presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Токон Мамытов "Кыргызалтын" ААКунун башчысы:
"Бирөөнү камаганга, же кармаганга укугум жок"
- "Кыргызалтынга" тийиштүү Казармандагы Макмал алтын комбинатынын кызматкерин Бостериден уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү салык салып, катуу сабашыптыр. Сабалган жигиттин атасы ЖМК беттерине "Мамытов ОПГларга каршы эч нерсе кыла албайм, ИИМге кайрыл деп койду" - деген мааниде маектерин берип атат. Окуя боюнча Сиздин пикириңизди уксак?
- Ал күнү эс алуу күнү болчу. Кечке жуук орун басарым телефон чалып, окуяны айтып берди. "Макмалдагы кызматкерибизди Бостериден балдар сабап коюшуптур. Атасы кайрылып атат" -деп. Мен дароо эле "ким экен, эмне болуптур, жардам бергиле" - деп тапшырма бердим. Биз тараптан Министр Суранчиевге маалымат берип сүйлөшүлдү. Көп өтпөй кечки саат 9-10дордо менин чөнтөк телефонума баланын атасы өзү чалды. Орун басарым айтып берген окуяны баштан ал кайталап берди. Мен унчукпай уктум дагы, Ички иштер министрлигине кайрылып сүйлөшкөнүбүздү айткам. Башка эч кандай сөз болгон эмес. "Макул жардам берелик, ИИМге кайрылдык, силер дагы арыз жазып койгула" - дедим. Бир чети бул адамды деле туура түшүнүп атам. Баласы үчүн жаны кейип атат да. Биринчи күнү "Кыргызалтындан" барып көрүп келишти. Чын эле катуу сабап коюшуптур. Бирок жанагыдай туура эмес сөздөрдү айтпаса болмок. Эми муну өзүнүн абийирине койдум. Анын үстүнө окуя Бостериде болуптур, тиги жигит эмгек өргүүсүндө болчу экен. Иш учурунда тигилер кол салса анда башка кеп эле. Бирөөнү сабаган ОПГсы болобу башкасы болобу аларды кармап келип, камагыдай менин ыйгарым укугум жок да. "ИИМге айттык, жакшылап иликтеп, сабаган, салык салгандарга чара көргүлө" деп кайрылдык, андан башка эмне кылышыбыз керек? "Кыргызалтын" тергөө өткөрүп, сурак жүргүзө албайт да.
- ОПГ демекчи, ИИМ кечээ жакында жергиликтүү жана Жогорку Кеңештеги криминал менен байланышы бар депутаттардын тизмесин жарыя кылды. Арасында бир кездеги партиялашыңыз, ЖКдагы мурдагы кесиптешиңиз Бакыт Жетигеновдун дагы ысымы бар экен.
- Бакыт Жетигенов менен кесиптеш гана эмес, бир фракциянын депутаты катары жекече мамилем да бар. Бул жигитти мен жакшы билем. Түз жүргөн жөнөкөй эле жигит. Эмнеге таянып бул тизмеге кошконун чынында түшүнгөн жокмун. Окуучулук, кийинки студенттик күндөрүндө жигиттердин баары эле мушташат эмеспи. Балким ошол кезде шок жигит болсо керек. Биз деле жаш кезде кээде таяктасак, кээде таяк жеп эле чоңойгонбуз. Билесиз го, Балыкчыда тентектер көп эмеспи. Элдин баарын эле ОПГ деген туура эмес. Айныгыс фактыларды алдына таштап туруп, "Сен ОПГсың" десе го башка кеп. Негизи жок эле жерден адамды айыптай берген болбойт да. Мыйзам алдында да туура эмес.
- "Кыргызалтындын" бир топ кызматкери укук коргоо органдарына сурак берип атканы боюнча да кененирээк токтоло кетсеңиз?
- "Кыргызалтында", анын структураларында буга чейин көп мыйзам бузуулар болуптур. Бизде ички көзөмөл-ревизиялык орган, ички аудит деген бар да. Ошолор тээ жыл башынан бери ошол эле өндүрүштө, каржы жагында, сатып алуулар жагында бир топ кемчиликтерди таап чыгыптыр. Актылар түзүлүптүр. Миллиондогон сомдордун изи жок. Мунун баарын башкармалыктын алдына алып чыгып, күнөөлүүлөрдү аныктап, жазасын беришибиз керек эле. Бирок белгисиз бир себептерден улам мунун баары айтылбай, чогула бериптир. "Мурдагы жетекчилик жакшы көңүл бурбай койду. Сиз карап бериңиз"-деп ревизиялык комиссиядагылар кайрылган да материалдарды шашпай карап чыктым. Чынында терс көрүнүштөр көп чыкты. Башкармалыктын алдына алып чыгып, чогуу талкуулап, 15дей кишиге сөгүш жарыялап, 5-6 кишиге эскертүү бердик. Баш-аягы 9 факты бар экен. Баардыгын укук коргоо органдарына өткөрүп бердик. Учурда 50дөн ашык кызматкерибиз сурак берип жүрүшөт. Тергөө иштеринин жыйынтыгын күтүп атабыз. Укук коргоо органдары жакшылап иликтеп, жардам берсе экен деп атабыз.
Маектешкен
Эрнис Балбаков














??.??