presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



 Жомоктор

 Аяндуу түштөр

Кыргыз гезиттер
Айгерим Расул кызы, ырчы:
"Тойго даярдык көрүп, уйку жок"

Өткөн жумада Расул Маматкулов үйүндө жакындарын, жакшы санаалаштарын чакырып ак өргөөсүнө жана кыз узатуу тоюн берди. Тойго үй ээсинин кубанычын тең бөлүшкөн жакындары, достору, бир катар чыгармачыл адамдар келип жакшы каалоо тилектерин айтышып баталарын берип кетишти. Ал эми Айгеримдин той-концертине 2 гана күн калды. Кадимки кыргыз салты менен өтө турган тойго даярдык кандай экендигин билүү максатында келген конокторду тосуп, каалоо- тилектерине ыраазычылык билдирип жаткан Айгеримге суроо узаттык.

- Айгерим, той кут болсун. 31- августка аз гана убакыт калды даярдык кандай?
- Рахмат. Бүгүн үйдө той болуп абдан толкунданып, кубанып турабыз. Кудай буюрса, тоюбуз жакшы өтүп жатат. Менимче, 31-августтагы той да жакшы болот деп ишенип турам. Даярдыктар абдан жакшы. Уйку жок. Колдон келген мүмкүнчүлүктү жумшап жатабыз. Буга чейин айткандай, ал күнү кыргыз элим кыргыздын кыз узатуудагы бардык каада- салтына күбө боло алат.
- Мындай той-концертти биринчилерден болуп берип жатасың. Идея кимден чыкты эле?
- Баарыбыз кеңешип, кандай кылсак деп ойлонуп жатканыбызда апам "Сен элдин кызы болуп калдың. Кыз узатуу тоюна күйөрмандарың да күбө болуп, батасын берсин" деген оюн айтты. Баарыбызга жакты. Макул болдук.
- Мындан ары кыз узатуу концертин стадиондо берүү модага айланып кетиши мүмкүнбү?
- Мүмкүн. Бирок стадионго концерт берүү, болгондо да кыз узатуу концерттин берүү ар кимдин эле колунан келе бербейт. Ал үчүн тажрыйба керек. Буга чейин мен Ошто, борбордо концерт берип келгем. Андыктан чочулоо жок.
- Кыз узатуу тойлору болгон сайын эми ата-энемдин жанынан алыс кетем деп сарсанаа болуп жатсаң керек?
- Ооба, күн өткөн сайын кантип ата-энемден алыстайм деп санаа тартып жатам. Бир чети бул мага түш сыяктуу сезилип жатат. Ата- энемдин жанынан кетериме азыр деле ишене албай турам. Бирок бул чындык.
- Ата- энең кандай абалда болуп жатат?
- Алар мени аяшып, уктап алчы, эс ал деп эле көзүмдү карашып, мага көрсөтпөй көз жаштарын сүртүп жаткандарын байкап калып жатам. Азыр аларга да аябай оор. Анткени биз дайыма чогу жүрүп абдан көнүп калыптырбыз.
- Эми чыгармачылыгың кантет?
- Кайын- журттум мени абдан түшүнүшөт жана колдошот. Жолдошум да каршы эмес. Андыктан ырдай берем. Ал эми кино жаатында болсо, жеңил ролдорду аткаргым келбей калды. Жакшы тасма болсо же кийинчерээк өзүм сценарий жазып тартылам го.











??.??





??.??