presskg.com Архив Редакции газет Кыргызстана Кыргыз эл макалдары Zaman Кыргызстан Агым 1 Агым 2 Айыл деми Алиби Асман пресс Азия news Арена kg Фабула Кереге kg Кыргызстан маданияты Көк Асаба Кутбилим Леди kg Майдан.kg Кыргыз туусу Учур Айгай kg Аалам С.С.С.Р Эл турмушу Эл сөзү Добулбас kg Айкын саясат Ачык саясат Майдан kg Адилет press Жалал-абад үнү Тарыхый мурас Обон Кыргыз руху Diezel Айыл өкмөтү Нур Эл De факто Жаңы кылым Апта Бишкек таймс Назар Энесай Эркинтоо Нур реклама Айат пресс Адилет пресс Лозунг Кабар



Кыргыз гезиттер
Амал издеген аткаминерлер
Камала тургандардын алды болушу керек эле...
Мурунку Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев "Азаттыкка" өзүнүн ишмердүүлүгү тууралуу жана өзү жетектеп турган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча дирекциядагы дайыны чыкпай калган 6 миллиард сом тууралуу маек берип, буга чейин коомчулук жана саясатчылар тарабынан өзүнө айтылган сындардын баарын четке какты. Анын ою боюнча, аталган дирекцияда эч кандай 6 млрд. сом жоголгон эмес. Ал жөнүндө жөн гана депутаттар, саясатчылар ооз көптүрүп жатышат деп баса белгиледи. Россиядан келген 200 млн. доллар көлөмдө келген жардамдан да бир тыйын максатсыз пайдаланылбаганын кошумчалады. Ал эми курулган үйлөрдүн сапатына биринчи кезекте курулушчулар өздөрү жооп бериши керек деп "суудан кургак чыгууга" аракет кылды. "Үйлөргө кирген адамдар биринчи жылы эмес, төрт жылдан кийин үйдү карап, актап сырдашы керек эле да. Мен үй салуу үчүн келген гуманитардык жардамдарды ар бир мыгына чейин жооп берүүгө даярмын"- деп төшүн какты. Уурдалган миллиондор, сапаты начар курулган үйлөр ачык көрүнүп турса да ушунчалык танууга болобу? Кыскасы, Сатыбалдиев дирекцияны текшерген өкмөттүк, парламенттик комиссиялардын жыйынтыктарын жыйыштырып, алардын айткандарынын баары акылга сыйбай нерсе дегендей кеп кылды. Эмне демекчибиз, "Уруу тойгончо жеп, өлгөнчө карганат" дегенден башканы айткандан башка аргабыз жок. Бийлик болсо, Жантөрө мырзаны минтип коомчулуктун алдында өзүн "аппакай" көрсөтүп коюп, унчукпай тымпыйып олтурат. Жок дегенде, Президент Алмазбек Атамбаев үн катса боло?! Негизи, Сатыбалдиев мырза Кыргызстанда камалып жана акталып чыгып жаткан саясатчылардын эң алды болушу керек эле. Тилекке каршы, бул күндө: "бийлик мага кандай кызмат берет"-деп "майлуу" кызматка баруунун жолдорун издеп жүрөт. Жакынкы күндөрү кайсы бир кызматка же кайсы бир өлкөгө элчи болуп кетсе, ага деле таң калуунун кажети жок.


Жапаров дагы "оорулуу" экен
"Кумтөр Голд компани" ишканасынан өкмөттүн макулдугусуз "Центерра Голд" компаниясына 200 млн. долларды дивиденд катары мыйзамсыз которгон деп айыпталып, "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп камакка алынган "Кыргызалтын" ишканасынын мурдагы жетекчиси Дилгер Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси кийинки биринчи күнгө жылдырылды. Анын адвокаты Владислав Лужанский Жапаровду үй камагына чыгаруу өтүнүчүн келтирип, анда Дилгердин гипертониялык оорусу бар экени жана ал камакта жатканда саламаттыгы начарлашы мүмкүн экенин жүйөгө тарткан. Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп коюшуп, анан колу менен жасаганды мойну менен тарта турган болгондо, куландан соо туруп ооруп калган өнөр тапкан биздин чиновниктердеги оорудан Дилгер мырза да алыс эмес экен. Эми муну да Келдибековго окшотуп чыгарууга туура келеби?


жан алакетке түшүп...
Коррупциялык иштер боюнча айыпталып, Бишкек шаарынын Ленин райондук соту тарабынан бир топ мүлкү конфискацияланып, 11 жылга эркинен ажыратылган Нариман Түлеев "бүгүнкү күндө коорупционер деп камалгандардын баары акталып, мен эле камалып каламбы" деп жер сабап, кутулуунун жолун издеп катуу аракет көрүүдө. Сот депутат Ахматбек Келдибековдун баш коргоо чарасын өзгөрткөндөн кийин, Нариман Түлеев "мага деле үй камагына чыгууга эмнеге болбойт, мен деле ооруп жатам го" деген түр көргөзүүдө. Жакын күндөрү Наримандын тарапташтары дагы анын баш коргоо чарасын өзгөртүүнү талап кылып чыгышаары айтылууда. Эми Нариман абактан бошой турган болсо, бийликтин коррупционерлер менен күрөшкөнү жөн гана суу кечпеген былжырак экени айкын болот. Бирок бир караганда, эмнеге жалгыз Нариман гана абакта отурушу керек деген суроо жаралат.











??.??