presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Турмуш жана саясат
(Эссе)

Оо, достум өмүрүңдө бирөөнүн куралы болуп калуудан сактан. Бул кудай астында да, өмүр астында да эң чоң күнөө, кечиримсиз иш болуп эсептелет. Кудай берген өмүрдү кадырлай бил, ар кимге көз кор тепсенди кылба. Өзүңдү сактай бил. Эркиндигиңди сакта. Эч кимге көз каранды болбой, көз кор болбой жашоого үйрөн.
Өмүр байга да, кедейге да, ханга да, кайырчыга да бирдей берилерин бил. Демек, адамды кемсинтүүгө, кордоого, басмырлоого, укугун тебелеп тепсөөгө эч кимдин акысы жок. Кудай берген өмүр бардык байлыктардан да, титулдардан бийик да, ыйык да. Ошондуктан, аны коргоп өзүңдүн эркиндигиңди ар дайым сактай бил.
Өзүңдү сыйлаган жерге бар, сыйлабаган жерге жолобо. Өзүңдү кадырлаган жерде бол. Ошондой жерде жаша. Өзүңдү түшүнгөндөр жана баалай билгендер менен иштеш. Эч качан көз кор болуп жалданып иштебе. Акыл парасаты кем, бирок өтө айлакер, же бир ашынган шылуундардын улуп- жулуп жыйып алган дүнүйөсүнө чиренип дөөгүрсүп турганын турмуштан көрбөй турасыңбы. Арамзалык менен жыйылган дүнүйөгө тамшанба, өлчөөсү өзүлөрү менен кошо кетсин. Даражасына чалчактап таягын шилтеп дөөгүрсүп тургандарды көрсөң пас түшпө, мүңкүрөбө. Жамандыгы кара башына тийсин. Алардан алыс айланып өт, жакын жолобо. Анткени, алар өзүнөн акылдууларды жана таланттууларды жактырышпайт. Өзүнөн күчтүү адамды жана эркин ойлонгон инсанды жек көрүшөт. Өзүнөн эч кимдин өйдөрөөк болушун каалабайт. Акылы жармач болсо да өзүнө таазим кылып тургандарды тегерегине топтошот. Аларга башын ийип, кулдай кызмат кылгандар керек. Кааласаң айлакерликке салып ошондой кейипти кийип ал.
Эл арасында жакшылык чачып турган жакшы адамды муунтуп, ажаат ачкандын ордуна бут тосуп жамандык кылып коюп билмексен болуп турган желмогуздар бардык жерден кезигет. Ошондон уламбы кыргызда "кайда барба мамайдын көрү" деген ылакап айтылып калгандай. Алар адамдын жакшылыгын көрө албайт, ичине кара таруу айланбайт. Бул бечаралардын азабы ушунда. Көрпенделер бирөөгө кылган жамандыгым билинбей калат деп ойлошот. Бирок, жамандык сезилмек турсун кашкайып эле көрүнүп турат. Карасанатайлар бирөөгө кылган жамандыгы өз башына муш болуп тиерин билишпейт. Кудай мыйзамын баамдабай кесирленип, бумеранг сыры менен иш албай карама көрдөй өмүр кечиришет. Мокочолуктун өзү ушундай.
Дегиси, ар кандай кызматта иштеген ар түркүн адамдарды көп эле көрдүм. Асыресе көпчүлүгү өөдөсүнүп, кээлери текеберленип өздөрүн бийик сезип турушат экен. Ал эми мансап деген азгырыктын азгырыгы да, кандай келсе дал ошондой бир күнү жалт берип кетер. Керсейгендей көрөңгөсү болсо го мейли. Турмушта жакшы адам керсейбейт да, кекирейгендердин баары чаркы чамалуу, түшүнүгү тайкы, дээринде жок, ичтейи тайыз кудай төбөсүнөн урган адам сөлөкөтүндөгүлөр болсо керек. Арасында эптеп эле ысык жаны барлар деле толуп жүрөт илешип мансап илдетине чалдыгып. Мындай коркунучтуу дартка чалдыккандар адамдын инсандык беделине ар дайым шек келтирип турушат. Кол астындагы кызматчылардын бөйпөңдөп гана тургандары аларга жагат. Мансапкорлор адамды басынтып, баш ийдирүүнү каалашат. Ал турсун колунан келсе чөгөлөтүп баш көтөргүс кылып ындынын өчүрүп, маңкуртка айлантып салгылары келип турушат. Бул жырткычтыктын жеткен чеги, же адамдын айбанга айланып кетип тургандагы кейпи эмеспи.
