presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Кыргыз гезиттер
Каралар
каптайт да, ыя…

Аралашып эле чогуу-чаран жашап жатабыз. Жок, улут маселесинен баштаганым жок, кылмышкерлер менен кылмышка барчулар жана жөн салды адамдардын "бир жакадан баш, бир жеңден кол" чыгарып жашап жатканыбызды айтып жатканым. Улуу жазуучу айтмакчы, жаман кеп болсо да кеп башынан болсун…
Кандай гана мамлекет болбосун жөн дүйнө менен кримдүйнө кээде ачык, кээде көмүскө кармашын улантып келет. "Жөндүйнө" деген маанини мамлекет деп түшүнсөк, анда ошол жөндүйнө кримдүйнөнү дайыма жеңип келген. Анткени, кримдүйнө эл массасынын аз эле бөлүгүн түзөт. Эми кыргыз дүйнөсүндөгү "каралар" бирде "ооздук тарттырбай алакачып" турса, бирде жоошуп турат да. Турмуштун өзү ушундай эмеспи. Эстен кайда кетмек, Бакиев тушунда криминал деген болуп көрбөгөндөй кутуруп чыгып кеткен, турмушубуздан кадимкидей орун алып, каалаганын кылып, акча бербегендерди таламандын дал түшүнүдө эле баса калып колу-бутун сындырып, керек болсо, атып салып турушту да. Ошондо бийлик менен криминал эгиздердей болуп турушту го! Садыркулов, Слепченко, Сулаймановду жаналгыч Жаныш өлтүрткөндө криминал кызмат кылган эмеспи! Бул окуяга Анапияевдин балдары катышкан деп айтылып жатса, аны кээ бир депуттарга чейин колдоп жаткандыгы наадандыктыр!
Бакиевдер куулгандан кийин бийлик тарап криминалдын тартибин колго алып "нөлөбой" класстын балдарындай тизе баштаган. Ал иште мурунку ИИМ министри Зарылбек Рысалиев башкы ролдо болгон. Бул эч нерседен кайра тартпаган жигит Текебаевге жакпай калып иштен кетирилди. Дал ушул жерде президент Атамбаевдин чечкиндүүлүгү керек эле. Текебаев да, Рысалиев да элим деген жигиттерден, чырдашкан ал экөөнү президент чакырып алып мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн элдештирип коюш керек болчу. Мына, Рысалиев кызматтан кетти эле криминал баш көтөрүп, мурункусундай эле койкоңдой баштады. Болуптур, Рысалиевди жумуштан кетирип тынышты. Андай болгондон кийин министрдик орунга курч, жашыраак азаматтардан коюш керек эле да. Мисалы, Бактыбек Жусубалиев, Мелис Турганбаев сыяктуу жигиттер небактан даяр го министрдик ишке. Биз, дегеле муну көп киши айтат, Абдылда Суранчиев жаман адам эмес, түшүнүктүү, токтоо жан экен, бирок, токтоолугу жооштукка өтүп, курчтугу кайтып калган кези тура. Ошонун айынан бүтүндөй министрдик "токтоо" тартып турганы…Карый баштаганда деле жигиттик кылса болот, Суранчиев кызматын өткөрүп берсе болор эле, жигиттиги кармап кетип…
Эки күн мурун Арзымбаев Алтынбек деген кримбаланы түндөсү үйүнүн жанына атып кетишти. Алты ок тийиптир. Арзымбаев "Ата Мекен" партиясынын атынан Кара-Көл шаарына депутат да болгон. Кийин сот аркылуу мандатынан ажыратылган.
Быйыл эле кикбоксчу, дүйнө чемпиону Руслан Абазов машинасында жардырылып өлтүрүлдү, Токмокто, Бишкекте кримөлтүрүүлөр болду. Кримтоптор бизнесмендерди ачыктан ачык эле коркутуп-үркүтүп акча өндүрүп жаткан фактылар айтылып жатат. Аз күн мурун эле Абдылда Суранчиев бийлик структураларында иштеген адамдардын кримдүйнө менен байланышын айтып, аттарын санап да жиберди. Бир сөз менен айтканда, кримдүйнө кадимкидей эле жашообуздун бир канатын түзүп жашоосун улантып жатат. Баса, далай кримбалдарды милийса эптеп кармап келип жатса, кээ бир соттор бошотуп жиберип жатат. Биринчи иретте мына ошондой соттордон кутулуш керек эле. Тилекке каршы андай болбой жатат. Быйылкы жылды мамлекеттүлүктү бекемдөө жылы деп президент жар салып койду эле, аны криминалыбыз "сонун кылып бекемдеп" бермей болду окшойт.
Баратбай Аракеев





Алтынбек Арызмбаев:
"Айтчу сөздөр али көп..."

