presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
"Artist Group" - кыялдардын өргөөсү...

Кайрат, Алманбет, Азамат деген үч жигит жаңы иш баштап, кыргыз элинин жакшылыктарында кызмат кылып, той ээлеринин кубанычына ортоктош бололу деген максатта "Artist Group" деген тойлорду тейлөөчү компания ачышыптыр. Бул балдардын баары жаш, окууну жаңы бүткөн жигиттер. Азыркы жумушсуздук күч алып турган маалда, арак ичип, тамеки чегип, көчө таптабай, элдин жакшылыгына кызмат кылууну максат кылган жигиттерди колдоп коюну туура таптык. Эгер той берип, ары- бери чуркагыңыз келбесе анда Азамат, Алманбет, Кайратка кайрылыңыздар. Сиздер тойго конок катары гана келесиздер. Болгон түйшүктү компания өз мойнуна алат.

Компания жөнүндө кыскача маалымыт
"Artist Group" - кыялдардын өргөөсү аттуу компания 2014-жылдын июль айында Алманбет Жапаров, Табаев Кайрат жана Аспеков Азамат деген жаш, таланттуу жигиттер тарабынан түзүлүп, учурда кызуу иштеп жаткан чагы. Бул компания тойго керектүү болгон бардык кызматтарды аркалайт. Той берем деп, бирок жумуштан бошобой, убактысы тар адамдар үчүн ыңгайлуу компания. Анткени компаниянын жигиттери той ээсинин убактысын үнөмдөөгө жардам берип, болгон милдетти өз моюндарына алышат. Тактап айтканда ресторан, кафелерди табуу, сүйлөшүү, тойго керектелүүчү азык- түлүктөрдөн тартып, кафелерди жасалгалоо иштерине чейин бүт баарын ишке ашырышат. Сиз болгону келип, көзөмөлдөп гана турасыз.
"Artist Groupтун" көрсөтө турган кызматтары...
1. Той башкарып, тойдун көркүн ачкан мыкты тамадаларды
2. Өмүр бою эсиңизде калып, кез-кези менен эстеп туруу үчүн тартылган видео, сүрөт кызматтарын. Булдардын баары заманбап технология менен эң жогорку сапатта тартылат.
3. Сапаттуу музыкалык аппаратура, мыкты ырдаган музыкант.
4. Кыргызстандагы белгилүү, мыкты ырчылар, куудулдар, кымча белдүү бийчилер сиздин тойдун көркүн ачат.
5. Каалаган адамдар үчүн чет өлкөдөн ырчылар да чакырылат.
6. Эң мыкты ресторандар
7. Ресторан, кафелерди жасалгалоо
8. Үйлөнүү үлпөт тою үчүн көз жоосун алган автоунаалар
9. Жар-жар айтуу, чачыла чачуу салттары
10. Слайд шоу, 10-15- мүнөттүк кыскача көрсөтүүлөрдү да тартышат.

Алдыдагы максаттар
Бул компаниянын дагы бир өзгөчөлүгү көрсөткөн кызматынын баары юридикалык негизде. Акчаны бергенде компания сизге чек жазып берип, кагаз түрүндө келишим түзүлүп кол коюлат. Баасы деле көп кымбат эмес. Сапатка басым өзгөчө жасалат. Кыскасы, той күнү сиздин көңүлүңүз чөгүп маанайыңыз бузулбайт деп ишендиришет Азамат, Кайрат жана Алманбет.
Ал эми компаниянын негизги максаты тамырын кенен жаюу. Башкача айтканда Бишкек шаары менен гана чектелбей бардык облустарда филиалдарын ачуу. Улуттук орнаменттер менен ресторандарды ачуу, унутта калып бара жаткан улуттук каада- салттарды көтөрүү болуп саналат.

