presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Нурлан Турсункулов күнөөлүү эмес"

2010-жылдагы кандуу "Апрель окуясы" боюнча үч жарым жылга созулган сот процесси аяктап, Бишкек горнизондук соту чыгарган өкүмдү коомчулук негизинен кубаттады. Бирок "ураа -ураа" менен же жалпы эпкинге аралаштырып Кыргызстандын мыкты деген айрым инсандарын, келечекте элине далай ак кызматын кыла турган кесипкөй, патриоттордун тагдырына балта чаап, камап жибериши албетте, нааразылыкты пайда кылды. Мисалы, мурдагы башкы прокурор Нурлан Турсункулов 10 жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынышы коомчулукту толук ынандыра албай жатат. Эмне үчүн? Деги эле Нурлан Турсункулов кандай инсан? Анын ишмердигинин оң-терс жактары кандай? Коомго пайдасы барбы? деген суроо бүгүн баарын кызыктырып жаткан чагы.

Такшалган жетекчи, тажрыйбалуу адис
Нурлан Жанышович өзүнүн кызматтык карьерасын бардык жолдорду басып өтүп жеке аракети, маңдай тери менен жасаган. 1968-жылы 1-августта каржы кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Эл катары аскерде эки жыл кызмат өтөгөн. Эмгек жолун Чүй областтык сотунда консультант, Кант райондук прокуратурада кызматкер, Бишкектин Биринчи Май районунда прокурор, Бишкек шаарында прокурордун жардамчысы, прокурор, башкы прокуратурада прокурор, Нарын областында прокурордун орун басары кызматтарын аркалаган. Айтор ал Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында - Жалал-Абадда, Чүйдө, Ошто, Таласта, Нарында жана Бишкек шаарында прокуратура тармагында жетекчилик кызматтарда иштеген. Юстиция министри кызматын аркалаган.
2006 - 2008-жылдары Башкы прокурордун орун басары аскер прокурору, 2008-2009 - жылдары юстиция министри, 2009-жылы Башкы Прокурор болгон. Бул деген кимдир бирөөнүн жакшы көрүп алып келген жакын тууганы, үй-бүлөлүк кландын мүчөсү эмес, чыныгы профессионал адис, тажрыйбалуу экендигин көрсөтүп турат. Н.Турсункулов иштеп кеткен жерлердин бардыгында Сузакта, Кара-Сууда, Таласта, Нарында, Чүйдө жана Бишкекте, кесиптештери, юстиция министринде иштегендер жана аны жакшы билгендер оң пикирин айтып жүрөт жана андай пикирлер басма сөздөрдө да азыркы күнгө чейин байма-бай жарыяланып келе жатат Ошондой эле ал бул кызматтарды аркалап жүргөндө мыйзамдан аша чапкан аракетин, бийлигине манчыркаганын, төрөпейил мамилесин эч ким көргөн да билген эмес. Тескерисинче ал башкы прокуратурага дайындалганда прокуратурада төрт багытта реформа жүргүзүлөрүн жана кадр маселесине өзгөчө көңүл бурарын айтып чыккан жана ошол багытта иштеген. Мунун ал аракетин ошол учурда ЖКнын төрагасы Зайнидин Курманов да оң баалап, "Дело №" гезитине жазып чыккан. Кыскасы Н.Турсункулов мамлекетин келечеги үчүн пайдалана турган, адис, инсан катары коомчулук тарабынан бааланууда.

Тагылган айыптар далилденген жок
Апрель окуясы боюнча үч жарым жылга созулган сот процесси аяктады. Негизинен сот көп иштерди жасады. Тиешелүү адамдардын эки үчөөнөн башкасына чыгарган өкүм туура болду. Бирок Н.Турсункулов менен Э.Сатыбалдиевге берилген жаза туура эмес чыгарылды. Анткени сотто айыпкерлер койгон дооматтардын баары далилденген жок. Өзгөчө мыкты юрист, тажрыйбалуу прокурор катары Н. Турсункулов өзүнүн күнөөсү жок экендигин жана эмне үчүн экенин соттук процессте ынанымдуу далилдеп берди. Мисалы, анын "Форумдагы" окуяларга таптакыр тиешеси жок экенин тергөө да мойнуна алды. Ошондой эле тергөө учурунда "Апрель окуясы" башталган учурда эч кандай штаб түзүлбөгөнүн жана түзүлгөн ченде да Н.Турсункуловдун штабга мүчө болуп киргенге мыйзамдык укугу жок экендиги аныкталды. Ал түзүлгөн кырдаалга жараша прокурордук эскертүү жасап каза болгондор боюнча оппозиция, позиция деп бөлбөй жалпысынан кылмыш ишин козгошу кайра туура болгондугун айтып, көрсөтмө берди. Соттук териштирүүдө Н.Турсункулов Бишкекте эле эмес Нарын, Таласта күч колдонууга каршы экенин билдиргенин жабырлануучу О.Жамансариев туура белгилегенин жана муну күбөлөр К.Темирбаев менен Э.Сатыбалдиев бекемдеп бере аларын айткан.