Адамгерчилиги, адамдык касиети болбогон адамдын жырткычтан айрымасы жок. Байлык, мансап, бийлиги эмес адамды ыйманы, адамгерчилиги, нарк -насил коштогон руханий дөөлөттөрү гана адам кылып турарын турмуштан байкап келем.
Мансап менен байлык адамды манчыркатып коет экен. Мындай дөөлөттү ала көөдөк пенделер гана эмес, не бир зыңгыраган мырзалардын, жибектей сыйдам адамдардын көтөрө албай элден окчундап, өзүн бир элден өзгөчө жаралгандай сезип кекирейип бой көтөрүп, көзүн май басып пейил күтүп, таш боор кара мүртөзгө айланып керсейип калганын өзү да билбей манчыркап, чыйрыттап каларын көрдүм. "Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт",- деп айткан экен өз маалында даанышман Калыгул. Ырас, адамдардын көпчүлүгү дөөлөттү көтөрө албай калат экен. Дарак мөмөлөгөн сайын шагын ийет эмеспи. Алар тескерисинче керсейип, жакшылык кылуу касиетинен ажырап, мокочого айланып калып жатканы дене бойду үркүтөт. Бийликтин табияты андан өйдөрөөк, пенделер жөн гана аны көтөрө албай калып акылынан айныбай эле тайып кетип жатышат.
Деги, адам баласынын табияты өзү кандай? Байлыгы ашынып, же бир кызматка жетип калса эле көзүн май басып көөп калмайы бар. Бул адам турмушундагы эң коркунучтуу илдет экен. Ал ар кандай жырткычтыктын кутурган айбанчылыгынан ашып түшүп турат. Колуна бийлик тийген адамдын кандай коркунучтуу күчкө айланарын турмуш өзү тастыктап келе жатпайбы.
Боорлорум мындай дарттан сак болгула. Андай илдетке чалдыккан адамдардан оолак жүрүү аздык кылат, кутурма тийгендей кырчаңгыланып турган пенделерден арылгыла.
Ушул саптарды жазып жатып былтыр ушул маалда Ирландияда акын президент болуп шайланганын угуп калдым. Жакшы кабар экен. Бул дагы кудайдын кудурети. Жараткан берем десе бешенесине чийип дегендей талантын да, бийлигин да, жана башка дөөлөттөрүн да кошо ыроолоп коет тура. Теңирдин мээрими түшкөнү ушул. Талант деген жөн эле жеринен берилбейт, ал дагы кудайдын жалгап турганы, өзү сүйгөн пендесине гана ыйгарып турат экен. Акындык даарыган инсан, дегеле таланттуу инсандар бийликке келгенде жакшылыгын арттырып, шойкондуу иштерден оолак турганы байкалат. Адамдын парасаты, инсандык көрөңгөсү, интеллектуалдык деңгээли жагынан атчалык, а балким төөчөлүк өйдө турат. Ал эми мындай касиет мамлекеттик бийликке келип туруучуларга абдан керек. Өз кезегинде Алишер Навои мамлекетти даанышмандык менен калыс башкарып, бакыбаттантып турганын байыркы дүйнө жакшы билет. Анын эл урматтаган көптөгөн шакирттери болгон. Интеллектуалдар кудуретин байыркы тарых да, азыркы заманыбыз да тастыктап турат.
