presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кыргызстан билимдүү
кадрларга муктаж

Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев Орусиянын Красноярск шаарындагы кыргыз мигранттары менен болгон жолугушууда Кыргызстан билимдүү кадрларга муктаж экенин билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда саламаттыкты сактоо, билим берүү же өндүрүш тармагы болобу кадр жетишсиздиги курч турат.

Бул тууралуу Бакыт мырза: "Көптөгөн билимдүү кадрлар сыртка чыгып кетип калган. Бизге азыр мугалимдер, дарыгерлер, куруучулар, энергетиктер керек. Кайрадан мекениңиздерге кайтып келиңиздер! Сиздер мекениңизге керексиздер! Сиздердин кайтып келишиңиздерге биз депутат катары шарт түзгөнгө аракеттенебиз", - деп маалымдады.
Депутаттын айтымында, эгемендүүлүктү алгандан кийинки жылдары туура эмес саясаттан улам өлкөдө завод-фабрикалар, колхоз-совхоздор жок болгон. Анын натыйжасында миңдеген илимдүү-билимдүү кадрлар миграцияга кетип, азыр Кыргызстанда курч кадр жетишсиздик көрүнүшү орун алууда. Чет өлкөдөгү мекендештерибиздин жардамысыз Кыргызстанды көтөрүү кыйын экенин баса белгилеп, алардын кайтып келишине шарт түзүлөрүн белгиледи. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев мекендештерди кайтаруу максатында эки мыйзам долбоорун иштеп жаткандыгын билдирип, буларга токтолду.
Биринчиси, эгер этникалык кыргыз Кыргызстанга кичи же орто бизнес ачып же инвестициянын башка түрүн салса, ал үчтөн беш жылга чейин салыктан бошотулат. Экинчи, мыйзам мигранттарды социалдык жактан коргоого багытталган. Анда болсо эгерде мигрант Кыргызстанга келип, банк аркылуу акча жөнөткөн болсо, ошонун эсебин көрсөтүп, оорукана, билим берүү акысыз тейленүүгө укук алат.
Эскерте кетсек, Орусия жана Казакстанда иштеп жүргөн мигранттар жылына Кыргызстанга 2 миллирд долларга жакын акча жөнөтөт. Бул дээрлик Кыргызстандын бир жылдык бюджетине барабар. Эске салсак "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев башында турган Жогорку Кенештин депутаттары Тынчтык Шайназаров жана Мирлан Бакировдор 2014-жылдын 20-29 августга чейин Россия Федерациясынын ийри алты шаарын кыдырып кыргызстандык эмгек мигрантар менен жолугушууларды өткөрүштү. Иш сапардын алкагында депутаттар "Бирдиктүү Россия" партиясынын Омск облустук өкүлдөрү менен да жолугушту.
Тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташуунун багыттарын талкуулашды. Ал эми Иркутск аймагындагы эмгектенип жаткан мекендештердин абалы менен таанышкан соң депутаттар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен да жолугуп октябрь айында Иркутск областында Кыргызстандын күнүн белгилөө, достук-ынтымакты чындоо миграция маселелеринин оор жагдайларын жеңилдетүү багында пикир алышышты.
Ошондой эле бул жерде иштеп-эмгектенип жүрүп кокустуктан каза тапкан Көк-Жаңгак шаарынан келген мекендешибиздин сөөгүн айылына жеткирүүгө кеткен чыгымын партия өз эсебинен толук каржылап берди. Депутаттардын сапарынын тартиби жыш болду. Кыска күн аралыгында Орусиянын чоңшаарларынан тартып Бурятия автоном Республикасынын Улан-Уде жана Россиянын Чыгыш Сибирь аймагындагы Чита шаарына чейин барышты. "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев башында турган депутаттык топтун бул сапарын алыста жүргөн мекешдештер колдоого алып ыраазычылыктарын билдиришти. Жалпысынан депутаттар Новосибирск, Омск, Красноярск, Иркутск, Улан-Уде жана Чита шаарларын кыдырышты.

Жанкороз Эсенгелдив




Эх Зарылбек, кайдасың?
ОПГ баш көтөрдү. Баш көтөрмөк турсун башка ата баштады. Зарылбек Рысалиев ИИМди башкарып турганда кара дүйнөң кайда качаарын билбей калган. Карайлап бири Дубайга, бири Алтайга качкан. Кадимкидей тынчтык өкүм сүргөн. "Ата-Мекен" айгайлап атып Рысалиевди кызматтан алып түштү эле эми элеңдеп өздөрүнүн эси чыга баштады. "ОПГны оңкосунан саям" деген Текебаевчилердин өздөрүн тере башташты. Атылган Алтынбек Арзымбаев чынында анык текебаевчи болчу. 2010-жылдагы парламенттик шайлоодо дал ушул партиянын желегин желбиретип Кара-Көлдөн арбын добуш алып берген.


Кызалаковдун кызыктары
Кийинки аптада жаңы окуу жылы башталганы турат, бирок Бишкектин мектептериндеги чуулардын басыла турган түрү жок. Ушул жылдын жаз айында борбор калаабыздын 12 - кичи районундагы № 71 орто мектебинин директирлигинен кеткен Жеңиш Кызалаков тууралуу кызык кептер көп экен. Жамааты менен батышпай, жаакташкан Жеңиш Кызалаков тууралуу ММК беттеринде макалалар да чыгыптыр. Жеңиш мырзанын жеңинен жетелегендери мыкты белем, эми Бишкектин чок ортосундагы атактуу №13 мектептин директорлугуна дайындалыптыр. Бирок бул мектептин агартуучулары дагы Жеңиштин жетекчи болуп келишине нааразычылыгын билдирип атышыптыр.


Көчмөндөр оюну көчө оюну болуп калабы?
9-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында өтмөкчү болгон Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна даярдыктар анча эмес. Жер жүзүнө жар салып чамынганыбыз менен бул жактагы чамабыз чарк экен. Улуттук рухубузду көтөрөбүз, асманды көздөй көкөлөйбүз деген чиновниктерибиз эл караган бетибизди жер каратышпаса эле болду.


Эл уулдарына эстелик
ЖК депутаты Каныбек Иманалиев дагы Эгемендик күнүбүздү утурлай улуу иш менен алек болуп жүрөт. Туулуп - өскөн Чоң-Кемин өрөөнүндөгү "Шабдан баатыр" комплексине кыргыздын мыкты уулдары, аткаруу бийлигин башкарып кетишкен Арстанбек Дүйшеев, Жумабек Ибраимов жана чыгаан окумуштуулар Болот Юнусалиев, Санжарбек Данияровдордун эстеликтерин жасатып, бүгүн ачылышын жасаганы турат. "Өткөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбасын" башкасы билбесе дагы Каныбек Капашович жакшы билет. Тарыхты тактайм деп талыкпай китеп жазып, мыкты агаларына эстелик тургузам деп чуркап жүргөн эл өкүлүнө кеминдиктер чындап ыраазы болууда.


Токмоктуктар Кытай заводуна каршы
Токмокто жергиликтүү тургундар Кытай тарап куруп жаткан муңайзатты кайра иштетүү заводуна каршы нааразылык билдирип чыгышты. Бул завод 2012-жылдын ноябрь айынан бери курула баштаган. Эгерде звод ишке киришсе,500 миң тонна күйүүчү май иштете, 300 жумушчу орундун 30ун кытайлар, калганын жергиликтүү калк ээлемекчи. Нааразы болгон тараптын айтуусунда завод экологияга терс таасирин тийгизип, адамдардын ден соолугуна зыян кылат экен.










??.??