presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Асхат АКИБАЕВ,
"Ысык-Көл - Аврора" санаторийинин башчысы:
Көчмөндөр оюндары -
көп иштин башаты
- Асхат Акибаевич, жакында Көлдө "Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары" өткөнү турат. Жакшы иштин автору болууну көп киши каалайт эмеспи. Ошентсе да, бул иш-чаранын негизги демилгечиси сиз деп угабыз?
- Бул иш-чара ар кандай форматта көп жылдан бери сунушталып келе жатат. Көчмөндөр оюндарын ушул форматта көпчүлүккө жеткириш үчүн бир кишинин колунан эч нерсе келбейт. Бул жерде өтө чоң команда иштөөсү абзел. Албетте, идея айтып көп эле киши жүрдү. Бирок, аны ишке ашыруу үчүн чоң консепция керек. Анда Өкмөт баштап бардык тарап катышуусу зарыл. Бул долбоор тигинин же мунун долбоору эмес, Кыргызстандын долбоору. Кыргыз Республикасынын эгидасынын астында өтүп жатат.
- Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын башка өлкөлөр биринчилерден болуп өткөрүүгө кызыкдар болушса керек. Анын биздин өлкөдө өтүп калышы жол болуу эмеспи?
- Жок, бул долбоорду эң алгач Кыргызстан ар кандай форматта сунуштады. Экономикалык форумдарда чоң-чоң форматта айтылган, башка элдин президенттерине, Азиялык олимпиадалык Кеңештин президентине, ЮНЕСКОго сунушталган. Чынын айтыш керек, качан ал бышып жетилгенден кийин атаандаштык да башталды. Эки-үч өлкө биздин экономикабыз туруктуу, биз өткөрүшүбүз керек деп чыкты. Бирок, биз алгачкылардан болуп аны өткөрүүнү сунуштаганыбызды көп өлкө уккан. Андыктан, алар-ошол эле Турция, Азербайжан жана башка мамлекеттер:"Кыргызстан алгачкылардан болуп сунуштап, бардыгын даярдап алып келсе, эмнеге башка өлкөдө өтүшү керек",-деп бизди колдоп берди.
- Демилгечи, даярдыкты жанынан көрүп жүргөн киши катары айтыңызчы, иш-чаранын деңгээли кандай болот деп ойлойсуз?
- Учурда биз сунуштап жаткан көчмөндөр оюндарынын форматында өтүп жаткан көп иш-чаралар бар. Маселен, Венгрияда Түрк элдеринин курултайы өтүп жатат. Мен башка өлкөлөрдө өткөн мындай иш-чаралардын көбүнө катышкам. Ошонун барын көрүп келип биздин даярдыкты, жасап жаткан жумушубузду карасак, биз көп жагынан жакшы даярданып жатканыбызды айта кетишим керек. Эмне үчүн дегенде, башка жерлерде бир багытты эле көздөсө, биз фестивалга этно оюндарды кошуп жатабыз, дагы башка иш-чаралар бар. Биздин масштаб чоңурак.
- Мында спорттун канча түрү боюнча мелдештер болот?
