presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Кадам ушул…
Адамзат бузулса,
кыргыздан кыя өтпөс

Гезитибиздин өткөн санында ушундай тема менен кеп айтып окурман менен кеңештик эле. Ошол ойду улантып турганыбыз ушул. Айтып жаткан маселебизде пессимисттик маанай басымдуу кылып жатат, аны атайылап алып келген жокпуз, адамзат турмушунун кийинки жемиши ошол жыйынтык-маанайды берип жатпайбы. Ошентип, Адамзат бузулуу жолунда деп айтып алганбыз, аны мен жалгыз кайдан билмекмин, дүйнө билермандары бир ооздон айтып жатат. Анан алар айткандан кийин, ии деп ой калчап, калчылдатып, аласалдырып көрөсүң да…
Азыр бүтүндөй Адамзат байлыктын артынан тегиз кууп, ошонун натыйжасында кыргын согуштарын аягы үзүлбөт, аягы үзүлмөк турсун күндөн күнгө күчөп барат. Бизге тааныш Плюшкин менен Карасакал, сан жылкылуу Сарыбай, Гобсек дегендер эмкинин байынын алдында "наристе" кейпинде го бир! Эгерде адам баласы байлыкка кызыгып, ага азгырылып анан өз алдынча аракет кылса, бирөөнүн байлыгына көз артпаса, анда жөнү башка эле да, аларды ким кой дейт. Балээнин баары бирөөнүн байлыгына көз артып, анан аны алып, алеки саатта байыгысы келип жатпайбы. Бул жагынан кыргыз баласы алдына киши салбай калды деп айтып салсак, кудай алдында күнөөгө батпаспыз, коркунуч жок, анткени, чындыкты айткан адамга зыян кылмай жок тура, ал тарапта…
Коомдогу көрүнүштөрдүн анда-санда кездешчиси болот, анын менен бирге типтүү көрүнүш болот бул- жалпылыкка өтүп турган көрүнүш. Көроокаттын артынан түшкөн көрүнүш биздин турмушта типтүү көрүнүшкө айланып бүттү. Демек, массалык түрдө адам ниети бузулуп, көз көрбөгөн, элестете албаган кандайдыр бир жамандыкка кетип бараткан кезибиз! Ниет дегенди адам баласы кылымдан кылым жакшы жагына калыптандырып келген да! Көроокаттын, байлыктын артынан түшүү адамдарда болгон жаман деп сыпатталчу, зыяндуу сапаттарды күчөтүп жатпайбы: таш боордукту, ачкөздүктү, улунуп-жулунганды, кызганычты, көралбастыкты… Мына ушул жана толгон жаман сапаттар, кылыктар жалаң гана байлыкка байланып калуунун натыйжасы болуп жатат. Биздеги нечен бир азаматтар ошол чыпалагына тең келбечү байлыкка алдырып коюп элге-журтка уят болуп жатат. Ушинтип көтөрүңкү айталы, жымсалдата айталы, болбосо, коррупциялык жол менен байлык топтогон нечен бир жигиттерди "кыйын жигит" деп айтып жатпайбызбы. Баарыбыздын бузулуп баратканыбыз ошол да. Кайсы бир коррупционерди коргоп, коргогондо да мамлекеттик деңгээлде коргоп жаткандагыбыз адамдык сапаттарыбыздын таптакыр эле жок болуп, айбандарга теңеле жаздаган учурубузду билдирип жатпасын?! Мисалы, депутаттардан чыккан коррупционерлерди парламент түгөлү менен колдоп, аларды жоопко тарттырбай жатпайбы! Муну кай мыйзамга, болбосо, адамдыктын кай жерине алып барып такадык? Жок адамдыкка такап карачу маселе эмес бу, айбандык сапаттарга жылдырып койчу, шылтап койчу көрүнүш!
Ооба, эли аңыз кылып турчу нечен бир азаматтар коррупциялык балакети бар деген шек менен турмуш өтөп жатат. Аларды санай берип жадап да калдык. Анын үстүнө санагандан не пайда. Мына мен андайларды көп санадым, "пайдам" ошол болуп жатат: ошол коррупцияга шектүүлөрдүн аялдары, эне-атасы, бала-чакасы, ойнош-пойноштору, жоро-жолдоштору мени каргайт, кээси "ушуну жайлап салса…" деп кенен-кесир эле айтып жатарын деле билем. Болуптур, бу башка кеп болсун, кезегинде айтылчу…
