Саясат деген биякта...
Академик Абдылдажан Акматалиев:
"Мамлекеттүүлүк ар бир атуулдан башталат"
- Быйыл Кыргыз мамлекетин чыңдоо жөнүндө Президентибиз элибизге кайрылды. Ушул жарыяны атуул катары кандай кабыл алдың?
- Ар бир кыргызстандык атуул Президенттин Указын өзүнө түздөн-түз тиешелүү катары кабыл алышы керек деп ойлойм. Анткени, мамлекетибиздин келечеги - биздин келечек, ошондуктан өлкөнүн тагдырына эч ким кайдыгер боло албайт. Мен дагы мамлекетибиздин тагдырына кайдыгер боло албайм. Бирок, Президенттин кайрылуусун убактылуу бир жылдык деп кабыл албашыбыз керек, мындан ары да мамлекетибиз үчүн жоопкерчиликтүү болууга милдеттүүбүз. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы БУУнун 2002-жылдагы 57 сессиясында кабыл алынып, майрамдадык эле. Бирок, ошондон бери мамлекеттүүлүктү чыңдоону көз жаздымыбызда калтырып келбедикпи! Айрымдар "мамлекет бир эле Ак үйдөгү же Көк үйдөгү чиновниктерге керек, ошолор ойлонсун" деп жаңылышат да, мамлекетибиздин саясаты, экономикасы, маданияты, илим, билими эмне болуп жаткандарына дегеле иши жок, кол шилтеп коюшат. Ар бир атуулдун нукура саясатчы болушунун зарылдыгы жок, бирок мамлекетибиздин ички жана тышкы иштерине өзүнүн активдүү позициясын көрсөтүшү зарыл.
- Активдүү позиция десең дароо эле жолдорду бууп, митингдерди уюштуруу, ачкачылык жарыялоо деп түшүнүп калышпайбы?
- Жок, андай мааниде деп ойлобош керек. Активдүү позицияны теле-радиодон, басма сөз беттеринен, жыйындардан көрсөтүп, жалпы коомчулукка көз карашын адис катары ачык-айкын билдирүү туура болчудай. Азыр Бажы союзуна кирүү же болбосо, "Кумтөр" маселеси тууралуу сөз болсо эле ал проблема жөнүндө эч бир түшүнүгү жоктор сүйлөп, жазып жатышат. Алар коомчулуктун башын айландырууда. Мен мындайларга каршымын. Теле-радиосу болобу, басма сөзү болобу, расмий жолугуштар болобу адистерге гана укук бериш керек. Бул цензура эмес, бир багытты же көз карашты тактоого мүмкүндүк берет. Болбосо, мамлекеттин тигил же бул маселесине кийлигише берген популисттер өтө көбөйүп кетиши коомчулукту катуу тынчсыздандырууда. Азыркы учурда кайсы проблеманы албайлы башаламан, жыйынтыгы жок, чаржайыт болушу чыныгы адистерге таянуу жок болуп жаткандыгында. Мамлекеттик ишке дегеле тиешеси жоктор кийлигишип жатса, мамлекеттик ишке жердешчилик, тууган-туушкандык, жоро-жолдоштор, капчыктуулар тартылып жатса, бийликтин бутактарындагы кызматтар көз көрүнө сатылып жатса, анан да ал тармакты түшүнө кирбеген бирөө башкарып жатса, мамлекетибиз кантип чыңдалат да, кантип корголот да, кантип гүлдөп-өсөт.
- Биз деле, басма сөз кызматкерлери "адистерди тандагыла, кадрлар туура эмес дайындалып калды, коррупционерлерди дагы жеп-иче турган майлуу-сүттүү жерге коюп жатасыңар" деп жер тепкилеп, кыйкырып-өкүрүп жазып жатабыз, бирок бир майнап чыкканын көрө элекмин.