Не деген бир мамлекеттердин көрүнүктүү, көсөм жетекчилеринин да купуя сактаган өнөрү болуп, талант жылоолоп жүргөнүнөн кабарым бар. Бул дагы жөн эле жеринен эмес. Талант дегениң адам баласына ыйгарылуучу дөөлөттөрдүн ажарын ачып, бакыбаттантып, жакшылык нугуна буруп кеменгерлигин арттырып туруучу, жараткан мээрими түшүп ушул аруу дүйнөдөн оозанып турса дили бузулбас, жакшылыгы көп болор деп астейдил коштотуп койгон куттуу башат окшойт. Бир кезде дүйнөнү титиретип турган мамлекеттин даанышман, көсөм жетекчиси Иосиф Сталиндин жаш кезинде жазган ырларын таланттуу жазуучу Көчкөн Сактановдун котормосунда окуган элем. Бул бери эле жагы. Дегеле мамлекет башчыларынын арасынан куттуу көрөңгөгө эгедер инсандардын болгондугу жөнүндө мисалдар тарыхта сейрек болсо да кезигет. Албетте, бул жакшы жышаан. Аруу дүйнөдөн, куттуу рухтан оозанып тарбияланган инсан жамандык кылганга даабай турат. Ошондуктан, кай жерде болбосун, мамлекет башчысы ким болбосун жан дүйнөсү бай, куттуу көрөңгөсү мол, интеллектуал инсан олтурса экен деп тилей берели.
Бийик мунараны айланып дөө-шаа кызматтарда жүргөн азыркынын ак сөөктөрүнүн, көпөстөрү менен байбачаларынын, дегиси эле сөөлөттүүлөрүнүн көпчүлүгүнүн турмуштун жана жумушсуздуктун азабын тартып, иштүү болсом деп барбаган жери калбай азап тартып, акыйкаттык издеп чырылдап жүргөн эл үчүн жүрөгү ооруй турган түрлөрү жок. Канчалык эл үчүн иштеп жатабыз деп безеленгени менен элдин көбү бозгун болуп, көпчүлүгү азаптуу көйгөйдөн чыга албай турат. Күндөн күнгө кымбатчылык кысып келатат. Колунда барлардын ага кабагым -кашым дей турган түрлөрү жок. Элге эле кыйын болот. Атка минерлер өздөрүнө жыргал турмуш куруп алганына манчыркап корстон болбой мамлекеттин белин ийилтип, жүрөгүн оорутуп турган көкөй кести көйгөйлөрдү чечүүгө, уламдан улам тумандай жылып жакындап келаткан ырайы суук азаптарды ноктолоо үчүн көк жалдыгын карматып аянбай киришсе кана.
Лидер деген Лениндей, Сталиндей, Фидель Кастродой, Мустафа Кемалдай, Исхак Раззаковдой болот. Азыр өзүн лидер санагандар көбөйүп кетти. Алардын көпчүлүгү өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарынан өйдө көтөрүлө албай жатышат. Көрүнгөн эле бизнесмен өзүн лидер санай берсе болбойт экен. Ар ким өз дараметине жараша иш кылганы жакшы. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дегендей.
…Көлкүлдөп, мелтилдеп турган дүйнө чексиз жана сырдуу гармониясы, ар кандай күтүүсүз кубулуштары менен аң-таң калтырып турат. Ошондогу жылт эткендин, кыбырап жүргөндүн баары, турмуш өңүрүндөгү ар түркүн кубулуштар , жашоо өнүмдөрү жараткандын мыйзамы менен да, табияттын эволюциялык мыйзам ченемдери менен тынымсыз өзгөрүүлөргө дуушарланып, кээде өнүгүүнүн бийик чектерине жетсе, кээде кыйроого учурап талкаланып кеткенде сенейип катып калбай кайрадан жараткандын амири менен жандануу кирип чексиз ааламда өөдүк-сөөдүк жашоо сапарын кечире берет экен.
Кудай жараткан бул дүйнө өз стихиясы менен күү-шаа түшүп күргүштөп шоокум салып турат. Калганынын баары бул дүйнөдө келип кетер убактылуу жана опосуз көч.
Меңдибек Асылбеков











??.??