presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Нарындагы инвесторлорду качырган интрига
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов жергиликтүү жыйындардын биринде: "Биз 1 метр эмес, 1 сантиметр жерди да саттырбайбыз, жерди өзүбүз иштетели, иштетпесек иштеткендерге берели деген ой болгон. Дүйнө жүзү инвестиция менен оокат кылышат. Жерди саталы деген маселе көтөрүлгөн эмес, иштетилбей суу жетпей турган жерлер бар, аларды чет элдик инвесторлорго 5-10 жылга иштетүүгө берсек болобу деген ой болгон. Жалаң эле интриганын айынан кур жалак, калып жатабыз"- деп билдирди. Аманбай мырза, Теңир-Тоону 7 айдан бери башкарып жатканы менен азырынча ири ийгиликтерге жетише элек. Бирок алдыда Кара-Кечени тартипке салуу, интригаларды ийнине киргизип, инвесторлорду тартуу, айрым райондогу облуска аты чыгып, бүтүндөй бир айылды эле эмес, өзүм билемдик иштери менен районду тажатып келген ОБОНчу катындарды ордуна коюу сыяктуу орошон ойлору бар экен. Айтмакчы, ошол ОБОНчу(губернатор мырза өзү андай аялдарды жакшы билет, жакшы тааныйт) катын инвесторлорду гана эмес, жергиликтүү элге да айыл өкмөттүн балансындагы жерлерди басып алып иштетүүгө мүмкүнчүлүк бербей, интрига кылып келет. Деги, эр жүрөктүк кылып, андай ажаан ОБОНчуларга алы жетээр бекен?! Же, өткөн-кеткен башка жетекчилердей болуп коркуп береби?! Демек, Аманбай мырзанын мындай маанилүү максаттарын ишке ашыруусуна ийгилик каалап коёлу. Аткара албаса, анысын да гезит аркылуу көз салып турарбыз.


Каптагаев Отунбаеванын уулун акмак - деди
Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Көчмөндөрдүн бүткүл дүйнөлүк оюндарына карата 80 жылдык тарыхы бар Раппопорта аллеясындагы бак-дарактар кыйылып жатканына нааразы болгондордун саны күн санап өсүп бара жатат. Нааразы болгондордун кебине Ысык-Көлдүн башчысы Эмилбек Каптагаевдин жини кашайып, "Келип өз көзүңөр менен көрбөйсүңөрбү. Аймактын кейпин бузуп жаткан куураган бактарды кыйып атабыз. Көчмөндөр оюну сыяктуу жалпы улуттук ишти сындап аткан жанагы акмактар уяты жок, эл душмандары" - деди. Бактардын кыйылышына каршы чыккандардын алдыңкы сабында экс-президент Роза Отунбаеванын уулу Атай Садыбакасов дагы бар экен. Ал өзүнүн интернет баракчасына "Ысык-Көлдүн губернатору мени акмак деди. Оозунан ак көбүк атырылып жазылган пресс-релизинде аллеянын өзүн эмес, чет жакалардагы куураган бактарды кыйып атабыз деген, бирок миң сөздөн бир сүрөт демекчи бул сүрөттө куураган бактын жыты да жок го" - деген билдирүүсүн жазып, ушул сүрөттү кошо чаптаптыр.


Акыры амалы түгөнүп, эс алууга кетти...
Нарынбек Молдоисаев деген ИИМ тармагында бир топ жылдан бери эмгектенип келген "карт бөрүнү" эл жакшы эле билет. Ал акыркы эки жылдан бери Нарын ИИББсинин жетектеп келген. Бул кишинин атагына караганда чатагы арбын. Жазсак, өтө узун болуп кетээр. Себеби, көп эле жагымсыз иштерге илешип келгендиги белгилүү. Бирок мындан ары тынч жүрөт го. Себеби, ал 26-август күнү ээлеген кызматынан бошотулуп, ардактуу эс алууга кетти. Анын ордуна, буга чейин: Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунда райондук ички иштер блүмдөрүнүн орун басар, башчы жана Ысык-Көл ОИИБ орун басары кызматтарында иштеп келген Орозбек Молдосариев дайындалды.


Исанын гүлдөрүн сагынгандар көп
Мурдагы мэр Иса Өмүркуловду толугу менен актаган Биринчи май райондук сотуна каршы пикирин билдирген Башкы прокуратуранын арызы боюнча шаардык сот ишти карап атат. Чынында карай турчу деле нерсе жок. Өмүркуловдун ак экенин айтпасак деле элдин көбү билип турат. Кулматовго караганда Исанын иш билгилиги дагы бир топ эле экен. Өмүркуловдун маалында курулган жолдорду, гүл жыттанган көчөлөрдү сагынгандар да жок эмес. Шаардык сот дагы чындыктын шагын сындырбай, акыйкат чечимин чыгарып берет деген үмүтүбүз чоң.