- Басма сөздүн күчү, таасири жок болуп жатканын көрүп жатабыз. Сен бирөөнү коррупционер катары ынанымдуу фактылар менен далилдеп жазсаң, экинчи бир газета аны Кыргызстандын "Баатыры" катары көрсөтүп, андай адам дүйнөдө экөө болсо - бирөө, бирөө болсо - жалгыз өзү деп көрсөтүп жатпайбы. Коомчулук анан кимге ишенет? Анын үстүнө азыр ар бир газетанын өзүнүн окурманы пайда болду. Эгерде, биринчиден, бардык басма сөздөр, теле-радиолор чындык, акыйкат үчүн бир позициядан туруп берсе, экинчиден, кээ учурларда "заказной" макала-тапшырмаларды аткарышпаса, үчүнчүдөн, аныгына жетмейинче макаланы жарыялабаса ким коррупционер, ким таза коомдо ак менен карадай бөлүнүп калмак. Кээде ак, таза адам да айрымдардын арамдыгынан айыпка жыгылып, күнөөгө батып, караланып калып жатпайбы! Мына ушундай учурда басма сөз ушак-айыңдан бийик болуп турса, мамлекетибизге чоң пайдасы тиер эле. Оппозициясы да, позициясы да Чындыкты, Акыйкатты, Адилетти бурмалабай жазса коомубузда идеология өзүнөн өзү келип чыгат эле.
- Идеология жазышыбыз керек деп, окумуштуулар баш болуп, саясатчылар төш болуп жыйырма жылдан бери эле келе жатабыз го?..
- Идеология турмуштан келип чыгат. Аны Ак үйдөн же Көк үйдөн түшүрүүгө болбойт. Идеологиясыз мамлекет мамлекет эмес, биздин аң-сезимибизди Батыштык идеология маңкурттукка айландырып жатканын коомубузда байкап, керек болсо көрүп келе жатпайбызбы. Ага каршы туруштук берүүнүн жол-жобосу турмуштук зарылдыктан чыгып турат, бирок биз жеңил-желпиге көнүп калганбыз. Советтик мезгилдеги идеологиянын жакшы жактарын өнүктүрүп кетсек болот эле го! Бизден улуу муун, биз үчүн советтик мектеп кайсы жагынан болбосун үлгүлүү болчу, биздин аң-сезимибизге, жан дүйнөбүзгө жакын болчу. Анан биз бир күндө эле советтик идеологиянын жакшы-жаманын ылгабай туруп эле чийип салдык, кутулганга шаштык да. Менимче, утканыбыздан уттурганыбыз көп болду, кийинки муунду традиция болуп калган көз карашка сала алганыбыз жок, жүз сексен градуска бурулдук да, ээн талаага, эрме чөлгө туш келдик. Биз азыркы жаштарды күнөөлөгөндөн мурун өзүбүздүн жоопкерчилигибизди сезишибиз керек болчу. Мамлекетти коргоодогу, чыңдоодогу союздук тажрыйбаны эми четке калтырбашыбыз керек. Өзүң билесиң, башкасын айтпаганда эле Улуу Ата Мекендик согуш учурунда фашисттик Германияга каршы Мамлекет үчүн канчалаган кыргыз уландары өздөрүнүн каалоосу менен фронтко аттанып, мамлекет үчүн көкүрөктөрүн окко тосушпады! Патриоттук сезим совет мезгилинде күчтүү болчу. Мына Чоң-Чүй каналы, Боом жолу бизге мамлекет үчүн кан-жанын аябаган улуу муундан калган. Алар өздөрүнүн пайдасы үчүн эмес, эл, коом үчүн күн-түн иштешкен. Азыр ойлоп көрчү азыр мамлекет үчүн ошондой патриоттук сезим, жалын барбы? Биз азыр патриоттук сезимди кыргыздар үчүн гана эмес, кыргызстандыктар үчүн ойготушубуз керек. Мамлекеттен анан мамлекеттүүлүк келип чыгат.