Экс- Башкы
прокурорлор эмне дейт?
Мындан сырткары К.Бакиев өз бийлигин сактап калуу максатында Премьер-министр, Мамлекеттик кайтаруу кызматы, Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчилери менен келишип, ок атуу жөнүндө чечим кабыл алган деген доомат койгон адамдардын арасына Н.Турсункуловду да кошууга аракет кылган. Бирок тергөөнүн жүрүшүндө "атсын деп буйрук бергендиги далилденбегендиктен Н.Турсункулов баш болгон бул иш өндүрүштөн бөлүнүп, өзүнчө каралган. Ал бул ишти тергөөгө катышкан Убактылуу Өкмөттүн тушундагы Башкы Прокурору Б.Ибраевдин 2014-жылы 4-апрелдеги № 24(308) "Фабула" газетасына берген маегинде "Башкы прокурор ок чыгар деп эч кимге буйрук бере албайт, андай укугу да жок. Ал жөн гана көзөмөлдөөчү органдын башчысы" деп айтканын мисал келтирген
Экс-Башкы прокурор Байтемир Ибраевдин пикири боюнча Мамлекеттик айыптоочулардын логикасы түшүнүксүз. Төрт жылдан берки соттук иште мамлекеттик айыптоочулардын улам-улам алмашып жатканын кесепети. "Мамлекеттик айыптоочулар башынан туруктуу бирөө же бешөө болгондо акыйкаттык болмок" - дейт.
Ошондой эле 2010-жылдагы "Апрель революциясынан" кийин башкы прокурордук кызматка келген экс-башкы прокурор Кубатбек Байболовдун: "Нурлан Турсункулов тууралуу чечим адилетсиз. Дагы кайталап айтайын, биринчиден айып туура эмес коюлган. Экинчиден алардын кыймыл-аракетинде адам өлтүрүүгө байланыштуу кылмыштын белгилери жок. Кызыгы, прокуратура адам өлтүрүү боюнча айып тагып, анан кайра андан баш тартып жатпайбы. Себеби, алардын 7-апрелде ок атууга буйрук бергидей укуктары жок болчу. Ошондуктан бул жерде саясий жана укуктук жактан чоң мүчүлүштүктөр кетирилген" деген пикирин да эске алуу керек. Бул көчөдөгү адамдын пикири эмес. Республикада мыйзамды көзөмөлгө алган Башкы Прокуратураны жетектеген адамдардын пикири. Тилекке, каршы экс башкы прокурорлордун аргументи биринчи стадиядагы соттук териштирүүдө эске алынган жок. Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 304-статьясына таянып кызмат абалынан ашыкча пайдаланды деп жалган жалаа менен кыргыздын мыкты уулу Нурлан Турсункуловдун дагы 10 жылдык абакка кесилиши акыйкат чечим болбой калды.

