үчүн тайганды сыйлайм, тайганыма жан киргизип бер же мени тайган кыл. Тайган болгум келет - деп бакырып-өкүрүп боздоп жаттым.
Мелис Карыбеков











??.??