- Мамлекеттин саясаты, экономикасы, идеологиясы, символу, эли-жери сыяктуу критерийлери бар эмеспи. А мамлекетттүүлүк буларды камтыйбы?
- Мамлекет менен мамлекеттүүлүк мындай караганда жалпысынан бирдей эле түшүнүктү камтып турат. Бирок, менимче, мамлекетттүүлүк мамлекеттен кеңири түшүнүктөй сезилет. Мамлекет дегенде бир тараптуу саясий система жакка ооп кеткендей, а мамлекеттүүлүк дегенде жалпы, бүткүл жашоо-тиричиликти камтыгандай. Бүгүнкү күндө мамлекеттүүлүк проблемасы абстракттуу түшүнүк эмес, ал гуманитардык илимдин бардык тармактарында - тил, адабият, тарых, философия, социология ж.б. аспектиден изилдене турган жаңы илимий проблема болуп турат. "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келип чыгышы, салттары жана келечеги", "Жаңы суверендүү мамлекеттүүлүктүн калыптанышы", "Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн цивилизациялык өнүгүүнүн контекстинде", "Мамлекеттик тилдин мамлекеттүүлүктү өнүктүрүүдөгү орду жана ролу", "Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн "Манас" ж.б. эпосторунда, төкмө ырчылыкта жана акын-жазуучулардын чыгармаларында чагылдырылышы" сыяктуу изилдөөлөрдү жүргүзсө эмне үчүн болбосун?!
- Илимдер академиясы совет мезгилинен тартып эле тарых боюнча фундаменталдуу эмгек бере электиги тууралуу сөз болуп келе жатат, деги качан коомчулук такталган академиялык тарыхка ээ болот?
- Тарыхты жазуу оңой эмес. Тарыхтын өзү жандуу процесс эмеспи! Биз тарыхты катылып калган сенек катары көрөбүз. Тарыхка байланыштуу материалдар, окуялар улам жаңы табылгалар менен байып турат, мурдагы көз караштарды кийинки көз караштар жокко чыгарат. Мисалы, бир кездеги басмачылар эл, жер үчүн күрөшкөн баатырлар болуп чыга келди. Ушундан улам тарых өзгөрүлмө касиетке ээ.
Мына советтик мезгилдеги тарыхты жокко чыгардык, 1991-жылдан 2005-жылга чейинки тарых, кайрадан өз ордун тапкан жок, 2010-жылдан кийин мурункусун чийип салдык. Ушинтип кете берсек тарыхыбыз дегеле жазылбайт. Ооба, тактала турганды тактап, бурмалаганды оңдоп койсок болот. Ал эми бардык эле тарыхыбызды жокко чыгара берсек, жаңыдан ак барактан жазабыз дей берсек, элибиз тарыхы жок болуп калбайбы?! Тарых ким биринчи секретарь, ким президент болгон сайын өзгөрүлө берчү оюнчук эмес. Тарыхты эл жаратат. Тарыхы жок эл болбойт! Мамлекеттүүлүктү чыңдоодо тарыхтын ролу зор. Ошондуктан азыр Тарых институтунун коллективи башка окумуштуулар менен бирдикте "Кыргыз тарыхынын" 3 томдугун кыргыз тилинде жазып бүтүп калышты. Өзүң билесиң, совет учурунда орус тилинде 3 томдук чыккан. Негизи бар. Бирок, жаңы объективдүү көз караштар, ойлор, табылгалар, фактылар менен тереңдетилгенин кубаттоого болот. Мамлекеттүүлүктү чыңдоодо гуманитардык илим, рухий маданият чоң мааниге ээ. Адам баласынын жан дүйнөсүнүн тазалыгы мамлекеттүүлүккө өтө керек.
- Тарыхты азыр адис окумуштуулар эмес, ким кааласа жаза баштабадыбы? Буга кандай дейсиң?
