"Эмгеги элдин эсинде"

Ала - Тоону этектеп жайгашкан ажарлуу айылыбыз мал киндиктүү, шаркырап аккан кадимки Түгөл Атанын суусунун боюнда жайгашкан Таш-Дөбө айылында туулуп өскөн Молдобеков Дөөлөтбай өзүнүн тубаса талантынын аркасында өз элине согуш мезгилинде эмгек өтөгөн. Ал Кыргыз СССРинин Жогорку советине үч жолку чакырылышынын депутаты жана эмгек Кызыл-Туу орденинин ээси болгон. Дөөлөтбайдын энеси 14 бала төрөгөн. Бирок алардын көбү чарчап калып, беш бир тууганы калган. Дөөлөтбайдын: Өтөр, Сатар, Садык бир туугандары согушка кеткен экен. 1942-жылы Өтөр деген бир тууганы Ригада каза болду деп кара кагаз келет. Бир тууган иниси Сапарбек азыр Таш-Дөбө айылында өмүр бою мугалимдик кесипте эмгектенип келген.
Азыр ардактуу пенсионер 86 жашта. Молдобеков Дөөлөтбайдын, Шааныке, Ибаке деген кыздары болгон. Шааныке азыр Кызарт совхозунда жашайт, быйыл 84 жашта. Ибаке азыр 74 жашта Балыкчы шаарында, экөө тең бала чакалуу.
Дөөлөтбайга согуш мезгилинде брон берилип согушка барбай калат. Таш-Дөбө башталгыч мектебин бүтүрөт. 1938-жылы "Кайырма" айылдык советинин председателдигине шайланат. Ал ошол кызматта 1942-жылга чейин иштеп, 1942-жылы колхозчулардын жалпы чогулушу тарабынан Таш-Дөбө айыл-чарба артелинин председателдигине шайланат. Согуштун каардуу күндөрүн башынан өткөрүп жаткан элдин оор турмушун көрүп, аларга тегиз көз салып, саан уй берип, райондун борбору Чаекке - эки жерге элди тамак-аш менен камсыз кылуу максатын көздөп, Турсунбай, Абдылда деген адамдардын короосуна жайкысын кымыз, айран, сүзмө, кышкысын нан жаптырып, жарма жасатып саттырып, элди ачарчылыктан сактап турган.
Карыя айылдаш адамдары ошол кезди төмөнкүчө эскеришет:
Адеп колхоз уюшулганда ортолоштуруу жүрүп, тоо-тоонун арасындагы коктуларда конуш алган элди бир жерге турукташтыруу жүрүп жаткан эле.
1924-жылы Таш-Дөбө айылына андагы Пишпектен бир шапке кийген орус шыпылдаган тилмеч бала келип, жогорку кыштактагы Муратбектин калың багына жыйналыш өткөргөн экен. Ал кишилерди Пишпекке байма-бай каттап, жаңыдан жыйналып келе жаткан зор окуялардан кабардар болгон, кадимки Малаке баатыр борбордон большевиктер партиясына мүчө болуп өтүп, ээрчитип барган экен. Кызыгы ошол орус киши жынсы шым кийип барганбы, эл аны кап көчүк келгендеги деген сөздөр айтылып, кээ бирлери Иван деген орус революционери деген сөздөр айтылып жүрдү.
Ошол чогулушта элдин социалдык абалын терең карап, Абдыкадыр, Акмат, Сарымсак баштаган бир тобун ВКП (б)га мүчөлүккө кабыл алып, партиялык уюм түзүп, ал эми жаш жеткинчектер, Дөөлөтбай, Мойнок, Осмон, Кадыркул, Кадыраалы Таштемирлерди комсомолго мүчө кылып түзүп кетет.
1941-жылы улуу Ата Мекендик согуш чыгып, райондогу жоокерлерди согушка мобилизациялоо жана уюштуруу иштери тапшырылып, Жумгалдан согушка кетип жаткан жоокерлерди Токмокко алып келип, ал жерден үч жолу согуш жүрүп жаткан жерлерге жөнөтүп турууга жардамдашып турган экен. Ошол Токмоктон Кайтым, Кадыр деген эки өзбек бир туугандарды жана Абитакун, Сабитакун, Керимакун деген уйгурларды ошондой эле Алиякбар деген казак жигит менен таанышып, алардын арабасы менен айылга алып келип, колхозго мүчө кылып киргизип иштетип койгон. Алар укмуштуудай формада кампа салдырган. Ал эми эгин сактоочу кампа кийин 60-жылдарга чейин кызмат кылды. Ал кампанын үстүндө бир да жыгач материалдар жок экендигин көрүп туруп таң калчубуз. Эски кишилер да айтып жүргөндүгүн укчу элек.
Таш-Дөбө айылы кара топурактуу кышы суусу кенен болгодуктан, кышкы тоютту мол камдап, кыштата жазгы сокого кошулуучу аттарды семиз кармап, жазында сокону ондон кем эмес соко чыгарып жер айдатчу. Жер айдоону эрте бүтүрүп, тоодогу Кең-Суу, Кашка-Суу, Кош-Булак, Кыркуу участкаларына арпа, беде айдатып, малга тоютту кенен камдап, түшүмдүүлүк боюнча жогору жетишкендик болгон.