Аксакалдар менен
жаштар акыйкаттыкты күтүп жатат
Чындыгында Баш Прокурор болсо да Нурлан Турсункуловдун ал кезде укугу да жок, укуругу да жок эле. Баардыгын Бакиевдер башкарып, балекеттин баарын Бакиевдер баштаганын жакшы билебиз. Турсункулов болсо кайсы заман, кандай Президент болсун кыргызга кызмат кылып берчү билими күчтүү, мыкты жигит системанын курмандыгы болуп калууда. Буга нааразы болгон Токтогул районунун Ардагерлер жана Жаштар кеңеши
"Турсункулов кыргызга кызмат кылып берчү билими күчтүү, мыкты жигит экенин элибиз жакшы билет. Ал өзүн мыйзамсыз соттолуп жатканын эң мыкты далилдер, мыйзамдар менен соттогу акыркы сөзүндө айтып берди. Нурлан Турсункулов билимдүү, өз билген инсан, ошондуктан ал кызматынан алынганга чейин мыйзамдын чегинде гана аракет жасаган. Ошого карабастан ойдон чыгарылган айыптоолорду мойнуна илип, негизсиз эле 10 жылга эркинен ажыратылды.
Биз уулубуз Нурлан Турсункуловдун күнөөсүз экенин билебиз жана ал келечекте Кыргызстанга керектүү кадр экенин жана көп кызмат кылаарына ишенебиз. Ошондуктан бүгүнкү күндө Н.Турсункуловго карата соттун чечими адилетсиз экенин айтып ал чечим туура эмес экенин жана бузуу керектигин, ага сиздердин укуктук негизде кийлигишүүңүздөрдү Токтогул районунун элинин, ардагерлеринин, жаштарынан атынан өтүнөбүз.
Мындай адилетсиз чечим мамлекеттин ынтымагын бузат, элдин нааразылыгын күчөтүп, бийликке болгон элдин ишенимин жок кылат. " деп кайрылуу менен чыгышып, 82 жаштагы Муктар Нургазиев аксакал баш болуп ардагерлер, жаштар ак үйдүн эшигин сагалап, акыйкаттык издеп жүрүшөт.
Нурлан Турсункуловдун камалышына ким кызыкдар?
Соттук териштирүүдө Н.Турсункуловдун ок атуу боюнча күнөөсү далилденген жок. Демек ага жабырлангандар көп деле нааразы эместей. Бирок Н.Турсункуловдун камалышын каалагандар да бар. Алар ким? Ошол соттук териштирүүдө Н.Турсункулов "Апрель окуясында" Башкы Прокуратуранын имараты, аны менен кошо тергөөгө алынган көптөгөн кылмыш-иши боюнча документтер өрттөлүп кеткенин айтты. Алардын арасында өтө маанилүү 20га жакын кылмыш иш болгондугу айтылууда. Балким Н.Турсункулов акталып, кайра кызматына келсе ошол иштин бети ачылып кетпесин деген ой, аракеттери болуп жатпасын деген ой да келет. Албетте, бул божомол, бирок негизи бар.

Ак ийилет бирок
сынбайт же аскердик сотто үмүт бар
Акыйкаттык үчүн белгилеп коюш керек, "Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев мыйзамдуулуктун үстөмдүгүн орнотууга көп аракет жасады. Негизине кабыл алынган чечимдерге эч ким деле каршы чыкпайт. Бирок жалпы соттолгондордун ичинде жазыксыз жабырланып калгандар да болууда. Албетте, Н.Турсункулов Акаевдин, Бакиевдин режиминде иштеген. Ал режимде иштеген адамдардын баары эле азыр деле иштеп жатат. Убагында Ленин деле буржуаздардын тажрыбайсын пайдалануу керектигин айтып чыккан жана пайдаланган.
Акаевдин, Бакиевдин тушунда иштегендиги үчүн профессионал адистердин кандай күнөөсү бар? Алар бардык бийликтин тушунда кызматын кыла берет. Н.Турсункуловду күнөөсү сото далилденбесе да күчтөп соттоп жиберишти. Албетте, күнөө же тагыраак айтканда моралдык күнөө мурунку жана азыркы бийликте да бар. Кызыгы, өмүр бою мыйзам деп жашап, иштеп, ошол мыйзамдын үстөмдүгүн орнотууга дагы далай салып кошо турган Нурлан Турсункуловдун эч кандай кызмат абалынан ашыкча пайдаланбаса да "пайдаланды" деп айыпталып камалып жатышы биздин өлкөдө мыйзам эмес жеке жана топтук кызыкчылыктар өкүм кыларын айрым жагдайлар далилдеп койду.
Бирок албетте, кан төгүлгөн апрель окуялары боюнча кылмыш иши боюнча биринчи инстанциядагы соттун гана өкүмү чыгарылды. Ал боюнча акыркы чекит коюла элек. Балким кийинки инстанцияда акыйкаттык өз ордун таап, мыйзамдуулук болор деп үмүт кылып жаткандар көп.

Орозалы Карасартов, эркин журналист









??.??