- Элибизде макал бар эмеспи: "Чымчыкты сойсо да касапчы сойсун" деген. Анын сыңарындай, адистер гана жазышы керек. Ал эми тарыхты санжыранын гана негизинде жазууга болбойт. Албетте, санжыра, оозеки чыгармачылыктын үлгүлөрү тарыхка пайдасы бар, бирок аны накта илимий булак, жападан жалгыз объективдүү материал катары кароого болбойт. Дегеле санжыралардын өзүндө карама-каршылык, чаржайыттуулук көп, ар бир уруу өзүн гана асманга көкөлөтөт эмеспи!
- Азыр мамлекетти чыңдоодо дал ушул уруулар гана чоң роль ойнойт деп жатышпайбы?
- Биз азыр кайсы коомдо жашап жатабыз, бир кылчайып карап койбойбузбу? XXI кылым, космос доору... Уруулар ата-тегибизди билүү үчүн, турмуш-тиричилик, туугандык, үй-бүлөлүк катыш, сыйлоо, урматтоо үчүн керектир. Бирок, мамлекеттүүлүк ишке уруучулукту сүйрөп кирүүгө түшүнбөйм. Андай болсо кайрадан урууларыбыз турган жерлерге ар бирибиз көчүп барып, өзүнчө мамлекет түзүп албайлыбы? Же ар бир уруу хандык шайлап албайлыбы? Кыргызстан Эгемендүүлүк алгандан кийинки эң мүчүлүшүбүз саясатыбызда, жашоо-турмушубузда феодалдык коомго карай багыт алуу болуп жатат. Президенттик, парламенттик шайлоолор жакындаганда гана уруучулук сүрүштүрүү күч алууда.
- Министрлер, депутаттар, чиновниктер сөз жүзүндө каршы болгону менен иш жүзүндө тескери жасап жатышпайбы! Уруучулукту колдобосо ата-тегин билбеген маңкурт дешет да!
- Эми туура түшүнүү керек. Уруучулукту колдоо же колдобоо маселе эмес. Негизи бардык уруулардын жалпы жакшы мүнөздөмөсү бар, алардын жакшы касиет, сапат жактарын бир чогултууга, жайылтууга эмне үчүн болбосун!
- Тарыхый чыгармалар өтө көп жазылып кетти, ар бир уруунун, ар бир кокту-колоттун биз укпаган баатырлары жаралып жатат, алардын образдары көркөм чыгармаларда гана эмес, окуу китептеринен орун алып жатат.
- Сөзүңдө калет жок. Ал баатырлар качан, кантип чыкканы жөнүндө так маалыматтар жок. Ал гана эмес ысымдарын санжыралардан да кездештире албайсың. Болуптур көркөм чыгармаларда калемгердин фантазиясы дейли, а окуу китептери менен окуу куралдарына киргизүүнүн эч зарылдыгы жок. Ушул жерден авторлордун жоопкерсиздиктерин көрүүгө болот. Ким автор болсо ал сөзсүз жакынына тартып, киргизип, кеңири орун, керек болсо сүрөттөрүн берип жатат. Тарыхый инсандарды тарыхка жайгаштырууда субъективдүүлүк басымдуулук кылууда. Анын үстүнө бир автор, мисалы Ормон хандын жалаң эле тескери жагын жазса, бир автор аны көкөлөтө мактайт. Ушул эле сыяктуу көрүнүш Курманжан датка, Шабдан баатыр, Балбай баатыр, Боронбай бий, Жантай хан, Жангарач бий, Байтик баатыр, Алымкул даткаларда да көрүнөт. Өзгөчө тарыхчылар өтө этият мамиле кылуулары керек. Менимче, кийинки муунга алардын кемчиликтери жөнүндө эмес, эл-жер үчүн кызмат кылган эмгектерин даңазаласак туура болот. Аларды бири-бирине каршы коюу менен биз кайра эл ичиндеги ынтымакка жете албайбыз, мамлекеттүүлүгүбүздү чыңдай албайбыз. Ошондуктан, окумуштуулардын мамлекеттүүлүктү чыңдоодогу ролу зор деп эсептейм.