Жайлоого чыкчу Көк-Мойнок деген белди араба менен трактор өтө турган жол салдырган. Согуштун оор күндөрүндө азык-түлүк, жылуу кийим жөнөтүлүп турган. Элдин социалдык абалын оңдоого чоң салым кошуп, айылга чакан мончо, акиташ бышыруучу жай салынган дешет. Молдобеков курулуш материалдарды тилдирүү үчүн, Кара-Кечеде даярдалып, аны ат араба менен ташып алдырып келип, жети жылдык мектеп курдурат. Жалаң колхозчулардын күчү менен курулуп, кечээ эле жетимишинчи жылы жаңы мектеп курулгуча кызмат кылды.
Айылдагы элдин жашоосуна ар убак көз салып, үйлөр, короолору аппак болуп акталып, короолордун акталган беттерине партиялык шыктандыруучу ураандары илинип турар эле. Өлкөгө жеңиш кубанычы менен мына ушундай күжүрмөн эмгеги үчүн Дөөлөтбайдын өмүрүнө кубаныч алып келген жогоруда айтып кеткен Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаттыгына үч жолу көрсөтүлгөн жана 1947-жылдан 1959-жылга чейин Совет колхозунда башкармасынын төрагасы болуп турганда, эмгек Кызыл-Туу ордени менен сыйланган. Мына ошол кездеги бир окуяны эске салып кетейин. Жумгалдын бөлөк чарбасында башкарма болуп жүргөн маркум Караев Шейшенбек мындай эскерип айтып калучу эле.
1953-жылдын кышы Жумгалда узакка созулган жут болуп, мал көп чыгымга учурап, районго ЦКнын биринчи секретары И.Раззаков жана Обкомдун биринчи секретары бюро жана актив болуп жетекчи калган эмес. Коркуп олтурат элек. Бир убакта эле коңурук чыгып калды. Коркуп олтуруп эки жакты карасак, Дөөлөтбай биринчи катарда олтуруп бутту сунуп уктап калыптыр. Чындыгында көкүрөгүндө депутаттык значогу бар жетекчинин жоругу осол эле. Бирок Раззаков тынымга токтоп, Иманалиев райком Исабаев менен сүйлөшүп калды. Көрсө, алардан маалымат алса керек. Анткени ал иштеген жеринде анчалык чыгым жок, көрсөткүчтөрү дагы жакшы болчу. Ошондо Разаков, - Дөөлөтбайды көрсөтүп, ортоктор мына түн тыным албай иштеген башкарма экени көрүнүп турат. Ойготпогула десе болобу деп, бейиши болгур Шейшенбек Караев айтып калуучу.
Чындыгында Дөөлөтбай тынымсыз иштеген, жаз, жай, күздө болобу эртең менен эл турганча талааны бир сыйра ат минип алып кыдырып келип, күзүндө кырманга жатып, кышында сокого байланган аттарды өзү текшерип, анан ошого жараша чара колдончу экен. Бул Дөөлөтбай жөнүндө эски адамдар айтып олтурса сөз арбын.
Бирок ушул чарбада иштеп туруп, чарба алдыңкы орунга чыгып, өсүп-өнүгүү жолунда турганда, Тянь-Шань обкомунун биринчи секретары Исаевдин планды ашык аткарууга карата көрсөтмө берилип, кийин кошуп жазылганы билинип калып, обкомдун биринчи секретары баш болуп, бардык райондун чарба жетекчилери катуу жаза алып, кызматтарынан кетишкенде, кайран киши бул иштен мен дагы куру калган эмесмин деп арызын жазып берип бошоп кетет.
Өз айылына келип, жылкы ферма болуп иштейт. Андан кийин бийлик менин бешенеме жазылган эмес деп болбой, жылкычылыкты бергиле деп ошол түйшүктүү иш менен, өкмөт менен партиянын элдин алдында абийиримди сактайын деп өмүрүнүн аягына чейин 68 жашына чейин иш менен алек болуп жүрүп, 73 жашында көзү өтүп кетти. Катагандын ичинен "Кабыл" уулунун кадырлуу уулу Дөөлөтбай пенсиясын жөнөкөй гана эл катары алчу. Ойго келесиң, бүгүнкү күндө убагында бийликте туруп, алдым-жуттумдугунан кызматынан алынып, бирок баягы эле бийлик-байлык эсинен кетпей, дароо оппозициянын таза эмес булганыч жолуна түшүп, негизсиз дооматтарды өкмөткө коюп, абийирин ача турган дос тамыр жана акчага алданган ак сакалдуу абышкаларды, ак жоолук салынган жашы алтымыштан ашып калган апаларды алып чыгып жол тосуп, пикет уюштурган эр-азаматтар элди оор турмуштан, бүгүнкү күнгө жеткирген эрендерибиздин эмгегинен кабары болбогондугубу деп "Өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин" деп Аалы Токомбаев эскерткендей, Дөөлөтбай ата сыяктуу элге зор эмгек өтөгөн адамдар ушул жолдошторго сабак болсо деген ниетте эскерүүгө туура келип олтурат.
Абылабек Бердикеев Эмгектин ардагери: Кыргызстандагы аксакалдар кеңешинин кеңешчиси