Элдир-селдир эсибиз бардан тээ бийликтин башында олтуруп акылдын ирдүүсүнөн калчап олтурган башчылапга чейин билип турабыз: мыйзам бузуу массалык деңгээлге жетти! Ар бир кадамың мыйзам бузуу менен шилтенет, коомубузда кандай гана мекеме, ишкана, уюм, министрдик ж.б. жайлардын баарында мыйзам бузулуп, ошол бузулган мыйзамды коштой акча жүгүрүп турганы. Муну, дагы айтабыз, баары билет да баягы даниялыктардын "Король жылаңач турбайбы" деген жомогундагыдай эч кимибиз көрбөй жатпайбызбы. Анан ошол жомоктогу баладай "король жылаңач турбайбы" деп чындыкты айтып турган аз адамдын бирин уккан жери жок, укчу тарап, угууга милдеттүү тарап. Ал эми угуп кала турган болсо, анда жаман жакты жакшы кылып түздөп салат, ооба, кылмышты көзбоочудай кылып жок кылып жиберишет, ошону жасап турууга милийса, прокуратура, сот ж.б. мекемелер бар. Жок, азыркы күндө кандайдыр бир тазалыкка умтулуунун кереги жок. Антип аракет кылсаң, жакшы дегенде ара жолдо каласың, болбосо талаада каласың, жок болуп кетесиң. Бүгүнкү күндө таза жашаган адам өлбөстүн күнүн көрүп, арам оокаттын аркасы менен жашаган адамдардын тебелендисинде калып жатат, алар тебелеп кетип гана жөн болбостон, шылдыңдап да турушат! Кай жерге барба бирин-бири алдоо, улунуп-жулунуу, акча өндүрүү. Мына ушул үч көрүнүш биздин жашоонун маңызын түзүп турат. Адамды адам кылган мыкты сапаттардын бири-топук кылуу эмеспи. Ошондо бүгүнкү күндө топук кылган адамды таап бергилечи? Кайсалап калабыз го издесек. Соолуп калгыр ай, мамлекеттик деңгээлде, расмий түрдө эле "баланча деген министрдикте коррупциялык түкүнчө схема бар экен" деп жарыя салынып жатат да, иш ошону менен бүтөт. Ал схеманы пайдаланып жаткан министрди баш кылып, орун басарларын төш кылып эмне үчүн "жыга чаппайт"?! Эмне үчүн?! Мээм жетсе ит болоюн!
"Коррупциялык иши өтө орчун экен, андыктан депутаттык кол тийбестиги жок эле камайбыз" деп туруп Генпрокуратура Акматбек Келдибековду камады эле, анысы накта эр экен, "камаган силердин иш, уруп койбогон менин ишим" деди да сурак бербей койду, тагылган кылмыш иши менен таанышпай да койду. Анан "көзүн таңып койсо да чындыкты таап чыкчу" соттордун жардамы менен чет элге дарыланууга кетти. Коррупцияга күрөш деп ушуну айтыш керек! Баса, бир анекдот эске түшөт, кайсы бир жазуучу айтты эле: Ноокаттын базарында бир мас жатат экен. Эки милийса келип: Эй, эмне жатасың?!"-дебейби. Анда тиги: "Ал менин ишим" дейт. Милийсалар: "Азыр салып кетелиби, ыя?!" десе, тиги: "Ал силердин ишиңер" деп тескери оодарылат дейт. Коррупционер менен коррупцияга каршы күрөшкөндөрдүн мамилеси, мисалы, ушул көрүнүштө да…
Адам баласында дагы бир дурус сапаты болор эле, артты кылчая карай жүргөн. Ошондо көпкөнчүлүк аз болот экен. Артка азга кылчай калсак, Үркүндө бир табак талканга сатылган кыздарыбыз болуптур… Ажар миңдин биридир… Совет мамлекетинин баш жагындагы граждандык согушта Волга боюндагы ачкачылыкта эмчектеги баласын бышырып жеген энелер болгон экен, андан мурун тээ 1812-жылы француздар Москвага чейин келип, анан артка чычая качканда ачка болгон солдаттар арыгынан жыгылып калып тура албай жаткан аттардын санын тирилей эле кескилеп жеп жатат экен! Ата Мекендик согушта курчоодо калган совет солдаттары өлгөн солдаттардын сандарынан кесип отко куйкалап жегенин көп уктук, биздин бир атактуу артисибиз айтып берген, раматылык! Көрдүңүзбү, ачкачылык башка түшсө адам баласы бирин-бири жеп коет. Анан аны ойлобой кээ бир байлар, чоңдор, бөтөнчө аялдары, бала-чакасы кичине катый түшкөн нанды, башка тамактарды ыргытып жатканы, мейманга барса тамактан тамак тандап чычайган болот, керек болсо кээ бир тамактан жийиркенип да коет! Андайларды кусур урат дейт. Анысы деле билинбейт…урбай көп күттүрөт.
Ошентип, жалпы Адамзат бузулуу жолунда, анын ичинде кыргыз деген эл да бар дегенден чөп башылап айткан болдук. Мунун баары окурман менен кеңешүү, аларга кеңешип турсак, чогуу-чаран жаманды айтып жакшылык издеп турсак, аз болсо да жалпы жашообуздун позитиви артабы деген тилек да… Кандай болгон күндө да жалпы Адамзатта болуп жаткан деградация процессин башка нукка өзгөртүү өтө кыйын болуп калды окшобойбу…Ушундан айтып турчу, окурманым.

Баратбай Аракеев









??.??