- Өзүң жогоруда сөз кылгандай, мамлекеттик тилдин да таасири чоң болсо керек?
- Мамлекеттин территориясынын кенендиги, элинин санынын көптүгү сыяктуу көрүнүштөр мамлекеттүүлүктү айкындабайт. Мамлекеттүүлүк - коомдун сапаттык мүнөздөмөсү. Эми тилге келсек, ал да көз карандысыздыктын бир атрибуту, символу. Кыргыз тили Кыргызстанда жашаган улуттар менен элдерди бириктирүү функциясын аткарышы керек. Башка улуттар түшүнүүсү зарыл. Анын орду да, ролу да зор. Мамлекеттүүлүгүн чыңдоого кыргыздар гана эмес, бардык кыргызстандыктар жан дили менен берилип, аракет кылуусу керек. Мамлекеттүүлүктү чыңдоо жеке эле саясатчылардын иши эмес, бул жалпы элдик иш. Ошондуктан, ар бир атуул өзүнүн салымын кошушу керек. Ал митинг өткөрүү, жыйын куруу, макала жазуу, маек берүү, теле-радиодо сүйлөө, лекция окуу эмес, ал коомго, элге керектүү колдон келген конкреттүү эмгекти арноо, жасоо. Ар бир атуул өзүнө таандык ишти так, айкын аткарса, жеп-ичпесе, алдабаса, калп айтпаса, жулунбаса ж.б. Мамлекетти чыңдоо дегендик десе эле эрдик кылууну түшүнбөө керек, ал жашоо-тиричилигибизден, ишибизден, жан дүйнөбүздөн, жүрүм-турумубуздан башталат. "С чего начинается Родина" деген орустарда жакшы ыр бар:

С чего начинается Родина
С картинки в твоем букваре
С хороших и верных товарищей
живущих в соседнем дворе.

А может она начинается
С той песни что пела нам мать
С того что в любых испытаниях,
У нас никому не отнять.

Болбосо, Алыкулдун "Ата-Журтун" эстейличи:
Жылуу кийин, жолуң кыйын үшүүрсүң,
Кыш да катуу, бороон улуп, кар уруп.
Бүт дартыңды өз мойнума алайын
Сен ооруба, мен ооруюн Ата-Журт.
Мына ушул саптар Мамлекеттүүлүктү чыңдоого ураан болуп турат. Крыловдун тамсилиндей, ар кайсы жакка мамлекетти чоюу, тартуу, талашуу менен убара болбой, бир максатта алдыга умтулуу, Батыштык модель, Чыгыштык модель дебей өз ордубузду табуу.
- Адабиятыбыз саясатка, саясатыбыз адабиятка аралашып кеткен жокпу?
- Адабияттын өзү да идеологиянын бир үзүмү. Бирок, адабиятыбыз эл каалаган,турмуш-тиричиликке, жашообузга зарыл, керектүү боло албай жатат. Канчалык идеологиядан адабиятты алып таштабайлы, канчалык ага тиешеси жок дебейли - баары бир адамдардын аң-сезимине таасирин тийгизет, а мунун өзү билинбеген идеологиянын көрүнүш эмеспи! Жазуучуларыбыз совет мезгилиндеги идеология бизди рамкалап, тушап салды, жакшы чыгармаларды жаза албай калдык дешээр эле. Эми окурмандар күтүп жатышат, күтүп эле жатышат. Жыйырма үч жыл өттү. А 20-30-жылдары сабатын жаңы эле жойгондор мезгилине жараша романдарды жазып салышкан эмес беле?! Адабиятыбыздын ал-абалын бүгүн мактаныч менен сөз кылууга убакыт келе элек.
- Маегиңе рахмат!
Маектешкен
Баратбай АРАКЕЕВ