"ТОП.kg'нин" II Кобогун Дордой базарынын ишкерлери жеңишти
23-24-август күндөрү Бишкекте жети облустун башын бириктирген футбол сүйүүчүлөр арасында "ТОП.kg'нин" II Кубогу болуп өттү. Чемпиондук үчүн облустардан келген жана Бишкектен жалпы 8 команда ат салышты.

Алар:
1. ЭлТР жана КТРК телеканалдарынын курама командасы
2. "Сүлүктү-Шахтёр" (Баткен облусу)
3. "Кочкор" (Нарын облусу)
4. "Байтик" (Чүй облусу)
5. "Атай" (Талас облусу)
6. "Ысык-Көл" (Ысык-Көл облусу)
7. "Дордой-Профсоюз" (Бишкек)
8. "Шоу-бизнес" (Бишкек)

Мелдештин жеңүүчүсү болуп "Дордой-Профсоюз" командасы (Бишкек) табылды. Экинчи орунду "Байтик" командасы (Чүй облусу) ээлесе, үчүнчү орунду Нарын облусун көрсөткөн "Кочкор" командасы алды. Ошондой эле 4-орунга Баткен облусунан келген "Сүлүктү-Шахтер" командасы жазылды.
Республикалык деңгээлде өткөн турнирдин 3-орун үчүн жана финалдык оюндары Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы (мурдагы "Спартак") стадионунда өттү.
Мелдеш КР өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик дене тарбия жана спорт агенттигинин, КРнын Футбол федерациясынын, Республикалык "Эмгек резерви" дене тарбия жана жана спорт борборунун жана "Дордой" спорт комплексинин колдоосу астында уюштурулду.
Жеңүүчү болгон командалар кубок жана медалдар менен сыйланышты. Андан тышкары, мелдештин "Мыкты дарбазачы", "Мыкты коргоочу", "Мыкты жарым коргоочу", "Мыкты чабуулчу", "Мыкты бомбардир" жана "Мелдештин мыкты оюнчусу" аталмалары боюнча мыктылары тандалып, дипломдор берилди.

"Мыкты дарбазачы" - Бекзат Баялиев ("Дордой-Профсоюз")
"Мыкты коргоочу" - Арзыбек Полотов ("Сүлүктү-Шахтер")
"Мыкты жарым коргоочу" - Бегиш ("Шоу-бизнес")
"Мыкты чабуулчу" - Саламат Самсалиев ("Байтик")
"Мыкты бомбардир" - Аскар Токтокожоев ("Кочкор")
"Мелдештин мыкты оюнчусу" - Жакшылык Каныбеков ("Дордой-Профсоюз")

Уюштуруучулар билдиришкендей, "ТОП.kg'нин" Кубогу өлкөдө сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу жана атамекендик спорттун өнүгүшүнө салым кошуу жана футбол сүйүүчүлөрүн колдоо максатында өткөрүлүүдө. Алардын айтымында, футбол боюнча мелдешти өлкөнүн бардык ири шаарларында өткөрүү пландалган. Быйыл кышында биринчи жолу "Жылдын мыкты спортчулары-2014" салтанаты өткөрүлөт. Анда спорттун ар бир түрү боюнча мыктылар аныкталып, сыйлыктар тапшырылат.
"ТОП.kg" бардык облустардын башын бириктирди, эми мындан ары колдоп, өнүктүрүп кетүү өзүбүздүн колубузда. Бул жакшы идея. Муну токтотпой, буюрса, өткөрө беришибиз керек. Эми мындан кийин ТОП.kg'нин Кубогун күтмөй болуп калдык", - деп белгилешти турнирге катышкан командалардын оюнчулары.