- Башында биз беш түрүн сунуштаганбыз. Азыр мына 9 түрүндө өткөнү жатат. Андан башка улуттук оюндар көрсөтүлөт.Кыргызстан азыр дүйнө жүзүнө Дүйнөлүк этно оюндардын жаңы брендин алып чыкканы турат. Эми кийинки көчмөндөр оюндарын башка өлкөлөр бизде өткөрөбүз деген сунушту киргизишүүдө. Азыр кытай чыгыш күрөш искусствосун дүйнөлүк деңгээлге алып чыгууну сунуштап жатат. Кийинки жүз жылдыкта эч бир эл эч кандай маданий, руханий жаңылык алып келген жок. Биз болсо дүйнөлүк этно оюндарды сунуштоонун босогосунда турабыз. Бул спорттук эле түрүндө эмес, фестиваль түрүндө да өтөт. Маданий бөлүгү өтө жогорку деңгээлде болот деп ишенем, илимий бөлүгү да бар. Спорттук оюндар ипподромдо өтүп жатса, биздин фольклордук топтордун өнөрү, көчмөн саркечтери, этнохит, чет элден келген чыгармачыл топтордун конкурстары "Рух ордо" маданий комплексинде өтөт. Ошентип, бул иш-чара Ысык-Көл районунун регионун камтыйт. Биз муну менен жайкы сезон бүтүп калган учурда кайра туристтерди чакырып келгенге шарттарды түзүп жатабыз. Мен Белгиядан келгеним бир жума болду. Ал жерде да чоң иш-чара болду. Ошого 500 миң киши катышып жатат деп айтышты. Бизге да эки күндө ушунча киши келсе жаманбы. Азыр "Өкмөт көчмөндөр оюндарына көп акча бөлүп жатыптыр, анын ордуна балдарга китеп алса болмок" деген ойлор айтыла калып жүрөт. Мен бир мисал эле келтирейин, Турция башка өлкөлөрдөн туристтерди тартуу үчүн эле жарнамаларга 50 миллион доллар бөлөт экен. Бул күндөрү келген коноктор бери дегенде15-20 миллион сом калтырып кетсе жаманбы. Алар жатаканадан сырткары да тамак-аш, буюм-тайымдарды сатып алат, Ысык-Көлдү көрбөгөндөр анын кереметине суктанбай коё албайт. Бул бир жагынан туристтерди тарууга реклама да болот.
- Бизде сервис начар деп келебиз. Четтен келген коноктор ыразы болор бекен?
- Ар бир нерсе өз убактысы менен башталат экен. Базар экономикага өткөндөн бери биз тейлөө жагын унутта калтырып койгонбуз. Азыр сервисти өзүбүз оңдобосок, башкалар жасап бербесин баары эле түшүнүп калды. Жаңы курулуп жаткан обүектилерде эң алгач сервиске көңүл бөлүп жатат. Буга жеке эле эс алуу жайлары эмес, жалпы эл да көнүшү керек. Маданият, аң-сезимди өзгөртүүгө убакыт келди. Мен өз жумушчуларыма ушул маселени көп айтам. Биз ар бир келген конокко мамиле жасаганды үйрөнгөнүбүз оң. Турция, Тайландды карап көрөлүчү, туристтерге кандай мамиле жасайт. Бизде болсо анча-мынча оройлук бар. Бирок, биздин кыргыз элинин конок тосуу маданияты такыр башкача эле да. Келген конокко эң жакшы тамак-ашты калтырып койчу. Үйдө жок дебесин, мамиле бузулбасын, ниет бузулбасын деп, кабагым-кашым дебей жолоочуну мал союп коноктогон учурлар көп болгон. Азыр бул наркыбыздан алыстап калдык. Мен ушул жерде бир нерсени айткым келет, эмне үчүн биз он жылдык билим берүүдө окуучуга маданиятка үйрөтүп, бир кошумча билим бере албайбыз. Бир эле Ысык-Көл облусун алалычы, канча деген тейлөө сферасы бар. Бирок, ошол эле учурда жаштарыбыз эч билим албай четке кетүүдө. Андыктан, аларга орто билим менен бирге бир адистик берип, сертификат менен узатсак, балдардын өз жеринде иштеп кеткенине жакшы болор эле.
- Асхат Акибаевич, сиз көп долбоорлордун авторусуз. Ошонун арасында "Ысык-Көл спортчуларды даярдоонун дүйнөлүк борбору болушу керек" деген оюңузду угуп калдык, ушуга токтоло кетесизби.
- Туризм тармагында көп багыттар бар. Мен эң керектүү деп эсептеген үч тармакты айта кетейин. Биринчи медицина тармагы. Анан форум, андан соң спорт туризми. Азыр көп эс алуу жайлар эки ай пансионат катары жайында иштегиче санаторий катары жылы бою иштеген жакшы экенин түшүндү. "Аврора" жылы бою иштейт. Андыктан, дарылоо тармагын кошууга көбү аракет жасап жатат. Бара-бара бул системага баары өтөрүнө ишенем. Себеби, эки ай аба ырайы ыңгайлуу болушу да, болбошу да мүмкүн. Мен алгач Ысык-Көлдү дүйнөлүк медициналык борбор кылуу сунушум жөнүндө айта кетейин. Былтыр медициналык туризм боюнча Анкарада форум өттү. Биз ошол жерде өзүбүздүн обүектини сунуштап калдык. Мындай сунуш менен бизден башка үч өлкө кайрылыптыр. Аларга караганда биздин сунушту туура көрүштү.
