Таң калтырган тажия

Жакында эле интернет булактарында Ноокат районундагы өлүк коюу зыйнаты көпчүлүктүн көңүлүн бурду. 100дөн ашык адам көчө жаңырта өкүрүп баратканы чынында кыргыз коомчулугун кооптондурууда. Бул тууралуу "Марал" радиосу иликтөө жүргүзгөн экен.
Интернет булактарындагы маалыматтарга таянсак, Кадыралы Кулмырзаев Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну болгон. 1997-жылы "Хизб-ут Тахрир" саясий партияга мүчө болуп, өз ишмердүүлүгүн баштаган. 2013-жылдын 15-февралында 8 жылга эркинен ажыратылып, 2014-жылдын 9-августунда абакканада көз жумган. Маркумду акыркы сапарга узатууга келгендер бул кишинин "шейит" болгонун айтышкан.
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун пикиринде, мындай акыркы сапарга узатуу учурунда кыйкыруулар шариятка туура келбейт, ошондой эле динин жана Мекенин коргоо учурунда каза тапкан адамды "шейит" десе болот.
"Мусулман адамдын динин, Мекенин коргоп согуш талаада өлсө гана "шейит" болот. Ошондой эле, зулум чегип зулумдан, төрөттөн өлгөн аял, "чума" оорусунан каза болгондорду да "шейит" сыңары дейт. Бирок шейиттин өкүмү аткарылбайт. Чыныгы шейит Кудайдын астында гана билинет. Андыктан бирөөнү анык "шейит" деп айтууда күнөөкөр да болуп калышы мүмкүн. Анан маркумду акыркы сапарга узатууда кыйкырып жатканы да туура эмес. Бул жерде башка бир саясий кызыкчылык бар сыяктуу", - дейт Чубак ажы.
Интернетте жарыяланган пикирлердин биринде маркумдун өлүмүнө тиешелүү деп акимдерди күнөөлөгөн. Буга байланыштуу Ноокен районунун акимине кайрылганыбызда, Абдырахман Осмонов каза болгон Кадыралы Кулмырзаевдин "Хизб-ут Тахрир" уюму менен байланышы бар деп, аталган уюмга тиешелүү видео-кассеталар табылып, анын негизинде камалганын, маркумдун жаназасына келген 100гө жакын адам Ноокен районунун тургандары эмес экенин билдирди.
"Учурда жергиликтүү тургундар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Мындай болуп кетерин эч ким билбей калган. Жерге берилээрге 10 мүнөттөй убакыт калганда жоон топ кирип келип, "Аллоху Акбар" деп кыйкырып башташкан. Жерге бергенден кийин кайрадан тарап кетишти. Бул жоон топ башка аймактардан келишти".
Бул видеого байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы Муфтият менен биргеликте профилактикалык иштерди жүргүзүп жаткандыгын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов маалымдады.
Maral.fm радиосу