Нарайлыктардын назары кимде?
ЖК депутаттары Төрөбай Зулпукаров менен Надира Нарматованын ортосунда талаш чыкты. Ноокат районунун Нарай орто мектебинин директору Рахима Абдиева "Мектептин бүтүшүнө салым кошкон депутатыбыз Төрөбай Закировичке абдан ыраазыбыз мындай мектеп болуп бүтөрүн билген эмесмин, заманбап мектеп болду" - деп жетине албай жатканда, капталдан Надира Нарматова "Чуркап жүрүп бюджеттен акча котортком, даяр ашка тап бергендер минтип лента кесип атышат" - деп чыкты. Эл үчүн кимиси көбүрөөк эмгек өтөгөнүн Ноокаттын Нарай айылындагылар жакшы билишсе керек. Бирок, Нарматовага караганда Төрөбай Зулпукаров эл үчүн буту бутуна тийбей чуркап жүргөнүн көбүрөөк угуп, билип жүрөбүз.


Кадырбеков менен Жапаровдун да тиешеси бар...
Кочкордун Ак-Жар айыл аймагынын тургундары Ак-Жар орто мектебине туура эмес курулуш ишин жүргүзгөн "Хан-Теңгри" ЖЧКсынын жетекчиси А.Халиловдун жоопкерчиликке тартылышын көптөн бери талап кылып келишет. Аталган мектеп 480 орундуу, ал 2007-жылы "Хан-Теңгри" ЖЧКсы тарабынан 48 млн. сомго салынган. Бирок пайдаланууга берилгенден 2 жыл өткөн соң мектептин курулушунан олчойгон кемчиликтер чыккан. Нарын облпрокуратурасы Кочкор райондук архитектура башкармалыгынын башчысы Т.Жумабековду, 221-берене менен "Хан-Теңгри" ЖЧКсынын директору А.Халиловду айыптап, Кочкор райондук сотуна кайрылган. Бирок мектепти курууга сарпталган мамлекеттин каражатын көзөмөлгө албай, курулуштагы кемчиликтерди жоюу боюнча иш алып барбаган Т.Жумабеков менен А.Халилов жаза жоопкерчилигине тартуу мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу бошотулгандыгы маалым. Аталган мектептин абалынын начардыгынын окуучулар жаңы 2014-2015-окуу жылында шарты жок үйлөрдө жана айылдагы ээн жаткан имараттарда өтө тургандыгы айтылууда. Буга чейин мектептин абалы менен 23 комиссия келип текшерип кеткени менен азыркы күнгө чейин жыйынтык чыкпай турат. Негизи бул мектептин сапатсыз курулушуна Халилов, Жумабековдор менен бирге ошол кездеги (акча бөлүп берген) Каржы министри Акылбек Жапаров менен Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттиктигинин ошл кездеги жетекчиси Ишенбай Кадырбековдор да бирге жооп бериши зарыл. Анткени, ушул эки чоң мекеменин жетекчилери мектепти курулгандан кийин, "бүттү, сонун болду" деп өткөрүп алышкан да.


Эми Түлеевди да чыгаргыла
Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын районунун Эмгекчил айылында жыйын өткөздү. Жыйындын соңунда Жогорку Кеңештин депутаты Нариман Түлеевди камактан чыгаруу боюнча комитети түзүлүптүр. Комитеттин башында кыязы өзүн "Теңир Тоо" ынтымак коомунун жаштар төрагасы катары тааныштырган Урмат Акунов деген балакай турса керек. Ал аталган комитетке Нарын шаарынын базарынан, Ат-Башы районунан жана апрель баатырларынан турган 7 адам мүчө боло турганын билдириптир. Ошондой эле. Кайыпов Түлеев боюнча бардык сунуштарды премьер-министр Оторбаевге жеткирип барарын билдирди. Бул Акунов деген кайдан чыккан неме?! Түлеев акыркы амалы катары "Теңир-Тоо" ынтымак коомуна жабышып, эркиндикке чыгып кетейин деп калганбы?! Ыраазычылыгын да аянбай билдирип жатса керек, болбосо түзүлүп жаткан комитет кайсы каражатка иш алып бармак эле. Бийлик болсо ойлонуп, соттор болсо Түлеевди түптүз эле үйүнө узатууга кам уруп турса керек. Болбосо Түлеев деле Келдибековдой эле таза адам эмес, далайды алган, далайды кылган дегендей. Анан ушундай адамды 7-апрель баатыры болгон балдары комитет аркылуу коргоп жатканы уят иш. Деги эле Нарын эли ууру кылгандарды колдоого да, коргоого да албашы керек.










??.??