- Кандай артыкчылык менен?
- Биздин климатыбыз-биздин артыкчылык. Көлдүн климаты операциядан кийинки учурда бат сакайып кетүүгө эң ыңгайлуу климат. Көл кышы тоңбойт. Туздуу болгон үчүн эле эмес, анын айланасында көптөгөн ысык булактар бар. Анан ошонун баары тең дарылык касиетке ээ. Биз көлдүн ушул касиетин айттык. Ошондуктан, башка өлкөлөрдүн сунушу өтпөй, биздин сунуш өттү. Учурда "Аврорада" урологиялык борбор ачуу планым бар. Мен азыр кымбат, сапаттуу туризм жөнүндө айтып жатам. Кыргызстан дүйнө жүзүндө бөксө тоолуу деңиз климатына ээ өлкө. Албетте, Казакстанда, Россияда, Армения, Кытайда, Кенияда, көп өлкөлөрдө бөксө тоолор бар. Бирок, 1500 метр бийиктикте мындай чоң көл эч жерде жок. Ысык-Көл эң чоң, терең тоо көлү болуп эсептелет. 340 чакырым көлдүн бети жумшак деңиз климатын түзөт. Бул спортчулардын адаптациясы кыска убакыт болорун айтат. Башка бардык жерде спортчу 3 күндөн кийин климатка көнөт. Бизде болсо, биринчи күнү эле көнүп, экинчи күн дегенде машыгуусун баштайт. Мындай шарт дүйнө жүзүндө жок. Эмнеге дүйнөдө жалгыз ушундай шартка ээ болуп туруп бул тармакты өнүктүрө албайбыз. Мен ошондуктан, жогорудагы долбоорлорду кокпой сунуштайм. Сиз кандай ойлойсуз, Ысык-Көл канча олимпиадалык Европа, Азия чемпиондорун даярдаган?
- Чынын айтсам, билбейт экемин, канча?
- Бул статистиканы эч ким алып жүргөн эмес. Бирок, Кыргызстан эң көп спортчуларды даярдаган лидерге кирет. Совет учурунда деле спртчулар бизде машыккан. Россия, Казакстандан чыккан чемпиондордун дээрлик баардыгы ушу жерде машыгат. Азыр көп спортчулар бизде машыкканын айтып калды. Бирок, кай бири улуттук кызыкчылыгын коргоп айтпайт. Аны ким айтат, биз айтышыбыз керек. Лондон олимпиадасында Казакстандан бизде машыккан чемпиондор жеңүүчү болгонун сүйүнчүлөп жатты. "Мен Ысык-Көл спортчулар машыккан дүйнөлүк борбор болушун каалайм" деген жөн эле сөз эмес, Ысык-Көл - азыр да борбор.
- Долбоорлорду жаратууда идеяны кайдан аласыз?
- Идея тажрыйбадан улам жаралат. Канчалаган фестивалдар, оюндарды, элчилик менен иш-чараларды өткөрдүк. Биз ошолордон кийин Кыргызстан андан чоң дүйнөлүк бренддерге чыга аларын түшүндүк. Адамдын жашы 40тан ашып калгандан кийин көп нерсени салыштырып, таразалап, турмуштан тажырыйба топтойт болуш керек. "Всё великое начинается с малого". Чоң ишти баштоодон коркпош керек. Дүйнөлүк олимпиада оюну үч спорттун түрүнөн, үч өлкөнүн катышуусунда башталбады беле. Көчмөндөр оюндарында 800 кишилик ипподром 7000 кишилик болуп чоңоюп жатат. Бул эми уникалдуу аянтча болуп калды. Эмки жылы музыкалык аянтча катары да иштесе болот. Маселен, учурда Орто Азияда чоң музыкалык аянтча жок. Мында жакшы музыкалык фестивалдарды өткөрсө болот. Менин жогоруда форум туризми жөнүндө идеям ушуга үндөшүп кетет.
Маектешкен:
Жумагүл БАРКТАБАСОВА











??.??