Ийгиликке
"Имарат строй" менен!
Кыргызстанда курулуш компаниялары көбөйгөнү эл дагы тандоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Үйлөрдү сапаттуу, мыкты курган компаниялар өзүнөн өзү иргелип, эл оозунан түшпөй келет. Мисалы үй сатып алууну каалагандар биринчи кезекте "Имарат строй" компаниясынын каалгасын кагышат. Башкалар үйүн куруп бүтүп, кардар издеп карайлашса, "Имарат строй" үйдүн чуңкурун казып баштаганда эле каалоочулардын узун кезеги пайда болот. Өз ишин абийирдүүлүк менен аткарган ушундай мыктылыгы үчүн эл дагы ишеним артууда. Эл менен кошо эл аралык коомчулук дагы бул компаниянын курган имараттарынын сапатына баа берип атат. Ушул жылдын май айында Швейцариянын Женева шаарында "Имарат строй" компаниясы "Курулуштагы өзгөчө эмгеги үчүн" деген номинация боюнча "Сапат үчүн Европалык Гран При - 2014" эл аралык сыйлыгы менен сыйланган. Бул компания үчүн гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан үчүн дагы чоң сыймык. КРнын эмгек сиңирген курулушчусу, бул тармакта 30 жылга жакын тажрыйбасы бар дасыккан адис Бейшенбек Иманалиевдин "Имарат строй" компаниясы эгемендүү элибиздин экономикасын көтөрүүгө эбегейсиз салым кошуп жатат десек ашыкча болбос. Дал ушул Эгемендүүлүк майрамыбыздын алдында ийгиликтүү ишкана "Имарат Стройдун" иштермандарын кепке тарттык.

Айша Бокошева "Имарат строй" компаниясынын башкы эсепчиси:
- Биздин компания кыргыз экономикасына татыктуу салымын кошууда деп ишенимдүү түрдө айта алам. Канчалаган жарандарыбыз иш менен камсыз болуп, өз убагында татыктуу айлык акыларын алып иштеп атышат. Мамлекетке дагы салыкты убагында төгөбүз. Бизде бардыгы ачык айкын. Мисалы быйылкы жылдын эсебинен эле мамлекетке салык түрүндө 4 200 000 сом төктүк. Социалдык фондго 780 000 сом. Жумушчуларыбызга да айлык акысын кечиктирбей беребиз. Куруучуларыбыздын орточо айлык акысы 15-20 миң сомдун тегерегинде. Үй алууну каалаган кардарларыбыз үчүн дагы бардык шарттарды түзүп бергенбиз. 1-августта Бишкектин чок ортосунан Токтогул жана Эркиндик бульварынын кесилишинен Сатуулар боюнча кеңсебизди ачтык. Кардарларыбыз эми ошол жерден болочок үйү менен таанышып, эсеп чотторун ошол эле жерден жүргүзсө болот.
Соцфонд кошумча салыктан тышкары биз сатып алган курулуш материалдардын эсебинен эле казынага 60 млн сомдон кем эмес каражат түштү.

Мамытканова Махабат, техникалык инженер:
- Элдин ишеними биз үчүн баарынан кымбат. Ошондуктан ишибизди так жана өз мөөнөтүндө сапаттуу кылып бүтүргөнгө аракет кылабыз. Биздин бөлүмдө атайын тапшырманын негизинде келген долбоорлорго эсеп-кысап жүргүзөбүз. Ишибиз өтө жоопкерчиликтүү. Биздин ишибиз канчалык так болсо, компаниянын ийгилиги дагы ошого жараша болот. Ар бир салынуучу үйлөрүбүз Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттиги, экотех көзөмөлү тарабынан тыкыр көзөмөлгө алынып турат. Биз куруп жаткан үйлөрдүн баардыгына сапаттуу курулуш материалдарын колдонобуз. Курулуш материалдарын негизинен Чехия, Россия, Түркиядан ташып келебиз. Мисалы Түркиядан: кабелдерди, түтүктөрдү, суу түйүндөрүн, Чехиядан: жылытуучу батарейкаларды алып келебиз. Материалдардын бардыгы кепилдиктери менен болот. Ар бирин текшерип, аныктап анан колдонууга беребиз. Биз ишибизде ар дайым сапат менен ыргакты бирдей айкалыштырып келебиз. Бизде сапат маселеси эң башкы орунда турат! Курулуш эрежелери жана ченемдери (СнИП) толук сакталат.

