presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Оюнчукка айланган ок атышуу...
25-августта Баткенде кыргыз-тажик чек арасында адатка айланып калган ок атышуу дагы кайталанды. Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн Сай аймагында тажик чек арачы жоокерлери чек ара аныктала элек участокко 800-900 метр кирип келишип, өздөрүнүн жеринен бетер чек ара бекетин орнотууга аракет жасашкан. Ошондой эле жергиликтүү тажик тургундары ал жерге кыргыздар тарабынан салынган көпүрөнү бузуп башташкан. Чек арада туруп, мунун баарына байкоо салып турушкан кыргыз жоокерлери алардын андай өзүм билемдигине каршы турушуп, ок чыгарышкан. Тажик чек арачылары аларга жооп кылышып миномет менен аткылашкан. Атышуу жарым саатка чейин созулуп, тажик тараптан эки адам набыт кетип, дагы бешөө жарадар болушкан. Ал эми кыргыз тараптан жабыркагандар жок. Эске сала кетсек, быйыл алты айдын ичинде кыргыз-тажик чек арасында 30га жакын чыр катталып, анын айынан бир нече адам көз жумду. Бул окуядан кийин мурда максат кылынган 26-27-августта Бишкекте кыргыз-тажик чек арасына байланыштуу сүйлөшүүлөр өттү. Эки күнгө созулган сүйлөшүүдө чек араны делимитациялоону активдештирүү, Ак-Сай-Тамдык-Кишемиш жолун жана Лейлек районунда көпүрө куруу маселесин талкууланды.
Учурда чек арада катталган чырдын чоо-жайы эки тараптуу иликтенүүдө.

100 миң сомго
номур аласыңбы?
Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы маалыматтык кызматтар боюнча адистештирилген борбору үч айдын ичинде мамлекеттик арналуу 4 каттоо номурлары сатылганын жар салды. Сатылган арналуу номурлар, "Укмуштуунун төөсү жорго" дегендей: VIP, Vivat, Boss жана MMM деп аталат экен. Акчаң саман болсо, аны ушул эч бир мааниси жок, болсо да эч кандай баалуулукка арзыбаган төрт сөзгө корото берсең болот. Бир пайдасы, төлөнгөн акча мамелекетке бюджетке түшөт. Толук шартын айта кетсек, мындай арналуу номурдук белги экиден кем эмес жана жетиден ашык эмес белгиден турушу абзел. Ошондой эле номурда белгинин башында жайгашуучу минимум эки тамга болушу керек. Эреже боюнча ал тамгалар латын тамгасында, ал эми сандар араб арибинде болушу зарыл.


Кайрадан жол тосмой оюну
Кечээ Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын 800дөй жашоочулары Бишкек-Чалдовар жолун бууп салышты. Алардын талабы-Чоң-Кайыңды капчыгайындагы жеке тоо-кен компаниясынын ишин токтотуп, ал жерде топтолгон солярканы алып кетүү. Тургундардын айтымында бу жеке компания суунун башында иш жүргүзүп адамдар пайдаланган сууну булгап жатат. Жол тоскондор менен губернатор сүйлөшүү жүргүздү.


УКМК Саиповду миллион сомго сотко берди
Маркум Алишер Саиповдун иниси Шохрух Саиповду УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгы Fergananews.com сайтына 31-майда жарыяланган макаласы үчүн 1 млн. сомго сотко берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов төмөндөгүлөрдү билдирген: "Саипов УКМК тууралуу туура эмес маалымат жазган. Алгач аны чакырып, расмий эскертүү берилген. Бирок "атайын кызматтар 500 доллар алат" деген жалган маалымат коомчулукка тарап кетти да. Ошондуктан УКМКнын Ош облустук башкармалыгы өзүнүн аброюн, ар-намысын коргоо боюнча жарандык тартипте сотко арыз жолдогон. УКМК журналисттен коомчулук алдында туура эмес маалымат жазганын моюнга алып, кечирим сураса анда иш ушу менен эле тынчыйт. Биз азыр 1 млн. сом талап кылып жатабыз, анан соттун жүрүшүндө кандай болорун карап көрөбүз". Шохрух Саипов болсо өз укугун коргоо боюнча Кыргызстандын жана Эл аралык укук коргоо уюмдарына кайрылган. УКМК утуп чыгабы же, өзбек тектүү Саипов утабы? Байкоо салып туралы. Негизи эле ушу Саиповдорду үй-бүлөсүндө тайманбастык менен бирге кежирлик да бар окшобойбу.