2014-жылдын 21-августунда Ички иштер министри "Ата-Мекен" фракциясынын кезексиз жыйынында Уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар шаардык кенештин депутаттарынын тизмесин атады. Ал тизмеде коомчулукта "Джин" деген каймана аты бар, маалында "Ата - Мекен" партиясынан Каракөл шаардык кенешине депутат болгон Алтынбек Арзымбаев да бар болчу. Буга байланыштуу Kalempir.kg видеопорталы Facebook социалдык түйүнү аркылуу суроолор менен Алтынбек Арзымбаевге кайрылганда ал азыр эмес, кийинчерээк маек берээрин айтып баш тарткан эле.

Kalempir.kg
- Алтынбек мырза, саламатсыңарбы. Биз Kalempir.kg видео порталынан. Ички иштер министри ОПГга мүчө деп сиздин да атыңызды атады, ушуга жооп берип кое аласыңарбы? Фейсбук аркылуу эле?
Алтынбек Арзымбаев
- Бир аз эки жакты түздөп алайын, айтчу сөздөр көп.
Kalempir.kg
Кыскача болсо да пикир айтып койбойсуңарбы?
Алтынбек Арзымбаев
- Министрдин отчетун окудуңарбы?
Kalempir.kg
- Окудук.
Алтынбек Арзымбаев
- Уят тил катышат тим эле. Государственный ОПГлар өзүлөрү уурулар. Убакыт келет күтө туралы.
Kalempir.kg
- Маек бере бербейсиңерби, 5 эле суроо берилет. Кыска-кыска...
Алтынбек Арзымбаев
- Мен коркпойм бул уурулардан. Бетине дагы айтам. Жашоомду түздөп алайын. Тоскоол болот. Список ал акыйкатсыз. Камчы түрмөдөн чыгып жатканда эмне көздөрү көр болуп калыштыбы булардын. Азыр эми кыйкырып чыгышты. Бул жөн эле пиар.
Kalempir.kg
- Текебаев менен мамилеңиз барбы, ал туурасында эмне айта аласыз?
Алтынбек Арзымбаев
- Өзүн гана ойлогон адам экен. Мен коркпойм андан, ал менин алдымда должник. Көрүп жатпайсыңарбы баардыгына эле тишин көргөзүп жатат, бирок ал унутуп койду же китеп окуган эмес го. Кыргыз эч качан тизе бүккөн эмес.
Kalempir.kg
- Эч кимге айтпаган чындыктар көп болсо, интернетке деле жарыяласаңар болот да. Болгон-эткенин жазып видеого тартып интернетке деле чыгарып койгула да, ошонун негизинде биздей журналисттер иликтөө кылышат. Ютуб, намба, билайв дегендер бар го?
Алтынбек Арзымбаев
- Мени менен Фейсбукта эмес, бетме-бет сүйлөшсөңөр анан баарын түшүнөсүңөр көрсө мындай болгон турбайбы деп. А то бул мени жок кылганга аракет кылып жүрөт бирок мен коркпойм ушу гнидадан.
Kalempir.kg
- Кандай максат менен депутат болдуңуз эле негизи?
Алтынбек Арзымбаев
- Мен дагы жүрөгүм менен кыргызга күйгөн адамдарга мен дагы жүрөгүм менен поддержу. Күздө буйруса баарын баштайбыз. Бир аз чыдай туралы менин дагы айтчу сөзүм көп, азыр сыр болуп турсун анан айтылат.
Kalempir.kg
- Каракөл шаардык кеңешинин депутаты болдуңар. Анан мандатты алып салышты. Мыйзамсыз алышса, сыр болсун, убагы келгенде айтам дебей эле сотко кайрылбайсыңарбы?
Алтынбек Арзымбаев
- Силер орган, сотторго ишенесизби дагы деле. Мен көрдүм го сүрөттөрдү. Подвалда отурган өмүр бою эркинен ажыраган адамдар чыгып кетишти. Ошолбу биздин гумандуу соттор.
Мейли анда мен тренировкага барайын ийгилик силерге
Kalempir.kg
- Макул анда.
(Стилистикасы эч
өзгөртүүсүз берилди)











??.??





??.??