Тиленчиев Эркин, прораб
- Мен "Имарат строй" компаниясында 2002-жылдан бери иштеп келе жатам. Билинбей эле 12 жыл өтүп кетиптир. Андан бери бир нече имараттарды салдык. Кудайга шүгүр эл арасынан мактоодон башка жаман сөз уга элекпиз. Курулушта эң башкысы сапатка көңүл бурабыз. Жумушчуларыбыздын көбү квалификациялуу мыкты адистер. 5-4-разряддагы курулушчулар, кыш кынагычтарыбыз, жыгач усталарыбыз бар. Менде эле 130-140 бала иштейт. Компаниянын эсебинен 3 маал тамак беребиз. Мындай камкордук бир дагы ишканада жок болушу керек. Курулушчуларыбыз көбү патент алып иштешет. Келишимдин негизинде аларга 20-30 миң сомго чейин акча төлөп берилет. Айтор "Имарат стройдо" баардык шарттар түзүлгөн. Болгону чын жүрөгүң менен иштеш керек!

Тиленбек азык




Башыңа түшпөсүн
"Толпа на толпа" болуптур
28-август күнү түн ортосунан өткөн кезде Бишкектин Киев көчөсүндөгү "Караван" деген сода борборунун жанында катуу мушташ болгон. Ага туура 38 киши катышыптыр. Ошол тушта жашаган күбөлөрдүн айтымында, айланайын, "Чоң казат" биякта калды дейт. Ошол аймакта мындай мушташтар байма-бай болуп турганын да айтышат. Бу "келе бакан, куу союлдун" таржымалын милийса акелер териштирип жатканы.

Милийса ак экен…же ток экен
Генералдык прокуратуранын пресс-кызматынын билдирүүсүндө Манас районунун мамлекеттик нотариусу Б.Ж. деген Талас ИИБнын бир кызматкерине пара сунуш кылган, бир балээ ишимди бүтүрүп бер деп. Милийса кызматкери таза немеби, же бир көрүнүп коеюн дегенби, прокуратурага билдирип, тиги Б.Ж. 16 800 сом пара берип жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.

1,5 млн долларды алды да кетти!
Кең Маскөөгө бир Кыргызстандык эргул, кыргызбы же каапырбы белгисиз, 1,5 миллион доллар алып барбайбы. Анын бир досу эки сакчы жана стажер-шоопур менен тосуп алып акчаны салып машина менен кетип баратканда стажер-шоопур, дагестандык экен, койнунан тапанчасын сууруп чыгып баарын машинадан түшүрүп салып, өзү сызып бериптир. Ал шумпай изделип жатканы. Анткен менен эр экен эй!

Тери аткезчилиги
терисин сыйрыбаса экен
Аз мурун Чүй облусунун прокуратурасы тери иши боюнча кылмыш ишин козгоду. Ушул жылдын 24-июлунда Экономикалык кылмышка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери "Ак жол" бажы постунан чыгып бараткан машинаны токтотуп текшере келсе, анда 125 тери бар экен. Бул боюнча ал посттун тийешелүү кызматкерлери сурак берип жатат.

Кыргыз-өзбек мушташат
Хабаровск крайында өзбектер менен кыргыздар кырчылдаша кетип төртөөнү полиция кармаган, анын үчөө өзбек экен. Таяк жеп арыздангандардын ичинде үч кыргыз, бир өзбек бар.Ошол мушташкандардын ичинен биртобу мекендерине кайтарылмай болуп жатат. Кыргызым, ченеп мушташ, мушташсаң, алдырба!

Маршрутка! Сак бол!
Бишкекте маршрутка деген балекет бар. Ал жүрүш жасаганда калган машиналар четке чыга бербесе бир кырсыкка кабылышы турулуу. 27-август күнү №163 маршруту боюнча жүргөн "Мерседес- 311" бир машина менен сүзүшүп, ооп-ооп барып капталынан түштү дейт. Төрт киши жапа чегиптир. Айдоочусу 26 жаштагы Султанбек деген экен. Мындан ары сак бол, Суке баатыр!