Сирияга кеткендердин саны 170ке жетти
"Коррупцияга каршы коомдук көмөк" аттуу бирикменин координатору Нурлан Алымкулов: "Кыргызстандан Сирияга кеткен адамдардын саны 170ке жетти. Алардын 100ү эркек, 70и аялдар. Булардын кээ бирлери ал өлкөдө болуп жаткан согушка катышкан. Кыздардын көбүнчөсүн аэропорттон тосуп алышып түрккө күйөөгө сатышат, же жакшы эмес жумуш сунушташат, же согушка жөнөтүшөт "-деп билдирди. Бул маалымат УКМКнын расмий маалыматтарын төп келеби, келбейби аны териштирген эч ким жок. Чынында "уйкусу оор" УКМК Сирияга азгырылып кетип жаткандар боюнча жетиштүү деңгээлде чара көрө албай келет.


Нефрит ташы 10 млн. сомго сатылды...
Өткөн жумада Нарын шаарында курамында нефрит бар 16,6 миң кг салмактагы жаратылыш таштарын сатуу боюнча аукцион өтүп, анын баштапкы баасы 8 млн. 618 миң 653 сом деп белгиленгип, аукцион кадамы - 500 миң сомду түздү. Баа аздан көтөрүлүп олтуруп, акырында акциондун жеңүүчүсү болуп, жеке ишкер Кемелбек Норузбеков табылды. Ал башкалардай айырмаланып чөнтөгүнөн 10 млн. 118 миң 356 сом сууруп чыгыптыр. Мындай аукцион Кыргызстанда биринчи жолу өттү окшобойбу. Жыйынтыгы жакшы болсо, байма-бай өткөрүп туруу керек экен.


Эскилер эсиргенде же Аламүдүндөгү так талаш
Бакиевдин бийлиги тушунда, өзгөчө 2009-жылдагы президенттик шайлоодон кийин кандуу бийлик аламүдүндүктөрдүн айласын жакшы эле кетирген. Атамбаевчисиңер деп далайын камап, далайын сабап дегендей. Ошол кездеги Чүй облусунун губернаторунун биринчи орун басары болуп турган, Бакиевге жагынам деп аламүдүндүк эле өз жердештерин жээриген Замир Жумашев деген бүгүн минтип бул районго аким болом деп чуркап жүрөт. Чуркаса чуркагандыр дейт элек, күйдүргөнү Чүй облустук администрациясынын аппарат жетекчиси баш болгондор райондогу баардык айыл өкмөттөрүн алдына салып алып, "Жумашевди акимдикке сүйрөйсүңөр" дегени чатак болуп атат. Убагында Атамбаевге акаарат айтып, тарапташтарын такалаган Замир мырза кайсы бети менен аким болгону атат? Замирди жөлөп-таяп, алдыга сүрөп жаткан аэропорттун башчысы Албек (аламединдиктерче Эркин) Ибраимов Атамбаевге асылгандарды аким кылып, бийлигин алсыратайын деп атабы?


Рахмат сага, Саке!
Кыргыздын кыраан кинорежиссеру Геннадий Базаров Садык Шер-Нияздын "Курманжан датка" тасмасын көрүп, таң калганын жашырбаптыр. "40 миллион долларга тартылган "Монголду", Голливуд жылдызы Марк Дакаскос катышкан "Көчмөндөрдү" көрдүм эле. Бирок 1,5 миллион долларга тартылган Садыктын "Курманжан даткасы" алардыкынан ашып түшүптүр" - деген баасын бериптир. Баса, бул тасманы эң алгачкылардан болуп көрүү бактысына ээ болгон Рыскелди Момбеков "Эгемендүү Кыргызстандын тарыхындагы эң мыкты тарыхый тасма болуптур. Эң алгачкы премьерасын элге Эгемендик күнү тартууласаң кандай болот" - деген сунушун суутпай, 31-август күнү жалпы журттун сынына коюлганы турат. Премьерасына президент баш болгон өлкөбүздүн бүтүндөй элитасы күбө болоору күтүлүүдө.


Тайырбек "тагында" калды
"31-августка чейин биометрикалык паспорт даярдоо боюнча ишти баштабасаң, биринчи болуп иштен ыргыйсың" деген ажобуздун айтканын эки кылбай Тайырбек Сарпашев ишти 31-августка жеткирбей эрте баштады. Башбакан Жоомарт Оторбаев, парламенттеги фракция лидерлери төш болгон аткаминерлер алгачкылардан болуп биометрикалык паспорт алуу үчүн өздүк маалыматтарын калтырышты. Тайырбек Сарпашев: "Ар бир жаран биометрикалык паспортко өздүк маалыматтарын тапшыруу менен өлкөнүн коопсуздугуна, шайлоолордун так жана таза өтүшүнө чоң салым кошкон болот" - деп кылган ишине ыраазы болуп, жетине албай турат.










??.??