Жаркынай Кадыркулова




Майрамдык "марш бросок"

Жалал-Абад ОИИБгы былтыркы жылдан бери өздүк курамдын күжүрмөндүүлүк даярдыгын чыңдоо, ынтымагын бекемдөө, жаштарга үлгү болуу максатында жакшы иш-чараларды белгилеп, күжүрмөндүүлүк аскердик жүрүш өткөрүлүп келүүдө.
Бүгүнкү белгиленген аскердик жүрүш "Мамлекетти бекемдөө жылына", "Эгемендүүлүктүн 23 жылдык мааракесине" жана "Кыргыз Милициясынын 90 жылдык юблейлик майрамына" карата арналды.
26-августта Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги "Мекеним менин - Кыргызстан!" аталыштагы чоң профилактикалык иш-чаралардын алкагында демилге көтөрүп, Кыргыз Республикасынын ИИМнин буйруктарынын жана көрсөтмөлөрүнүн негизинде милиция кызматкерлеринин күжүрмөндүүлүк даярдыгын чыңдоо максатында күжүрмөндүүлүк аскердик жүрүштү өткөрүп, ага Жалал-Абад ОИИБнын ШРИИБнөн өздүк курамдар жетекчилери менен, милициянын ардагерлери, элдик кошундар, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү,өрт өчүрүү кызматынын бөлүктөрү жана окуучулар ушул күнү саат таңкы 04.30да "тревога" белгиси менен көтөрүлүп, саат 06.00дө Бишкек-Ош жолунун Сузактын айлампа жолунда чогулушуп, Майлуу-Суу, Жалал-Абад ШИИБнүн, Ноокен, Базар-Коргон жана Сузак РИИБдөрүнөн 1000ге жакын адамдар катышышып, жетекчилери өздөрү баштап эмерек мүшөктөрү, өздүк табелдик ок атуучу куралдары менен 20 кг салмактагы жүктөрү менен салтанаттуу жүрүштү шаңдуу ыр менен Ош-Бишкек автожолунун Сузактын айлампасынан баштап, айрыкча 2010-жылдагы коогалаң окуяларын эске алуу менен улуттар аралык ынтымакты бузгандарга, радикалдык диний-экстремистерге каршы жана кылмыштуулуктун алдын алуу максатында Сузак, Жийде, Серное, Кара-Дарыя атайын маршруту тандалып, жалпысы 30 км ден ашык аралыкты Сузак районунун аймагындагы Кара-Дарыя участкасындагы ок атуучу полигонго чейин чуркап өтүштү.
Жалал-Абад ОИИБнын жетекчилиги жана бөлүмдөрдүн башчылары мындай күжүрмөндүүлүк жана спорттук даярдыктар боюнча көп деген иш-чараларды жыл башынан бери үзгүлтүксүз уюштуруп өткөрүшүп, өздөрүнүн кол алдындагы милиция кызматкерлери менен бирге чогуу чуркашып, милиция кызматкерлеринин күжүрмөндүүлүк даярдыгын жогорулатышууда.
Өлкөбүздөгү ички кээ бир саясий туруксуздук, экономикалык алсыздык эгемендүүлүктүн алгачкы күндөрүнөн баштап, бүгүнкү күнгө чейин чечилбеген чегара маселебиз, өзүбүздүн армиябыздын жетишсиздиги ички жана сырткы коркунучтарга каршы чеп болгон милициядан башка таянаар кимибиз бар эле - деген ой баарыбызда ойлондурат. Ошондуктан милициянын коомдогу орду жана өзгөчө милдеттери жүктөлгөндүгү, кызматкерлердин жоопкерчилигинин жогорулагандыгы замандын азыркы күндөгү талабы экени талашсыз.
Мындай машыгуулар милиция кызматкерлеринин жана өспүрүмдөрдүн өз ара ынтымагын чыңдап, бири-бирине болгон мамилелеринин биримдигин жакшыртып, чыдамдуулукка, кайраттуулукка, өз мекенин сүйүүгө жана мекенчилдикке тарбиялай турган иш-чаралар экени шексиз.
Чындыгында машыгууга катышышкан милиция кызматкерлеринин, ардагерлердин жана өспүрүм окуучулардын аскердик жүрүштөгү күжүрмөндүүлүк даярдыгына жүрөк жылыткан жакшы баа берип, "Мекеним менин-Кыргызстан!" аталыштагы долбоордун алкагындагы иш-чаралар дагы улантылмакчы.
Азамат Сыдыков










??.??